КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы № 51 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы  № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын  ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо  жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктунун бешинчи абзацындагы «, дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына – дипломатиялык ранг үчүн» деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомго 7-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтомго 10-тиркеменин 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                 М.Д.Абылгазиев