КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 3-июнундагы № 295 токтому

2016-2017-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. 2016-2017-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмеси жана кабыл алуу көлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: 

- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына карата мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2016-2017-окуу жылына кабыл алуу планын бекитсин; 

- 2016-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын жогорку окуу жайлары боюнча мамлекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жалпылоочу отчет берсин. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн. 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков