КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 534 “Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффиценттерди эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  24-августундагы №534 “Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффиценттерди эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартибинде:

- 2-пунктунда:

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

“- инвестициялык портфель – белгилүү датага карата ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын каражаттарынан банктар тарабынан берилген ипотекалык кредиттер боюнча карыздардын калдыгынын жыйындысы;”;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“- эсептешүү мезгили – эсептешүү операциялары жүргүзүлгөн мөөнөткө барабар болгон убакыт аралыгы (12 айдан ашпаган);”;

- 3-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

“31. Инвесторлордун финансылык каражаттарынан берилүүчү мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча акыркы пайыздык ставкасынын өлчөмү рыноктук конъюнктураны, жооптуу каржылоонун принциптерин жана турак жайды каржылоодогу алдынкы тажрыйбаны эске алуу менен кол коюлган келишимдин шарттарына ылайык белгиленет.”;

- 4-пунктунун экинчи абзацындагы “+К3” деген коэффициент алып салынсын;

- 5-пунктунун алтынчы, жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Р – эмиссияга жана ипотекалык баалуу кагаздарды жайгаштырууга чыгымдарды (жылдык %) эске алуу менен эсептешүү мезгилиндеги ыйгарым укуктуу органдын операциялык чыгымдарынын деңгээли, аны ыйгарым укуктуу орган төмөнкү формулага жараша белгилейт:

Р = эсептик жылдагы пландуу сарптоолор / эсептешүү мезгилиндеги ыйгарым укуктуу органдын орточо инвестициялык портфели;

Д – инфляциянын болжолдуу деңгээлин эске алуу менен ыйгарым укуктуу органдын эсептешүү мезгилиндеги инвестициялык портфелинин кирешелүүлүгүнүн орточо пландуу деңгээли, ал ыйгарым укуктуу орган тарабынан каржылоо булактары боюнча белгиленет (жылдык % менен);”;

- 6-пунктунун биринчи абзацы “кредит боюнча” деген сөздөрдөн кийин “Жеңилдетилген ипотека” багытындагы” деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пунктунун биринчи абзацындагы “Жеке турак үй” деген сөздөр “Жеңилдетилген ипотека” багытындагы жеке турак үй” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

“71. “Жеткиликтүү ипотека” багытында берилүүчү мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 20%дан жогору төлөгөн учурда К2 коэффициентинин төмөнкүдөй маанилери пайдаланылат:

0,4 – жеке турак үйдү куруу мезгилинде;

0,1 – жеке турак үйдүн курулушу аяктагандан кийинки мезгилде жана даяр турак жайды сатып алуу үчүн.”;

- 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“9. Ипотекалык кредиттер боюнча К1 коэффициентин эсептөөдө төмөнкүдөй көрсөткүчтөр эске алынат:

         - тартылган ресурстардын наркы – жылдык 2 %;

         - өнөктөш банктын маржасы – жылдык 3 %;

         - ыйгарым укуктуу органдын операциялык чыгымдарынын деңгээли – жылдык 0,4 %;

        - ыйгарым укуктуу органдын инвестициялык портфелинин кирешелүүлүгүнүн пландуу деңгээли – жылдык 0,6%;

-         субсидиялоо – 0 %.

К1 = (2 % + 3 % + 0,4 % + 0,6 % - 0 %) / 10 % = 0,6”;

-       10-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“К * Б = (К1 + К2) * 10 % = (0,6 + 0,1) * 10 % = жылдык 7 %.”.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                    М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу