КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 апрелиндеги № 192 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасы жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциалык майзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасы (мындан ары-Программа), 1-тиркемеге ыйлайык;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасын аткаруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары–Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык. 

2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийнки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун. 

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: 

- акча каражатын тапсын жана “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин аталган Программаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча каржыласын;

 - ушул Программаны ишке ашырууга финансылык каражатын караштыруу менен “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин. 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын. 

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                            Т.А. Сариев