КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 14-июнундагы № 312 токтому

Кыргыз Республикасынын асыл тукум иштери субъекттерине асыл-тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө

  Республиканын асыл-тукум мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүү, генетикалык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 «Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- мамлекеттик изилдөөдөн жана кайра изилдөөдөн өткөн асыл-тукум заводдорунун тизмеси 1-тиркемеге ылайык;

 - мамлекеттик изилдөөдөн жана кайра изилдөөдөн өткөн асыл-тукум фермалардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык. 

2. «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна асыл-тукум заводу жана асыл-тукум фермасы статусу ыйгарылган чарба субъекттерине мамлекеттик долбоорлордун алкагында узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредиттерди биринчи кезекте берүү сунушталсын. 

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 285 «2010-жылы аттестациядан жана кайра аттестациядан өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын асыл-тукум заводдорунун, чарбаларынын жана фермаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 42 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 285 «2010-жылы аттестациядан жана кайра аттестациядан өткөн Кыргыз Республикасынын асыл-тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Премьер-министр                                                            С.Ш.Жээнбеков