КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-апрелиндеги № 228 токтому

Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө 

Салык отчетун берүү тартибин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI - 100) формасы 1-тиркемеге ылайык;

 - Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 100) толтуруу тартиби 2-тиркемеге ылайык;

 - Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI - 101) формасы 3-тиркемеге ылайык; 

- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 101) толтуруу тартиби 4-тиркемеге ылайык;

 - Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI - 102) формасы 5-тиркемеге ылайык;

 - Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 102) толтуруу тартиби 6-тиркемеге ылайык;

 - Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (жөнөкөйлөтүлгөн) (FORM STI - 103) формасы 7-тиркемеге ылайык;

 - Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 103) толтуруу тартиби 8-тиркемеге ылайык. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 “Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                     С.Ш.Жээнбеков