КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 22-июнундагы № 346 токтому

2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын сапат улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасында сапат инфраструктурасын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын жүзөгө ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. 2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын сапат улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө 2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын сапат улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

Премьер-министр                                                                        С.Ш.Жээнбеков