КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 392 токтому

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасы, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борбору  жана Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча Кыргыз мал чарба жана жайыт илим -изилдөө институту ортосундагы өз ара түшүнүшү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2 – бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына  ылайык, ички мамлекеттик жол – жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1.Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

 - «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасы, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борбору  жана Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча Кыргыз мал чарба жана жайыт илим -изилдөө институту ортосундагы өз ара түшүнүшү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасы, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борбору  жана Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча Кыргыз мал чарба жана жайыт илим -изилдөө институту ортосундагы өз ара түшүнүшү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу 

2.Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жөнөтүлсүн. 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун, шашылыш катары,  кезексиз тартипте кароого өтүнсүн.

 4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 Премьер – министр                                                                                С. Жээнбеков