Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу, аскердик каттоо системасын камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 “Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттардагы “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 22-июнундагы № 338 “Катуу отчеттуулуктагы аскердик эсеп документтеринин үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- запастагы офицердин аскердик билети 2-тиркемеге ылайык;
- жоокердик жана сержанттык курамдардын аскердик билети 3-тиркемеге ылайык;”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы № 607 “Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 жана 7-пункттардагы “Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын уюмдарына укук берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун үчүнчү абзацындагы “Коргоо министринин орун басары” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган Жобонун 2 жана 3-тиркемелеринде: бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Аскердик багыттагы продукциялар маселеси боюнча чет өлкөлүк заказчылардын кайрылууларын Кыргыз Республикасында кароонун тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:
6-пункттагы “Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-декабрындагы № 863 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеңилдиктерге укуктарын ырастоочу документтердин үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттагы “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 519 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 жана 4-пункттардагы “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын аскердик факультеттеринде жана кафедраларында запастагы офицерлердин программасы боюнча студенттерди аскердик даярдоо жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5, 14 жана 16-пункттардагы “Коргоо министри” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунун “з”-пунктчасындагы “Башкы штабынын” деген сөздөр “Генералдык штабынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункттагы “Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 “Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамында:
экинчи абзацындагы “коргоо министринин биринчи орун басары” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацындагы “Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармасынын аскердик-техникалык кызматташтык, экспорттук контроль, лицензиялоо жана аскердик өкүлчүлүктөр менен иштөө бөлүмүнүн начальниги” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-техникалык кызматташтык, экспорттук контроль жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-январындагы № 15 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери менен камсыздоо тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2, 4, 6 жана 7-пункттардагы “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 “Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-пункттагы “Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 261 “Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 жана 2-пункттардагы “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамында:
экинчи абзацындагы “коргоо министринин биринчи орун басары” деген сөздөр “Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальнигинин биринчи орун басары (макулдашуу боюнча)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он алтынчы абзацындагы “Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармасынын аскердик-техникалык кызматташтык, экспорттук контроль, лицензиялоо жана аскердик өкүлчүлүктөр менен иштөө бөлүмүнүн начальниги” деген сөздөр “Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары” жана “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 5-пункттагы “Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы № 486 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: аталышындагы жана бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасынын уставында:
аталышында жана бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Ишкананын аталышы:
а) кыргыз тилинде:
толук аталышы – “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасы”;
кыскартылган аталышы – “Кыргызкурал” МИ”
б) орус тилинде:
толук аталышы – “Государственное предприятие “Кыргызкурал” при Государственном комитете по делам обороны Кыргызской Республики”;
кыскартылган аталышы – “ГП “Кыргызкурал”.
в) англис тилинде:
толук аталышы – “State corporation “Kyrgykyral” under the State committee on defence of the Kyrgyz Republik”; кыскартылган аталышы – “SC “Kyrgykyral”.”;
16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- башкы директордун орун басарын дайындоо жана бошотуу;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана биргелешкен ишканаларды ачууну макулдашуу.”;
18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18. Ишкананын башкы директорунун орун басары болот. Башкы директордун орун басары башкы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.”.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышындагы жана бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын уставында: аталышындагы жана бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Ишкананын аталышы: а) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы”;
Кыскартылганы – “Аскер курулуш” МИ”.
б) расмий тилде:
“Государственное предприятие “Аскер курулуш” при Государственном комитете по делам обороны Кыргызской Республики”;
Кыскартылганы – “ГП “Аскер курулуш”;
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Ишкананын иш милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик жана башка заказдардын алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн аскердик багыттагы коммуникациялардын тарамдарын, инженердик объекттерди, курулмаларды, социалдык, маданий багыттагы объекттерди долбоорлоо, жана куруу;
- келишимдик негизде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коргонуу кызыкчылыгында жаңы технологияларды жана иштеп чыгууларды ишке киргизүү;
- келишимдердин негизинде, анын ичинде мамлекеттик эмес заказчылар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынын коюлган башка тапшырмаларды аткаруу.”;
8-пунктта:
- экинчи абзацындагы “, реконструкциялоо, оңдоо” деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 “Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункттагы “Коргоо министрлигине” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4 жана 12-пункттардагы “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 5 “Аскер кызматчыларынын пенсиясынын өлчөмүн индексациялоо боюнча чаралар жана 2010-жылдын 1-январынан баштап жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункттагы “Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттагы “2016-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө” деген цифралар жана сөздөр “2021-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы “Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.”;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетинин курамында: “Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык башкармалыгынын тарбия иштер бөлүмүнүн башчысы” деген сөздөр “Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын тарбия иштер башкармалыгынын начальниги” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 5 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын курамында:
“коргоо министринин орун басары” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 435 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штабды түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республиканын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн жана башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штабдын курамында:
“коргоо министринин биринчи орун басары” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штаб жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышында жана бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Мекеменин аталышы:
а) мамлекеттик тилде:
“Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик спорт клубу” мамлекеттик мекемеси;”;
кыскартылышы – “КИМК АСК”;
б) расмий тилде:
“Государственное учреждение “Спортивный клуб армии Государственного комитета по делам обороны Кыргызской Республики”;
кыскартылышы – “СКА ГКДО”;
- бүткүл текст боюнча “министрлик” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “комитет” деген сөз менен алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча “Коргоо министри” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын 2-тизмесинде:
4-пункттагы “Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 87 “Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Тиркемеде: экинчи абзацтагы “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1-тиркемеде: 7-пункттагы “Коргоо министрлигине” деген сөздөр “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-январындагы № 13 “Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик медицина жаатында билим берүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттардагы “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 36 “Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттардагы “ Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 “Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын. - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелеринде:
бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлиги” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 640 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Семетей” мейманканасы” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлигинин” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Семетей” мейманканасы” мамлекеттик ишканасынын уставында:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча “Коргоо министрлигинин” деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Ишкананын толук расмий аталышы: - мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин “Семетей” мейманканасы” мамлекеттик ишканасы”;
- расмий тилде: Государственное предприятие “Гостиница “Семетей” Государственного комитета по делам обороны Кыргызской Республики”. Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде:
“Семетей” мейманканасы”; - расмий тилде: “Гостиница “Семетей”.”
31. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков