КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 31-майындагы № 286 токтому

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын  генерал-майору Ж.Ш.Шабиров  атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамагын уюштуруу жана тамак берүүнү тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучулары үчүн тамак-аштын суткалык ченеми тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

 - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучулары үчүн тамак-аш ченемдерин камсыздоого кошумча каражаттарды издештирсин; 

- «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

    Премьер-министр                                                          С.Ш.Жээнбеков