Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу тутумунун абалын жакшыртуу, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары – План), 2-тиркемеге ылайык.
2. Планды ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органдары (макулдашуу боюнча) квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Планды аткаруунун жүрүшү тууралуу маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы менен, 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Планды аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчёт берсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев