КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 майындагы № 239 токтому

Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин  ишинин маселелери жөнүндө

Камсыздандыруу брокерлеринин ишин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 “Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо: 

- бүткүл текст боюнча: “(жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдары үчүн)” деген сөздөр алып салынсын;

 “(жаңы түзүлгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары үчүн)” деген сөздөр алып салынсын;

 - 4- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“4. Лицензия алууга арыз 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада жазуу жүзүндө берилет. Ушул Убактылуу жобонун 2-пунктунда аталган иштин түрлөрүн ишке ашырууга лицензия 2-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча берилет.”; 

- расмий тилдеги тексттин 31-пунктунда:

 “(жаңы түзүлгөн камсыздандыруу уюмдарында директорлор кеңеши бар болсо)” деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

“- камсыздандыруунун шарттары (эрежелери);”;

 - төмөнкүдөй мазмундагы 81-глава менен толукталсын:

“81. Камсыздандыруу брокерлеринин ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү

321. Камсыздандыруу брокерлеринин ишине берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.

 322. Камсыздандыруу брокерлеринин лицензияланган иши камсыздандырылуучунун же камсыздандыруучунун тапшырмасынын негизинде өзүнүн атынан камсыздандыруу боюнча ортомчулук ишти жүзөгө ашырууга байланышкан. 

323. Камсыздандыруу брокеринин ишине лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:

 - белгиленген формадагы арыз;

 - юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү; 

- арызды кароо жана лицензияны берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;

 - уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, камсыздандыруу брокеринин уставынын, уюмдаштыруучулардын уставды кабыл алуу жана камсыздандыруу брокеринин башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү; 

- уставдык капиталдын төлөнгөн өлчөмү жөнүндө маалымкат; 

- ар бир адамдын аты-жөнүн жана жашаган дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу брокеринин  кызмат адамдарынын тизмеси жана алардын квалификациялык талаптарда белгиленген деңгээлдерге шайкештигин ырастаган документтер; 

- башкы бухгалтердин билим деңгээлин ырастаган документтер, эмгек китепчеси жана башкы бухгалтердик кызмат ордуна карата коюлган квалификациялык талаптардын деңгээлине квалификациясынын ылайык келерин ырастаган документтер; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу брокерин түзүүгө чет өлкөлүк компаниянын катышуусу жөнүндө анын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк компания үчүн);

 - бул чет өлкөлүк компаниянын - уюмдаштыруучунун ошол мамлекетте юридикалык жак катары катталгандыгы жана брокердик ишинин түрлөрүн көрсөтүү, ошондой эле акыркы үч жылда жарыяланган балансты жана аудитордук корутундуну (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн) берүү менен брокердик ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жөнүндө чет мамлекеттин тийиштүү ыйгарым укуктуу органынын белгиленген тартипте легалдаштырылган жазуу жүзүндөгү ырастоосу.”;

 - жогоруда аталган Убактылуу жобонун тиркемеси 2-тиркемеге ылайык редакцияда 1 жана 2-тиркемелер менен алмаштырылсын.

 3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 тиркеме

Премьер-министр                                                 С.Ш.Жээнбеков