КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 18 майындагы № 264 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарга (Акчаларды адалдоо менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) сунуштамалары) ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2012-жылдын 28-майындагы № 324 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 1, 2 жана 3-пункттардагы «Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)» деген сөздөр «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого» деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жободо: - аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобо»; 

- бүткүл текст боюнча «ТЭК/КЛАКА» аббревиатурасы «ККЛ/ТЭИК/МККТКК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

 - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча, ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча (мындан ары – ККЛ/ТЭИК/МККТКК) макулдашылган аракеттерин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында иштөөчү консультациялык-кеңешме жана координациялык орган болуп саналат.»;

 - 4-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «1) ККЛ/ТЭИК/МККТКК чөйрөсүндө макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу;»; - 5-пунктта:

 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«2) Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун), террористтик же экстремисттик ишти каржылоонун жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоонун табылган опурталдарынын негизинде ККЛ/ТЭИК/МККТКК боюнча мамлекеттик стратегияны (саясатты) даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иштерди уюштуруу;»;

 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«6) даярдалып жана өткөрүлүп берилген жалпыланган материалдар жөнүндө Финансылык чалгындоонун маалыматтарын, ошондой эле Финансылык чалгындоодон алынган жалпыланган материалдардын ишке ашырылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын маалыматтарын карап чыгуу;»; 

төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пунктчалар менен толукталсын:

 «8) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча маалымат берүүчү жактарды текшерүүнү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөөчү (контролдоочу) органдарынын маалыматтарын карап чыгуу; 

9) Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик же экстремисттик ишти каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо опурталдарына баалоо жүргүзүү жана координациялоо жөнүндө, ошондой эле ушул баалоолордун жыйынтыктары жөнүндө отчётторду жактыруу жана жарыялоо тууралуу  чечимдерди кабыл алуу.»; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча комиссиянын курамында: 

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын курамы»; 

- алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын; 

- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору;»;

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу-усулдук борборунун уставында:

 - 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ОУБдун уюштуруучусу болуп саналат. Финансылык чалгындоо ОУБга негизги жана жүгүртүү каражаттарын, ошондой эле ОУБдун өзүнүн балансында көрсөтүлгөн ОУБдун мүлкүн түзгөн башка материалдык баалуулуктарды оперативдүү башкаруу укугунда берет.». 

- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«9. ОУБдун негизги милдеттери төмөнкүлөр болот: 

1) кызматкерлерди, маалымат берүүчү адамдарды, Финансылык чалгындоонун, көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлерин, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо боюнча кылмыш иштерин иликтөө жана кароо менен иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана сотторду жана башка кызыкдар адамдарды (тийиштүү келишимдерди түзүүдө) (мындан ары - окуучуларды) окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу; 

2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү (мындан ары – ККЛ/ТЭИКК) чөйрөсүндө билим берүү ишин, адистерди окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү жана андан ары өнүктүрүү.»;

 - бүткүл текст боюнча «ТЭК/КЛАКА» аббревиатурасы «ККЛ/ТЭИКК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын; 

- 13-пунктта:

 биринчи абзацта «менеджеринен,» деген сөз алып салынсын; экинчи абзацтагы «менеджери, методисти,» деген сөздөр «методисти» деген сөз менен алмаштырылсын; төртүнчү абзац «Финансылык чалгындоонун,» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 30-пунктта «Финансылык чалгындоонун буйругу менен» деген сөздөр «ОУБ чечими менен» деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                     С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу