Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салык отчетунун формаларын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 “Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда: төртүнчү абзац “аны толтуруу” деген сөздөрдөн кийин “жана берүү” деген сөздөр менен толукталсын; он биринчи абзац “аны толтуруунун” деген сөздөрдөн кийин “жана берүүнүн” деген сөздөр менен толукталсын; жыйырма үчүнчү абзац “аны толтуруунун” деген сөздөрдөн кийин “жана берүүнүн” деген сөздөр менен толукталсын; жыйырма төртүнчү абзац “аны толтуруунун” деген сөздөрдөн кийин “жана берүүнүн” деген сөздөр менен толукталсын; жыйырма бешинчи абзац “аны толтуруунун” деген сөздөрдөн кийин “жана берүүнүн” деген сөздөр менен толукталсын; жыйырма тогузунчу абзацтагы “текшерүү актысы (FORM STI - 035).” деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар “текшерүү актысы (FORM STI - 035);” деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын:
“- пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча бонусту эсептөө (FORM STI - 142) жана аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби.”;
- токтом төмөнкүлөр менен толукталсын: ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык пайдалуу казындылардын кендерин геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча бонусту эсептөөнүн (FORM STI - 142) формасы; ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык Пайдалуу казындылардын кендерин геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча бонусту эсептөөнүн (FORM STI - 142) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартиби;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет элдик уюмдун кирешелерине салык боюнча отчеттун (FORM STI - 106) формасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет элдик уюмдун кирешелерине салык боюнча отчеттун (FORM STI - 106) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартиби ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөнү (FORM STI - 107) толтуруунун жана берүүнүн тартибинде: аталышындагы “суммасы боюнча отчетту (FORM STI - 107) толтуруунун” деген сөздөр “суммасын эсептөөнү (FORM STI - 107) толтуруунун жана берүүнүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ушул тартип Пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөнүн (FORM STI - 107) формасын толтуруунун жана берүүнүн эрежесин аныктайт.”;
- 3-пункт “суммасынын эсеби” деген сөздөрдөн кийин (мындан ары - Эсептөө) деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-главанын аталышындагы “Отчетту” деген сөз “Эсептөөнү” деген сөз менен алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын:
“21. 901-уячада салык органы Эсептөөнү кабыл алган дата көрсөтүлөт.
22. 902-уячада Эсептөөнү кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-глава менен толукталсын:
“3. Эсептөөнү берүү тартиби
23. Эсептөө кагаз жүзүндө баруу тартибинде, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык кат түрүндө почта аркылуу, ошондой эле электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
24. Эсептөө баруу тартибинде берилген учурда, Эсептөө эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.
25. Эсептөө почта аркылуу берилген учурда, Эсептөө эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органына заказдык кат менен кайра кабарлоо аркылуу жиберилет. Эсептөө заказдык кат менен почта аркылуу берилген дата болуп кайра кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жиберилген дата саналат. Эсептөө тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Эсептөөнү кабыл алган салык органынын кызматкери экинчи нускада Эсептөөнүн 901 жана 902-уячаларын толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калуучу Эсептөөнүн биринчи нускасында 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.
26. Эсептөө электрондук түрдө берилген учурда, салык төлөөчү салык органынын салык отчетун электрондук түрдө алгандыгы жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эсептөө электрондук түрдө берилген учурда Эсептөөнүн 901 жана 902-уячалары толтурулбайт.”;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө отчеттун формасын (FORM STI-059) толтуруунун жана берүүнүн тартибинде: - аталышындагы “отчеттун формасын (FORM STI-059) толтуруунун” деген сөздөр “отчеттун (FORM STI-059) формасын толтуруунун жана берүүнүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы “толтуруу тартибин” деген сөздөр “толтуруунун жана берүүнүн эрежесин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 5-глава менен толукталсын:
“5. Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө отчетту (FORM STI-059) берүүнүн тартиби
29. Отчет кагаз жүзүндө баруу тартибинде, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык кат түрүндө почта аркылуу, ошондой эле электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
30. Отчет баруу тартибинде берилген учурда, Отчет эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
31. Отчет почта аркылуу берилген учурда, Отчет эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органына заказдык кат менен кайра кабарлоо аркылуу жиберилет. Отчет заказдык кат менен почта аркылуу берилген дата болуп кайра кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жиберилген дата саналат. Отчет тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Отчетту кабыл алган салык органынын кызматкери экинчи нускада Отчеттун 901 жана 902-уячаларын толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калуучу Отчеттун биринчи нускасында 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.
32. Отчет электрондук түрдө берилген учурда, салык төлөөчү салык органынын салык отчетун электрондук түрдө алгандыгы жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Отчет электрондук түрдө берилген учурда Отчеттун 901 жана 902-уячалары толтурулбайт.”;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешенин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-017) формасы ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешенин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-017) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартиби ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммасы жөнүндө маалыматтын (FORM SТI-058) формасы ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммасы жөнүндө маалыматтын (FORM SТI-058) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартиби ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 “Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы “аны толтуруу” деген сөздөн кийин “жана берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын толтуруу жана берүү тартибинде (FORM STI-108):
- аталышындагы “толтуруу” деген сөз “толтуруу жана берүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы “толтуруу тартибин” деген сөздөр “толтуруу жана берүү эрежесин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 9-пункту алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-глава менен толукталсын:
“5. Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетту берүү тартиби 43. Отчет кагаз жүзүндө баруу тартибинде, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык кат түрүндө почта аркылуу, ошондой эле электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
44. Отчет баруу тартибинде берилген учурда, Отчет эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
45. Отчет почта аркылуу берилген учурда, Отчет эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органына заказдык кат менен кайра кабарлоо аркылуу жиберилет. Отчет заказдык кат менен почта аркылуу берилген дата болуп кайра кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жиберилген дата саналат. Отчет тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Отчетту кабыл алган салык органынын кызматкери экинчи нускада Отчеттун 901 жана 902-уячаларын толтурат жана салык органынын штампын коёт Салык төлөөчүдө калуучу Отчеттун биринчи нускасында 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.
46. Отчет электрондук түрдө берилген учурда, салык төлөөчү салык органынын салык отчетун электрондук түрдө алгандыгы жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Отчет электрондук түрдө берилген учурда Отчеттун 901 жана 902-уячалары толтурулбайт.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 “Отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчетту (FORM STI-132, FORM STI-133, FORM STI-134) толтуруу жана тапшыруу тартибинде:
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“27. Отчеттун 050, 060, 070, 080-уячаларында төмөнкүдөй тартипте аныкталган өздүк эсептердин орточо саны көрсөтүлөт:
- 050-уячада - тиркеменин 150, 200 жана 250-уячаларынын 3 айга бөлүнгөн маанилеринин суммасы;
- 060-уячада - тиркеменин 160, 210 жана 260-уячаларынын 3 айга бөлүнгөн маанилеринин суммасы;
- 070-уячада - тиркеменин 170, 220 жана 270-уячаларынын 3 айга бөлүнгөн маанилеринин суммасы;
- 080-уячада - тиркеменин 180, 230 жана 280-уячаларынын 3 айга бөлүнгөн маанилеринин суммасы. Мында 050, 060, 070 жана 080-уячалардын мааниси толук цифрага чейин тегеректөө менен көрсөтүлөт.”;
- 37-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “37. 090-уячада отчеттун 050, 060, 070 жана 080-уячаларынын маанисинин суммасы көрсөтүлөт. Отчеттун 091, 092, 093, 094, 095, 096, 097, 098 жана 099-уячаларынын “Жыйынтык” сабында төмөнкү тиркемелерде көрсөтүлгөн жыйынтык суммалар көрсөтүлөт:
- 091-уячада - тиркеменин 191, 241 жана 291-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 092-уячада - тиркеменин 192, 242 жана 292-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 093-уячада - тиркеменин 193, 243 жана 293-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 094-уячада - тиркеменин 194, 244 жана 294-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 095-уячада - тиркеменин 195, 245 жана 295-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 096-уячада - тиркеменин 196, 246 жана 296-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 097-уячада - тиркеменин 197, 247 жана 297-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 098-уячада - тиркеменин 198, 248 жана 298-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 099-уячада - тиркеменин 199, 249 жана 299-уячаларынын маанилеринин суммасы.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков