Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 304-беренесине, “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 148-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
аталышы “135” деген цифралардан кийин “, 148” деген цифралар менен толукталсын; 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускаманын 7-главасы 2017-жылдын 1-майына чейин колдонулары белгиленсин.”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускамада:
- 1-пункт “мамлекеттин пайдасына баш тартуу” деген сөздөрдөн кийин “;
алымсыз соода” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-глава менен толукталсын:
“7. Алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна товарларды коюунун жана алымсыз соода дүкөнүн уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
162. Алымсыз соода – товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан чыгып жаткан жеке жактарга, ошондой эле чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, аларга тең эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, консулдук уюмдарга, ошондой эле дипломатиялык агенттерге, консулдук кызмат адамдарына жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн жана тарифтик эмес чараларды колдонбостон, алымсыз соода дүкөндөрүндө чекене сатуу жүргүзүлгөн бажы жол-жобосу.
163. Алымсыз соода дүкөндөрү мындай дүкөндөрдө товарларды алууга укугу бар жактарга жараша төмөнкүдөй бөлүнөт:
- Бажы бирлигинин аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан жеке жактарга товарларды сатуучу алымсыз соода дүкөндөрү;
- товарларды чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, чет мамлекеттердин консулдук мекемелерине, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана аларга тең өкүлчүлүктөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө сатуучу алымсыз соода дүкөндөрү.
164. Алымсыз соода дүкөнүнө ээлик кылуучу катары (мындан ары – дүкөндүн ээси) иштөөгө Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизилген ата мекендик юридикалык жактарга жол берилет.
165. Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алымсыз соода бажы жол-жобосуна коюуга тыюу салынган товарларды алымсыз соода дүкөндөрүндө сатууга жол берилбейт.
§ 1. Алымсыз соода дүкөнүнүн жайгашышын, ыңгайлаштырылуусун жана жабдылышын уюштуруу жана аларга карата талаптар
166. Алымсыз соода дүкөндөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында жана чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөр, чет мамлекеттердин консулдук мекемелери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жана аларга тең өкүлчүлүктөр жайгашкан өткөрмө пункттарында жана шаарларда ачылышы мүмкүн.
167. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттардагы алымсыз соода дүкөнүнүн жайгашкан орду анын ээси - Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга тийиш.
168. Дипломатиялык корпус үчүн алымсыз соода дүкөнүнүн турган орду жана дипломатиялык корпус үчүн алымсыз соода дүкөнүн ачуу зарылдыгы тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
169. Алымсыз соода дүкөнүнүн жайы бажы контролунун зонасы болуп саналат. Алымсыз соода дүкөнүнүн жайлары соода залдарынан, көмөкчү жайлардан, кампалардан турушу мүмкүн.
170. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн жайларын ыңгайлаштыруу жана жабдуу төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
- жайлар товарларды сатуу алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдарында гана жүргүзүүнү, ошондой эле товарлардын сакталышын жана аларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай таризде жабдылууга тийиш;
- алымсыз соода дүкөндөрүнүн көмөкчү жайлары жана кампа бул жайларда турган товарларга тиешеси жок жактар (алымсыз соода дүкөнүнүн жумушчулары болуп эсептелбеген, товарларга карата укукка ээ эмес же болбосо укукка ээ жактардын өкүлү болуп эсептелбеген жактар) жетпегидей, ошондой эле аталган жайларга бажылык идентификациялоо каражаттарын коюу мүмкүндүгүн камсыздоо менен ыңгайлаштырылышы жана жабдылышы керек. - алымсыз соода дүкөнүнүн кампасы болуп жайлар гана эсептелет. Алымсыз соода дүкөнүнүн кампасы катары ачык аянттарды колдонууга жол берилбейт. Алымсыз соода дүкөнүнүн кампасында алымсыз соода дүкөнүндөгү сатууга болжолдонуп жаткан товарларды таразага тартуу мүмкүндүгүн камсыз кылуучу таразага тартуунун ар кандай чектери бар таразалар менен жабдылышы керек;
- алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна берилбеген товарларды сактоо жана сатуу үчүн соода залдарын, көмөкчү жайларды жана дүкөндүн кампаларын пайдаланууга жол берилбейт;
- алымсыз соода дүкөндөрүнүн жайларында акыркы отуз календарлык күндүн ичинде болуп өткөн окуялар жөнүндө видео маалыматтарды көрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү, күнү-түнү иштеген режимдеги видео байкоолордун болушу.
§2. Товарларды алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна жайгаштыруунун жана алымсыз сооданын бажы жол-жобосунун аракетин аяктоонун тартиби
171. Алымсыз соода дүкөнүндө чет өлкөлүк жана ата мекендик товарлардын сатылуусу мүмкүн, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө, Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары ташып чыгууга тыюу салынган товарлар;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган товарлар;
- алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна коюулууга тийиш эмес товарлар.
172. Алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна үчүнчү өлкөлөрдөн, эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташылып келген чет өлкөлүк товарлар, ошондой эле төмөнкүдөй бажы жол-жоболорунда мурда жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар жайгаштырылуусу мүмкүн: - эркин кампасы;
- бажы кампасы.
173. Алымсыз соода дүкөндөрүнө товарларды үчүнчү өлкөлөрдөн, эркин экономикалык зоналардын аймагынан, эркин кампалардан жана бажы кампаларынан ташып келүү бажы контролу менен жүргүзүлөт.
174. Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча алымсыз соода дүкөндөрүнө жайгаштырууга арналган чет өлкөлүк товарларды алып өтүү “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинин жоболоруна ылайык бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен жүргүзүлөт.
175. Сатуу үчүн алымсыз соода дүкөндөрүнө жеткирилген Бажы бирлигинин товарлары алардын келип чыгышы жөнүндө документтердин негизинде алымсыз сооданын бажы жол-жобосунда жайгаштырылат.
176. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген чет өлкөлүк товарларга ээлик кылган жана/же пайдаланган жактар жана бажы иши жаатында иш жүргүзгөн жактар тарабынан бажы органдарына отчёт берүү формасынын “Г” формасы боюнча отчёт берет.
177. Алымсыз сооданын бажы жол-жобосунун аракети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 305-беренесине ылайык аяктайт.
§ 4. Алымсыз соода дүкөнүндө товарларды сатуунун тартиби
178. Алымсыз соода дүкөндөрүндө товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, АКШ долларында жана/ же евро менен чекене баада сатылат жана көрүнүктүү жерге коюлат.
179. Товардын сатылган фактысын ырастоочу документ болуп сатып алуучуга берилүүчү чек (кассалык чек) жана алымсыз соода дүкөнүндө сакталууга тийиш болгон анын көчүрмөсү саналат.
180. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматтардан тышкары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттарындагы алымсыз соода дүкөндөрүндө берилүүчү чектер (кассалык чектер) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин аталышын, анын юридикалык дарегин;
- товар алымсыз соода дүкөнүндө сатылгандыгы жөнүндө маалыматтар;
- чектин номери (кассалык чектин) – ар бир календардык жылдын 1-январынан тартып өсүүчү тартипте берилүүчү номер;
- сатылган товарлар жөнүндө маалымат (аталышы, саны, бирдиктин наркы, жалпы наркы) жана алымсыз соода дүкөнүндө колдонулуучу каттоо системасы боюнча товарлардын номери;
- сатып алуучунун аты-жөнү, чет өлкөгө чыгуу үчүн документтин номери (эгерде конуу талонуна бир нече жактар киргизилген болсо);
- авиакаттамдын номери (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттарындагы алымсыз соода дүкөндөрү үчүн гана);
- сатуу датасы.
181. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматтардан тышкары дипломатиялык корпусту тейлөө боюнча алымсыз соода дүкөндөрү тарабынан берилүүчү чектер (кассалык чектер) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин аталышын, анын юридикалык дарегин;
- товар алымсыз соода дүкөнүндө сатылгандыгы жөнүндө маалыматтар;
- чектин номери (кассалык чектин) – ар бир календарлык жылдын 1-январынан тартып өсүүчү тартипте берилүүчү номер;
- сатылган товарлар жөнүндө маалымат (аталышы, саны, бирдиктин наркы, жалпы наркы) жана алымсыз соода дүкөнүндө колдонулуучу эсепке алуу системасы боюнча товардын номери;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кызматкердин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн аккредитациялык карточкасы тууралуу маалымат;
- сатып алуучунун товарды сатып алгандыгын ырастоочу аты-жөнү, колу;
- сатуу датасы. Чектерде (кассалык чектерде) төмөнкүдөй текст басылат: “Дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана алардын персоналдары гана пайдалануучу товарлар.”. Текст кыргыз, орус жана/ же англис тилдеринде жазылат.
182. Алымсыз соода дүкөндөрүндө дипломатиялык корпус үчүн товарларды сатып алуу айрыкча төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңдештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык берилген аккредитациялык карточкаларды көрсөткөн учурда чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин кызматкерлерине, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана башка аларга теңдештирилген өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдар жана аларга теңдештирилген башка өкүлчүлүктөр тарабынан ыйгарым укук берилген жактарга (мындан ары – ыйгарым укуктуу жактар).
183. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга аккредитациялык карточкалардын үлгүлөрүнүн тизмесин берет. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин муктаждыктары үчүн ыйгарым укуктуу жактар алымсыз соода дүкөнүнөн сатып алуу укугуна ээ экендигин расмий кат менен ырастайт.
184. Ыйгарым укуктуу жактар үч нускада түзүлгөн тапшырыктын негизинде дипломатиялык корпусту тейлөө үчүн алымсыз соода дүкөндөрүнөн товарларды сатып алуусу мүмкүн. Тапшырыкты толук же жарым-жартылай канааттандыргандан кийин алымсыз соода дүкөнү ыйгарым укуктуу жактын колунун негизинде сатылган товарлардын түрүн жана санын үч нускада ырастайт. Тапшырыктын эки нускасы алымсыз соода дүкөнүндө сакталат, алардын бирөө “Г” формасындагы отчет менен бирге бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилүүгө тийиш, ал эми тапшырыктын үчүнчү нускасы дипломатиялык өкүлчүлүккө кайтарып берилет. Тапшырык төмөнкүдөй элементтерди камтууга тийиш:
- дипломатиялык өкүлчүлүктүн аталышын;
- дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан сатып алууга ыйгарым укук берилген ыйгарым укуктуу жактын аталышы;
- сатып алууга билдирилген товарлардын аталышын, өлчөөнүн бирдигин жана санын;
- тапшырыктын түзүлгөн датасын;
- дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынын колун.”
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы эки айлык мөөнөттө:
- алымсыз соода дүкөндөрүнүн ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизилсин;
- өзүлөрүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков