Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселесин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун 2-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдарынын, ошондой эле ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын:”;
2..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 451-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“451 Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан өз алдынча чечилүүчү маселелер боюнча, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берилген ыйгарым укуктар боюнча Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдери кабыл алынбайт.
Өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктары ушул Регламентте жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө жободо каралган керектүү макулдашууларды жүргүзүүнү эске алуу менен тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын чечимдери менен ишке ашырылат.”;
-.төмөнкүдөй мазмундагы 511-пункт менен толукталсын:
“511. Белгиленген тартипте Өкмөт тарабынан өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгуучу мамлекеттик органдардын чечимдеринин долбоорлору (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү боюнча чечимдердин долбоорлорунан башкалары) Өкмөттүн Аппаратына макулдашууга киргизилбейт, Өкмөттүн жыйындарында каралбайт жана Өкмөттүн тогуздан кем эмес мүчөсү менен милдеттүү макулдашылууга тийиш, анын ичинде:
Юстиция министрлиги;
Финансы министрлиги;
Экономика министрлиги;
Тышкы иштер министрлиги - тышкы саясат жана эл аралык коомдук укук бөлүгүндө мамлекеттер аралык кызматташуу маселелери боюнча;
чечимдин долбоору ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар Өкмөт мүчөлөрү менен.
Кошумча макулдашуу талап кылынган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын курамын иштеп чыгуучу органдын жетекчиси ушул пункттун шарттарын сактоо менен өз алдынча аныктайт.
Өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү боюнча чечимдердин долбоору төмөнкүлөр менен милдеттүү макулдашылууга тийиш:
Экономика министрлиги;
Финансы министрлиги;
Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен айрым кызмат көрсөтүүлөрдү же жол-жоболорду электрондук (санариптик) форматка которуунун максатка ылайыктуулугу жана мүмкүндүгү бөлүгүндө;
мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде ведомстволор аралык өз ара байланышта иштеше турган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен (ведомстволор аралык иштешүү бар болсо).
Мында Өкмөттүн тогуздан кем эмес мүчөсү менен макулдашуу талап кылынбайт.”;
-.64-пунктундагы “51-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар менен” деген сөздөр “51 жана 511-пункттарында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен” деген сөздөргө алмаштырылсын.”.
3..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1).аталышындагы жана 1-пунктундагы “аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына” деген сөздөр “мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2).2-пунктундагы “аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына” деген сөздөр “мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-пунктунда:
-.“Министрликтер жана ведомстволор” деген сөздөрдөн кийин, “, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары” деген сөздөр менен толукталсын;
-.“аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына” деген сөздөр “мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4).жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
-.аталышындагы “Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына” деген сөздөр “Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-.биринчи абзацы түрдүү жөндөмөлөрдөгү “мамлекеттик органдарга” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдөгү “жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына” деген сөздөр менен толукталсын;
-.2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21..Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жеке жана юридикалык жактарга тийиштүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы, алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү.”;
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин;”;
5).жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жободо:
-.аталышындагы жана 1-пунктундагы “аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына” деген сөздөр “мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-.3-пункту “мамлекеттик органдар” деген сөздөрдөн кийин “жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары” деген сөздөр менен толукталсын;
-.4-пункту “мамлекеттик органдардын буйругу” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын чечимдери” деген сөздөр менен толукталсын;
-.5-пункту “мамлекеттик органдардын” деген сөздөрдөн кийин “жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;
-.6-пункту “Мамлекеттик органдар” деген сөздөрдөн кийин “жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары” деген сөздөр менен толукталсын;
-.7, 10, 16, 17 жана 18-пункттары түрдүү жөндөмөлөрдөгү “мамлекеттик орган” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдөгү “же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы” деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунда:
биринчи абзацы “мамлекеттик органдын” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын” деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы “мамлекеттик органдар” деген сөздөрдөн кийин “жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары” деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоору өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында иштеп чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий веб-сайтында же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.”;
- 12-пункту “ушул Жобонун” деген сөздөн мурда “(мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорунан башкалары)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13..Өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыкканда муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттеринин долбоорлорунан башкаларын макулдашуу жол-жобосу Регламентке ылайык ишке ашырылат.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоорун макулдашуу жол-жобосу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу органынын ички регламентине ылайык ишке ашырылат.
Муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка аткаруучу органдары менен ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүү бар болсо, административдик регламенттин долбоору ошол мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен макулдашылууга тийиш.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери аткаруучу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин долбоорлору маалыматташтыруу, электрондук башкаруу, электрондук өкмөт жана электрондук кызмат көрсөтүү жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана тармактар аралык координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кызмат көрсөтүүлөрдү же айрым жол-жоболорду электрондук (санариптик) форматка өткөрүүнүн мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жагынан милдеттүү макулдашылууга тийиш.”;
-.14-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Иштеп чыгуучу Регламентте каралган документтерди тапшырбаган учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги документтерди кароону токтотуп турат.”;
үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
-.15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15..Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында иштелип чыккан ченемдик укуктук актынын долбоору боюнча аны макулдашуунун жүрүшүндө пайда болгон кайчы пикирлер долбоорду иштеп чыккан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан макулдашуу кеңешмесин өткөрүү жолу менен белгиленген тартипте чечилет.
Ченемдик укуктук актынын долбоорунун акыркы редакциясы анын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келиши үчүн жоопкерчиликти долбоорду иштеп чыккан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тартат.”;
- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19..Өткөрүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары кабыл алган ченемдик укуктук актылар Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында ченемдик укуктук актыны кабыл алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы копияларын кагаз жана электрондук сактагычта, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет.”;
-.20-пункту “Мамлекеттик органдар” деген сөздөрдөн кийин “жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары” деген сөздөр менен толукталсын;
-.21-пункту “Өткөрүп берилген” деген сөздөрдөн мурда “Ушул Жобонун 5-пунктунда жана 9-пунктунун үчүнчү абзацында каралгандан башка учурларда,” деген сөздөр менен толукталсын.
4..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1).2-пунктунун төртүнчү абзацындагы “кварталдан” деген сөз “жарым жылдыктан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2).жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жободо:
-.1-пунктундагы “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине” деген сөздөр “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү жергиликтүү реестрлерине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктунун а) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“а).Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү реестриндеги кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары, главалары жана кызмат көрсөтүүнүн номери;”;
-.10-пунктунун 4-пунктчасы “долбоорун” деген сөздөн кийин “макулдашууга жана” деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укугунун алкагында тийиштүү кызмат көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын буйругу же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен макулдашылууга тийиш.”;
-.25-пунктундагы “Тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр “Тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-.жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2..Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти __________________________ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомунун же жергиликтүү кеңештин токтомунун реквизиттери көрсөтүлөт) менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.”;
3).жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев