2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө
Айыл чарба продукциясынын рыногун өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программа, 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- Иш-чаралар планын аткарууга алышсын;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев