Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2017-жылдын 1-мартына чейин колдонулат.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн“Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө ушул убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында тандоонун критерийлерин, катышуучулардын тизмесин түзүүнүн жана аларды тандоонун тартибин белгилейт, ипотекалык кредиттерди берүүнүн шарттарын, ошондой эле сатып алынуучу турак жайга карата талаптарды аныктайт.
2. Негизги түшүнүктөр
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- катышуучу - Программага катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны; - тандоонун критерийлери - Программага катышууга укуктуу жарандарга карата коюлуучу талаптар; - турак жай - көп батирлүү үйлөрдөгү батир жана жеке турак үй;
- Комиссия - Программанын алкагында түзүлгөн мамлекеттик турак жай программасы жөнүндө маселелерди координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия;
- “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) - Кыргыз Республикасында ипотекалык кредит берүү механизмдерин иштетүүнү камсыздоо максатында түзүлгөн адистештирилген финансылык компания;
- Макулдашуу - Программаны ишке ашыруунун алкагында турак жай сатып алуу максатында жарандарга берилүүчү ипотекалык кредиттерди кайра каржылоо үчүн өнөктөш банктарга инвестициялык акча каражаттарын берүүгө карата өнөктөш банктар менен МИКтин ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуу;
- өнөктөш банк - турак жай сатып алуу максатында жарандарга берилүүчү ипотекалык кредиттерди берүүгө жана кайра каржылоого инвестициялык акча каражаттарын берүү боюнча МИК менен кызматташуу жөнүндө башкы макулдашууну түзгөн банк.
3. Программанын катышуучуларын тандоонун критерийлери
3. Ипотекалык кредит алган учурда курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
4. Катышуучуларга карата коюлуучу милдеттүү талаптарга төмөнкүлөр кирет:
- акыркы (учурда) иштеп жаткан жумуш ордундагы эмгек стажынын бир жылдан же жалпы эмгек стажынын 3 жылдан кем болбошу;
- жеке турак жайынын жоктугу же турак жай аянтын кеңейтүүнүн зарылдыгы;
- Программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
- катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
- өнөктөш банктын талаптарына ылайык терс маанидеги кредиттик таржымалынын болбошу.
5. Программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо Комиссия биринчи кезекте ипотекалык кредит алуу укугун төмөнкүлөргө берет: - көп балалуу үй-бүлөлөргө;
- аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда, адамдын өмүрүн, коомдук мүлктү сактоо боюнча жарандык милдетин аткарууда каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга.
6. Программанын катышуучуларынын бирдей шарттарында төмөнкүлөргө ипотекалык кредиттерди алууга артыкчылыктуу укук берилет:
- эмгек стажы көбүрөөк болгон адамдарга;
- ипотекалык кредитти өз учурунда жана толугу менен төлөө үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү жогору болгон адамдарга.
7. Программага катышууга арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- Программага катышуу үчүн арыз;
- паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- кызмат ордун жана акыркы 12 айдагы эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат;
- кошумча кирешелеринин бар экендигин ырастаган башка документтер;
- нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- ушул Убактылуу жобонун 5-пунктуна ылайык ипотекалык кредитти биринчи кезекте алууга укуктуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы); - үй-бүлөнүн курамы жөнүндө жашаган жеринен маалымкат;
- акыркы 3 жылдын ичинде кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрүнүн болушу (жок экендиги) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (укукка ээ болуу маалымкаты).
8. Программага катышуу үчүн жарандардын арызы ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда аталган документтердин толук пакети болсо гана кабыл алынат жана каралат.
4. Катышуучулардын тизмесин түзүү жана аларды тандоо
9. Мамлекеттик органдарда жана уюмдарда иштеген жарандар Программага катышуу үчүн арызды жана ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда аталган документтерди иштеген жерине берет. Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлбөгөн жарандар ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда аталган арызды жана документтерди жашаган жери боюнча шаардын мэриясына же жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга берет.
10. Мамлекеттик органдар жана уюмдар, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар 10 иш күндүн ичинде:
- жарандардын арыздарын жана документтерин кабыл алышат жана аларды эсепке алуу журналына белгиленген тартипте катташат;
- Программанын катышуучуларынын өздүк делолорун түзүшөт;
- тандоонун критерийлерине ылайык Программанын катышуучуларынын тизмесин түзүшөт.
11. Жарандардын арыздарды берген фактысы катышуучулардын арыздарын каттоону эсепке алуу журналында катталат, ага номер коюлушу, тигилиши жана мөөр басылышы керек.
12. Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери катышуучулардын тизмесинин туура түзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
13. Мамлекеттик органдар жана уюмдар, шаарлардын мэриялары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан башкасы), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар катышуучулардын тизмеси түзүлгөндөн кийин 5 иш күндүн ичинде жайгашкан жерине жараша катышуучулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө же Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына жалпы тизмени түзүү үчүн жөнөтөт.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары катышуучулардын тизмесин жалпылайт жана аларды 5 иш күндүн ичинде МИКке жөнөтөт.
15. МИК 15 иш күндүн ичинде катышуучулардын келип түшкөн тизмесинин тандоо критерийлерине шайкештигин карап чыгат жана катышуучулардын тизмесин түзүү жол-жобосунун сакталгандыгын текшерет. Эгерде катышуучулардын тизмесине киргизилген адамдар аталган талаптарга ылайык келсе, МИК тизмени Комиссияга жөнөтөт.
16. Комиссия 7 иш күндүн ичинде катышуучулардын келип түшкөн тизмесин карап чыгат жана мамлекеттик органдар жана уюмдар, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар боюнча квоталарды белгилейт.
17. Ипотекалык кредит алууга квоталарды белгилөөдө Комиссия төмөнкүлөрдү эске алат:
- облустар жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча катышуучулардын санын;
- тизмедеги ушул Убактылуу жобонун 5 жана 6-пункттарына ылайык биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу укуктарга ээ болгон катышуучулардын үлүшүн.
18. Белгиленген квоталар Комиссия тарабынан катышуулардын тизмеси менен андан ары иштөө үчүн МИКке берилет.
19. МИК Макулдашууга ылайык белгиленген квоталар менен катышуучулардын тизмесин өнөктөш банктарга бөлүштүрөт.
20. Өнөктөш банктар 5 иш күндүн ичинде төмөнкүлөрдү эске алуу менен катышуучулардын тизмесин карап чыгат:
- ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык Программа боюнча ипотекалык кредит берүү шарттарын;
- ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык Программа боюнча ипотекалык кредит аркылуу сатып алуучу турак жайга карата талаптарды.
21. Өнөктөш банктар МИК тарабынан жөнөтүлгөн катышуучулардын тизмесин карап чыгып, 10 иш күндүн ичинде ипотекалык кредит берүү же ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алышат. Ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер бар болсо, өнөктөш банк ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен МИКке тиешелүү билдирүүнү даярдайт.
22. Өнөктөш банк катышуучуга ипотекалык кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин МИКке инвестициялык акча каражаттарын берүүгө билдирүү жөнөтөт.
23. МИК инвестициялык акча каражаттарын берүүгө билдирүү алгандан кийин бир иш күндүн ичинде өнөктөш банкка Макулдашууга ылайык инвестициялык каражатты берет.
24. Өнөктөш банктар катышуучу менен кредиттик келишимди, күрөө келишимин жана кепилдик келишимин тариздегенден кийин 5 иш күндүн ичинде ипотекалык кредит үчүн берилген акча каражатын катышуучунун банктык эсебине кириштейт.
25. Тандоонун критерийлери, арыз берүүнүн тартиби, зарыл болгон документтердин тизмеги жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Программанын алкагында ипотекалык кредит алган катышуучулардын тизмеси МИКтин расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
_______________________________________________________________
“Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн “Арзан турак жай
2015-2020” программасынын
катышуучуларын тандоонун
тартиби жөнүндө” убактылуу
жобонун 1-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасы боюнча ипотекалык кредит берүүнүн шарттары
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
Катышуучу (максаттык топ) | Тандоо критерийлерине туура келген жарандар | |
Ипотекалык кредиттин максаттык багыты | Турак жайды сатып алуу. Этабы менен каржылоо механизмдерин пайдалануу менен жашаган жери боюнча калктуу конушта жер участогу бар болсо, турак жай куруу (жеке турак үй) | |
Ипотекалык кредит берүүнүн формасы | Накталай эмес формада, катышуучунун өнөктөш банктагы банктык эсебине акча каражатын чегерүү аркылуу | |
Ипотекалык кредит берүүнүн мөөнөтү | Өнөктөш банк катышуучуга ипотекалык кредит берүү жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып 15 күнгө чейинки мөөнөттө | |
Ипотекалык кредиттин валютасы | Кыргыз сому | |
Ипотекалык кредиттин суммасы | 3 000 000 (үч миллион) сомго чейин | |
Ипотекалык кредиттин мөөнөтү | Кредиттин максималдуу мөөнөтү 15 жылга чейин | |
Ипотекалык кредиттин суммасын аныктоонун критерийлери | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана өнөктөш банктын ички ченемдик документтерине ылайык | |
Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Ипотекалык кредиттерди жана башка кошумча жыйымдарды башкаруу үчүн бардык комиссиялар алынбайт | |
Катышуучулардын чыгымдары | Ипотекалык кредит алуу үчүн келишимдерди тариздөөгө жана каттоого, ошондой эле камсыздандыруу боюнча кеткен чыгымдар | |
Турак жайды камсыздандыруу | Күрөөнүн предмети болгон турак жай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык кредиттин негизги суммасынын калганына милдеттүү түрдө жыл сайын камсыздандырылууга тийиш | |
Ипотекалык кредитти төлөөнүн тартиби | Ипотекалык кредитти жана пайызын төлөө кол коюлган кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүргүзүлөт | |
Ипотекалык кредитти толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөө | Толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда комиссия кармалбайт | |
Ипотекалык кредитти реструктуризациялоонун шарттары | Өнөктөш банктын ички талаптарына ылайык жол-жоболор. Ипотекалык кредиттин предметин алмаштырууга уруксат берилбейт. Ипотекалык кредитти реструктуризациялоо үчүн комиссия алынбайт | |
Ипотекалык кредиттин баштапкы төгүмү жана пайыздык ставкалар | Ипотекалык кредит боюнча баштапкы төгүм үчүн катышуучунун жеке салымы 10%дан башталат (эгерде баштапкы төгүмдү төлөөнүн өлчөмү 10%дан 20%га чейин болсо, ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставка жылдык 14%га барабар болот; 20%дан 30%га чейин болсо, ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставка жылдык 13%га барабар болот; 30%дан баштап ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставка жылдык 12%га барабар болот) | |
Ипотекалык кредиттин пайыздарын эсептөөнүн тартиби | Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды эсептөө өнөктөш банк тарабынан катышуучуга кредит берилген күндөн баштап эсептелет жана кредитти толук кайтарып бергенге чейинки айдын иш жүзүндөгү сандык күнүнө барабар болгон ар бир календарлык айдын ичинде жүргүзүлөт. Пайыздарды эсептөөдө жыл ичиндеги күндөрдүн саны 360 күнгө барабар кабыл алынат | |
Ипотекалык кредитти камсыз кылуу | Ипотекалык кредитке сатып алынуучу турак жай | |
Кепилчилик | Катышуучунун ар бир айдагы кирешесинин суммасын милдеттүү түрдө ырастоо үчүн кеминде 1 адам кепилчилик алат (эмгек акысы жөнүндө маалымкат же кирешесин ырастаган башка документтер) | |
Ипотекалык кредиттин катышуучуларына мониторинг жүргүзүү | МИК ипотекалык кредиттин максаттуу пайдаланылышына, ошондой эле күрөөлүк камсыздоонун абалына жана өнөктөш банктардын Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна текшерүү жүргүзөт | |
Күрөө жөнүндө келишимди тариздөө үчүн өнөктөш банктарга берилүүчү документтердин тизмеги | Документтердин тизмеги: - турак жайга укугун белгилөөчү документ; - кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту (батир же жеке турак үй); - жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (зарылчылыкка жараша); - кыймылсыз мүлк бирдигине оорлотуулардын (чектөөлөрдүн) бар экендиги же жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыймылсыз мүлккө укуктун бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө; - акыркы 3 жылдын ичинде Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадагы (КМБМС) маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктары жөнүндө маалымкат; - турак жайдын учурдагы ээсинин (сатуучунун) паспортунун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы); - турак жайды күрөөгө коюуга жолдошунун же жубайынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу |
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн “Арзан турак жай
2015-2020” программасынын
катышуучуларын тандоонун
тартиби жөнүндө” убактылуу
жобонун 2-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасы боюнча ипотекалык кредитке алынуучу турак жайга талаптар
№ | Ипотекалык кредитке алынуучу турак жайга талаптар | Зарыл болуучу документтер |
Көп батирлүү үйдөгү батир же жеке турак үй ипотекалык кредиттин предмети болуп саналат | Укук белгилөөчү документтер, кыймылсыз мүлктүн (батирдин же жеке турак үйдүн) техникалык паспорту | |
Ипотекалык кредитке карата күрөө берүүчүнүн менчик укугу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш (укук белгилөөчү документтер, менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк менен ырасталат). Ипотекалык кредит предмети мурунку ээсинин жеке менчигинде болушу керек (ишеним кат боюнча эмес, биринчи жактан) | Укук белгилөөчү документтер | |
Ипотекалык кредиттин предмети өнөктөш банктын кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн шарттары боюнча бааланат, ал өнөктөш банктын турак жайга карата минималдуу талаптарына туура келиши керек | Өнөктөш банктын минималдуу талаптарына ылайык турак жайды баалоо акты | |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык кредиттин предмети күрөө кармоочунун пайдасына аны жоготуу же бузулуу кооптуулугунан улам ипотекалык кредит боюнча карыздын калдыгынын суммасына катышуучу тарабынан ипотекалык кредитти төгүүнүн бардык мөөнөтүнүн ичинде камсыздандырылууга тийиш | Ипотекалык кредиттин предметин милдеттүү түрдө камсыздандыруу | |
Көп батирлүү үйлөрдөгү батирдин жалпы аянты 70 кв. метрден көп болбоого тийиш. Жеке турак үйдүн жалпы аянты 150 кв. метрден көп болбошу керек | Укук белгилөөчү документтер, кыймылсыз мүлктүн (батирдин же жеке турак үйдүн) техникалык паспорту |