КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 17-июнундагы № 328 токтому

Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңешти түзүү жөнүндө

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча ишти координациялоону камсыз кылуу максаттарында, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш түзүлсүн. 

2. Кыргыз Республикасында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө жободо: 

- 11-пунктунда: 

- 11-пунктунун үчүнчү - алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

 - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

 - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; 

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин директору. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.  

Премьер-министр                                                              С.Ш. Жээнбеков