КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июлундагы № 395 токтому

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө 

2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.

 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча): 

-   бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүн камсыздоо боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыгышсын; 

-   2017-жылга макроэкономикалык болжолду камсыздоо максатында төмөнкүдөй багыттар боюнча чараларды сапаттуу ишке ашырууга көңүл бурушсун: Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүгүн, ошондой эле Преференциялардын плюс жалпы системасынын (ПЖС+) бенефициарынын статусунун артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануу; ишкерликти интенсивдүү өнүктүрүүнү жана региондордун аймактарын инвестициялоону чектөөчү административдик тоскоолдуктарды четтетүү; импортко болгон көз карандылыкты азайтуу максатында өндүрүштүк кубаттуулуктарды кайра жабдуу жана модернизациялоо; энергияны үнөмдөөгө дем берүү үчүн шарттарды түзүү; 

-   2017-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына ай сайын мониторинг жүргүзүп турушсун; 

-   2017-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен берип турушсун. 

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирдикте төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:

 -   иштетүүчү өнөр жайга, күнөскана чарбаларынын тармагын жана тамчылатып сугаруу системасын кеңейтүүгө жаңы технологияларды тартуу; 

-   экспортко багытталган айыл чарба продукциясы үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү. 

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: 

-   Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин жана 2018-2019-жылдарга болжолунун долбоорун түзүүдө 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн бекитилген макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн негиз катары алсын;

 -   бюджеттик тартипти күчөтүү, бюджеттин тең салмактуулугун камсыздоо, мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун контролдоо боюнча чараларды иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын; 

-   мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чыгаша бөлүктөрүн талдоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзсүн жана ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча сунуштамаларды камтыган аналитикалык отчетту киргизип турсун. 

5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын квартал сайын жалпыласын жана 2017-жылы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндө маалыматты отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

 6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 “Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” токтому;

 -   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-августундагы № 597 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 “Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому. 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. 8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Премьер-министр            С.Ш.Жээнбеков