КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 17 майындагы № 259 токтому

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7- декабрындагы № 804 “Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Басма ишмердүүлүгү чөйрөсүндө укуктук-ченемдер базасын ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 “Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 - преамбуладагы “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын” деген сөздөр “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө”, “Басма иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 1- пункттагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына” деген сөз менен алмаштырылсын;

 2- пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“2. Ушул токтомдун жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.”;

 - жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

 - жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 - жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:

 аталышында жана бардык текстинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасы” деген сөздөрдү ар түрдүү жөндөмөлөрдө “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы” деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрү менен алмаштырылсын;

 4-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин маданият департаменти” деген сөздөрдү “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн кийин он күндүн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                     С.Ш.Жээнбеков

Тиркеме