Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерине ылайык пайдадан салыкты жана кошумча наркка салыкты төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
- турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев