Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын карамагындагы маселелерди жана жоопкерчилик чөйрөлөрүн аныктоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2015-жылдын 29-майындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө” буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2015-жылдын 29-майындагы № 170 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2015-жылдын 29-майындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” буйругу.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр А.Ш.Осмоналиев