КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 31 мартындагы № 167 токтому

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

  Ишкердик субъекттеринин ишин текшерүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоонун критерийлеринде: 1-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «1 глава. Жалпы жоболор

  1. Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун ушул критерийлери «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу органдар текшергенде колдонулат.

2. Ишкердик субъектисин текшерүүнүн мезгилдүүлүгү ага ыйгарылган тобокелдик даражасына ылайык аныкталат. 

3. Ишкердик субъектисинин тобокелдик даражасы ишкердикти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун  ушул критерийлеринин тиешелүү главаларында аныкталган критерийлердин негизинде тобокелдиктин ар бир тармагында өзүнчө аныкталат. Тобокелдик даражасы ушул критерийлерде каралган учурларда жана тартипте баллды кошуунун жыйынтыгы боюнча аныкталат. Тобокелдик даражасы ушул критерийлерде каралган учурларда жана тартипте текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өзгөрөт. 

4. Текшерилүүгө тийиш болгон бардык ишкердик субъекттер тобокелдиктин чоңдугун эске алуу менен үч тобокелдик даражасынын: жогорку, орточо жана төмөнкү даражаларынын бирине кирет. Баллдын суммасы 1ден 40ка чейин болсо, ишкердик субъекттери төмөнкү тобокелдик даражасына кирет жана беш жылда бир жолудан ашык текшерилбейт. Баллдын суммасы 41ден 70ке чейин болсо, ишкердик субъекттери орточо тобокелдик даражасына кирет жана үч жылда бир жолудан ашык текшерилбейт. Баллдын суммасы 70тен жогору болсо, ишкердик субъекттери жогорку тобокелдик даражасына кирет жана жылына бир жолудан ашык, ал эми жогорку даражадагы санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиктеги субъекттер жылына эки жолудан ашык текшерилбейт. 

5. Тобокелдиктин бир тармагынын чегинде ишкердик субъектиси тобокелдиктин түрдүү даражалары менен иштин бир нече түрүн ишке ашырган учурда төмөнкү даражадагы тобокелдиги бар иштин багыттары боюнча текшерүүлөр тобокелдиктин ушул даражасына ылайык келген мезгилдүүлүк менен ишке ашырылат.»; 

- 9-главада: аталышы жана 35-36-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «9-глава. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуу жаатында ишкердиктин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери 35. Санитардык-эпидемиологиялык бакубаттык жаатындагы текшерүү субъектисинин тобокелдик даражасы анын ишинин адамдын жашоо-турмушуна жана саламаттыгына болгон терс таасиринин мүмкүндүгүн чагылдырат. Биринчи текшерүүнү жүргүзгөнгө чейин ишкердик субъектисине ал жүргүзгөн ишинин түрүнө ылайык тобокелдиктин баштапкы (тармактык) даражасы берилет. Санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиктин жогорку даражасына кирген иштин түрлөрү: 

1) жылына эки жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон:

 - жылына бир жолудан жана эки жылда бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон иштин түрлөрүн кошпогондо азык-түлүк чийки затын кайра иштетүү, тамак-аш продуктуларын өндүрүү; 

- балдар үчүн азык-түлүк продуктуларын өндүрүү; 

- суу менен камсыз кылуу объекттерин эксплуатациялоо; - парентералдык кийлигишүү менен медициналык кызмат көрсөтүүлөр;

 - коммуналдык-тиричилик суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрү; 

2) жылына бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон: 

- тамак-аш продуктуларын ташуу, сактоо, сатуу; 

- нан бышыруу өндүрүшү; 

- макарон азыктарын өндүрүү; - тамак-аш кошулмаларын чыгаруу; - жашылчаны кайра иштетүү өнөр жайы; - спирт жана ликер-арак продукциясын чыгаруу; 

- дарылоо-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү; - балдар үчүн товарларды чыгаруу, сактоо жана сатуу, балдар үчүн тамак-аш продуктуларын өндүрүүнү кошпогондо; 

- тамактандырууну уюштуруу менен мектепке чейинки, мектептик билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

 - коммуналдык-тиричилик тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр; 

3) эки жылда бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон: - крахмал чыгаруу; 

- май буюмдарын чыгаруу;

 - чай өнөр жайы; - желатин жана ачыткы өндүрүү; - тамак-аш концентраттарын өндүрүү;

 - гигиена каражаттарын, парфюмердик-косметикалык каражаттарды чыгаруу; 

- тамак-аш продуктуларын сатууну албаганда, соода-рыноктук комплекстерди эксплуатациялоо; 

- тоо кен өнөр жайы (эмгек шарттарынын коопсуздугу);

 - химиялык заттарды чыгаруу жана кайра иштеп чыгуу (эмгек шарттарынын коопсуздугу); 

- интернет клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү (электр магниттик нурдануунун деңгээли); - мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү. Тобокелдиктин орточо даражасына таандык болгон иштин түрлөрү:

 1) үч жылда бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон: 

- парентералдык кийлигишүүсүз медициналык кызмат көрсөтүүлөр; 

- тобокелдиктин жогорку даражасына кирбеген билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр; 

2) төрт жылда бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон: 

- гигиена каражаттарын, парфюмердик-косметикалык каражаттарды сактоо жана сатуу; 

- оор өнөр жай (коопсуз эмгек шарттары); 

- курулуш (коопсуз эмгек шарттары);

 - транспортту тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (эмгек шарттарынын коопсуздугу); 

- эл керектөөчү товарларды, курулуш материалдарын, эмерек продукцияларын сатуу. Беш жылда бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон тобокелдиктин төмөнкү даражасына таандык иштин түрлөрү:

 - эл керектөөчү товарларды өндүрүү (эмгек шарттарынын коопсуздугу); 

- спорттук багыттагы объекттерди эксплуатациялоо; 

- маданий-агартуу багытындагы, оюн-зоок жана эл көп барган объекттерди эксплуатациялоо; 

- жеңил өнөр жайы (эмгек шарттарынын коопсуздугу);

 - энергетика (эмгек шарттарынын коопсуздугу); 

- байланыш (эмгек шарттарынын коопсуздугу); 

- айыл чарбасы (эмгек шарттарынын коопсуздугу). 

36. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча субъектиге тобокелдиктин жеке даражасы (ТЖД) берилет, ал субъектиге тобокелдиктин төмөнкүдөй критерийлери боюнча берилүүчү баллды кошуу аркылуу эсептелет: 

мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын баалоо (МТБ), иштин масштабы (ИМ), мурдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыктары (МТЖ) (ТЖД=МТБ+ИМ+МТЖ).»; 

төмөнкүдөй мазмундагы 361-364-пункттар менен толукталсын: 

«361. Субъектинин мыйзамдардын талаптарын аткаргандыгын баалоо (МТБ) текшерүү баракчаларын колдонуунун жыйынтыгы боюнча аныкталат. Текшерүү баракчаларындагы суроолор аларга киргизилген талаптарга жараша топтолот: «А» тобу – талаптарды камтыган суроолор, аларды аткарбоо адамдын жашоо-турмушунун жана саламаттыгынын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат; «Б» тобу - талаптарды камтыган суроолор, аларды аткарбоо адамдын жашоо-турмушунун жана саламаттыгынын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратпайт. Мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын баалоонун жыйынтыгы боюнча баллды аныктоо:  

Иштин түрлөрү

Баалоонун жыйынтыктары (пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган туура келбегендиктердин саны)

Балл

Тобокелдиктин жогорку даражасына тиешелүү иштин түрлөрү

  1.1) жылына эки жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон: - жылына бир жолудан жана эки жылда бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон иштин түрлөрүн албаганда, азык-түлүк чийки затын кайрадан иштетүү, тамак-аш продуктуларын өндүрүү; - балдар үчүн тамак-аш продуктуларын өндүрүү; - суу менен камсыз кылуу объекттерин эксплуатациялоо; - парентералдык кийлигишүү менен медициналык кызмат көрсөтүүлөр; - коммуналдык-тиричилик суу пайдалануу кызмат көрсөтүүлөрү

текшерүү баракчасынын «А» тобунда 1 жана андан ашуун туура келбегендик же текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 30 %дан ашуун туура келбегендик




100

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 30 %га чейин туура келбегендик


90

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 10 %га чейин туура келбегендик


80

    2.2) жылына бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон: - тамак-аш продуктуларын ташуу, сактоо, сатуу; - нан бышыруу өндүрүшү; - макарон азыктарын чыгаруу; - тамак-аш кошулмаларын чыгаруу; - жашылчаны кайра иштетүү өнөр жайы; - спирт жана ликер-арак продукциясын чыгаруу; - дарылоо-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү; - балдар үчүн тамак-аш продуктуларын өндүрүүнү кошпогондо,  балдар үчүн товарларды өндүрүү, сактоо жана сатуу; - тамактандырууну уюштуруу менен мектепке чейинки, мектептик билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр; - коммуналдык-тиричилик тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр

текшерүү баракчасынын «А» тобунда 1 жана андан ашуун туура келбегендик же текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 30 %дан ашуун туура келбегендик




95

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 10 %дан 30 %га чейин туура келбегендик


81

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 10%га чейин туура келбегендик



65

3.3) эки жылда бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон: - крахмал чыгаруу; - май буюмдарын чыгаруу; - чай өнөр жайы; - желатин жана ачыткы өндүрүү; - тамак-аш концентраттарын өндүрүү; - гигиена каражаттарын, парфюмердик-косметикалык каражаттарды чыгаруу; - тамак-аш продуктуларын сатып өткөрүүдөн тышкары, соода-рыноктук комплекстерди эксплуатациялоо; - тоо кен өнөр-жайы (эмгек шарттарынын коопсуздугу); - химиялык заттарды чыгаруу жана кайра иштетүү (эмгек шарттарынын коопсуздугу); - интернет клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү (электр магниттик нурдануунун деңгээли); - мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

текшерүү баракчасынын «А» тобунда 1 жана андан ашуун туура келбегендик же текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 30%дан ашуун туура келбегендик


80

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 10%дан 30%га чейин туура келбегендик


70

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 10%га чейин туура келбегендик


51

Тобокелдиктин орточо даражасына таандык болгон иштин түрлөрү:

4.1) үч жылда бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон: - парентералдык кийлигишүүсүз медициналык кызмат көрсөтүүлөр; - тобокелдиктин жогорку даражасына кирбеген билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр





текшерүү баракчасынын «А» тобунда 1 жана андан ашуун туура келбегендик жана/же текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 40%дан ашуун туура келбегендик



70

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 20%дан 40%га чейин туура келбегендик


50

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 20%дан көп эмес туура келбегендик


30

5.2) төрт жылда бир жолудан көп эмес текшерилүүгө тийиш болгон: - гигиена каражаттарын, парфюмердик-косметикалык каражаттарды сактоо жана сатуу; - оор өнөр жай (эмгек шарттарынын коопсуздугу); - курулуш (эмгек шарттарынын коопсуздугу); - транспортту тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (эмгек шарттарынын коопсуздугу); - эл керектөөчү товарларды, курулуш материалдарын, эмерек продукцияларын сатуу

текшерүү баракчасынын «А» тобунда 1 жана андан ашуун туура келбегендик жана/же текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 40%дан ашуун туура келбегендик


65

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 20%дан 40%га чейин туура келбегендик


40

текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 20%дан ашуун эмес туура келбегендик


25

Тобокелдиктин төмөнкү даражасына таандык болгон иштин түрлөрү:

  6.    - эл керектөөчү товарларды өндүрүү (эмгек шарттарынын коопсуздугу); - спорттук багыттагы объекттерди эксплуатациялоо; - маданий-агартуу багытындагы, оюн-зоок жана эл көп барган объекттерди эксплуатациялоо; - жеңил өнөр жайы (эмгек шарттарынын коопсуздугу); - энергетика (эмгек шарттарынын коопсуздугу); - байланыш (эмгек шарттарынын коопсуздугу); - айыл чарбасы (эмгек шарттарынын коопсуздугу)

текшерүү баракчасынын «А» тобунда 1 жана андан ашуун туура келбегендик жана/же текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 50%дан ашуун туура келбегендик


50



Текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 30%дан 50%га чейин туура келбегендик

25

Текшерүү баракчасынын «Б» тобунда 30%дан ашуун эмес туура келбегендик

20

362. Иштин масштабына жана мурдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык баллды аныктоо:  

 

Критерий

Балл 

Иштин масштабы

         Суткасына 300 кгдан ашык / 300дөн ашык отургузуучу орун / 50дөн ашык баруу же 20дан ашык койка-орун (медициналык кызмат көрсөтүүлөр) / 20дан ашык баруу (балдар, өспүрүмдөр үчүн уюмдар) / 50дөн ашык кызматкер (эмгек шарттарын баалоо) / 100дөн ашык соода орду. Суткасына 100дөн 300 кг чейин / 100дөн 300гө чейин отургузуучу орун / 20дан 50гө чейин баруу же 10дон 20га чейин койка-орун / 10дон 20га чейин баруу / 20дан 50гө чейин кызматкер / 50дөн 100гө чейин соода орду. Суткасына 100 кг чейин / 100дөн аз отургузуучу орун / 20га чейин баруу же 10го чейин койка-орун / 10го чейин баруу / 20га чейин кызматкер / 50гө чейин соода орду
 


10





5




3

 

Мурдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы

Жазма буйрук аткарылган эмес Жазма буйрук жарым-жартылай аткарылган Жазма буйрук толугу менен аткарылган же берилген эмес
  10 5 0


363. Баллдын санына жараша текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгү аныкталат: тобокелдиктин жогорку даражасы: - 100 баллдан жогору –  жылына эки жолудан ашык текшерилбейт; - 86дан 100 баллга чейин – жылына бир жолудан ашык текшерилбейт; 

- 71ден 85 баллга чейин – эки жылда бир жолудан ашык текшерилбейт; тобокелдиктин орточо даражасы: 

- 56дан 70 баллга чейин – үч жылда бир жолудан ашык текшерилбейт; 

- 41ден 55 баллга чейин – төрт жылда бир жолудан ашык текшерилбейт; тобокелдиктин төмөнкү даражасы: 

- 40 баллга чейинкини кошо алганда – беш жылда бир жолудан ашык текшерилбейт. 364. ХАССПнын (НАССР) принциптерине негизделген тамак-аш продуктуларынын коопсуздугунун менеджментинин сертификатталган системасы (ТАКМС), чыгарылуучу продуктулардын коопсуздугун ырастоочу документтер (ылайык келиши жөнүндө декларация, ылайык келүү сертификаты, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк) болгондо, керектөөчүлөрдүн даттануулары жана продукцияны жүгүртүү этабында техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбегендигин ырастоочу фактылар болбогон учурларда субъекттин тобокелдик даражасы баллдын санына карабастан, анын тобокелдик тармактык даражасына салыштырганда төмөндөйт.».

 - төмөнкүдөй мазмундагы 22-глава менен толукталсын: «22-глава. Радиациялык коопсуздук жаатында ишкердикти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери 78. Радиациялык коопсуздук жаатында тобокелдик даражасын баалоо «Радиациялык коопсуздук жөнүндө» Техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген радиациялык коопсуздук объекттерин классификациялоонун базасында ишке ашырылат. Тобокелдиктин жогорку даражасы I категориядагы радиациялык объекттерди эксплуатациялоочу субъекттерге берилет. Тобокелдиктин орточо даражасы II категориядагы радиациялык объекттерди эксплуатациялоочу субъекттерге берилет. Тобокелдиктин төмөнкү даражасы III жана IV категориядагы радиациялык объекттерди эксплуатациялоочу субъекттерге берилет. Субъект түрдүү категориядагы объекттерди эксплуатациялаган учурда тобокелдик даражасы эң жогорку категориясы бар объект боюнча берилет.».

  1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

-  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 639 токтомунун 1-пунктунун он экинчи абзацы; 

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 679 «Эпидемиялык коркунучу жогорку объекттерде ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коркунучтарды баалоо критерийлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому. 

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу