“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жумушсуз жана иш издеп жүргөн жарандарды колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин: -жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмү бир айга 250 (эки жүз элүү) сом өлчөмүндө;
- расмий жумушсуз жарандар үчүн окутууга чеги боюнча төлөмдүн суммасынын өлчөмү 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Расмий жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобо 1 тиркемеге ылайык;
- Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды ишке ашыруу жөнүндө жобо 2 тиркемеге ылайык;
- Жумушсуз жарандарга чакан кредит берүүнүн тартиби жөнүндө жобо 3 тиркемеге ылайык;
- Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө убактылуу жобо 4 тиркемеге ылайык.
3. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө убактылуу жобо жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөө маселесин мыйзам чегинде ирээтке келтирүүгө чейин, 2017-жылдын 1-январынан узак эмес мезгилге чейин иштейт деп чек коюулсун.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эки ай мөөнөттүн ичинде, төмөндөгү укутук ченемдик актыларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизсин:
- “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы коллизияларды жоюуга багытталган; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкаруу схемасына толуктоо киргизүү жөнүндө.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы № 707 “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-сентябрындагы № 484 “Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жана калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан ишкерликти уюштуруу үчүн жумушсуз граждандарга финансылык колдоо көрсөтүүнүн жана чакан кредит берүүнүн, жумушсуз граждандар үчүн иш орундарын түзгөн иш берүүчүлөрдү финансылык жактан колдоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-ноябрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 508 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 39 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-сентябрындагы № 484 “Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жана калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан ишкерликти уюштуруу үчүн жумушсуз граждандарга финансылык колдоо көрсөтүүнүн жана чакан кредит берүүнүн, жумушсуз граждандар үчүн иш орундарын түзгөн иш берүүчүлөрдү финансылык жактан колдоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.