КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-июнундагы № 358 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин  инвентаризациялоонун, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүүнүн алкагында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери тиркелген тизмекке ылайык күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                   С.Ш.Жээнбеков