Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 “Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Өлкөдө накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 “Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, башка мамлекеттик органдары, ошондой эле бюджеттик мекемелери 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөлүк тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында эмгек акы долбоорлорунун алкагында эмгек акыларды, ошондой эле пенсияларды, жөлөк пулдарды төлөөлөрдү жана өлкөнүн бюджеттен төлөнүүчү башка төлөмдөрдү «Элкарт» улуттук төлөм картасына которууну камсыз кылышсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
Т.А.Сариев Т.С.Абдыгулов
Тиркеме
«2-тиркеме
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча 2016-2017-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планы (экинчи этап)
Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучу | 1. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө накталай эмес форма боюнча төлөмдөр | 1.1. | Мамлекеттик жана муниципалдык электрондук/ мобилдик кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү камсыз кылуу үчүн мобилдик банкинг системасын кошкондо, мамлекеттик электрондук төлөм системасын түзүү | 2016-2017-жылдар | ТКМ, ЭМ, ФМ, МБК, МСК, Мамкаттоо, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча). | 1.2. | Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке адамдардын (салык төлөөчүлөрдүн) алыш-бериш эсептеринен акча каражаттарын казыналыктын бюджеттик эсептерине которуу аркылуу бюджетке салыктык төлөмдөрдү накталай эмес формада төлөө | 2016-2017-жылдар | МСК, ФМ, ЭМ, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), | 1.3. | Региондордо салыктык төлөмдөрдү накталай эмес формада төлөөгө (терминалдар, банкоматтар жана аралыктан банктык тейлөөнүн башка ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) этап-этап менен өтүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу. | 2016-2017-жылдар | МСК, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча) | 1.4. | Салыктык төлөмдөрдү накталай эмес формада төлөө эрежелери тууралуу салык төлөөчүлөргө маалымат берүү | Дайыма, маалыматтарды квартал сайын жаңылоо менен | МСК, КБ (макулдашуу боюнча). | 1.5. | Камсыздандыруу суммаларын (пенсиялык фонддорго, мүлктүк жана башка камсыздандыруу фондоруна) юридикалык жактардын алыш-бериш эсептеринен Социалдык фонддун жана башка пенсиялык топтоо фондорунун алыш-бериш эсептерине которуу аркылуу төлөө | 2016-2017-жылдар | Соцфонд, ПТФ (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча) | 1.6. | Кыргыз Республикасынын региондорун камсыздандыруу төгүмдөрүн накталай эмес формада төлөөгө (терминалдар, банкоматтар, аралыктан банктык тейлөөнүн башка ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) этап-этап менен өткөрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу. | 2016-2017-жылдар | Соцфонд, ПТФ (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча) | 1.7. | Субъекттерге камсыздандыруу төгүмдөрүн накталай эмес формада төлөө эрежелери жөнүндө маалымат берүү | Дайыма, маалыматтарды квартал сайын жаңылоо менен | Соцфонд, ПТФ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча) | 1.8. | Субъекттердин коммерциялык банктардагы алыш-бериш эсептеринен акча каражаттарын Мамкаттоонун эсептерине которуу аркылуу мамлекеттик каттоо төлөмдөрүн мамлекеттин кирешесине накталай эмес формада төлөө | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) | 1.9. | Кыргыз Республикасынын региондору боюнча мамлекеттик каттоо төлөмдөрүн накталай эмес формада төлөөгө этап-этабы менен өтүүгө карата иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча) | 1.10. | Мамлекеттик каттоо төлөмдөрүн мамлекеттин кирешесине накталай эмес формада төлөө боюнча перифериялык түзүлүштөрдү (банкоматтарды, терминалдарды ж.б.) жана системаларды орнотуу боюнча коммерциялык банктар менен келишимдерди түзүү | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча) | 1.11. | Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү улуттук валютада сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү накталай эмес формада төлөөнү камсыз кылуу боюнча милдеттүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) | 1.12. | Айыптарды жана алымдарды, ошондой эле башка төгүмдөрдү накталай эмес формада төлөө эрежелери жөнүндө калкка маалымат берүү | Дайыма, маалыматтарды квартал сайын жаңылоо менен | Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) | 1.13. | Мамлекеттик каттоо кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөмдөрдүн келип түшүшү жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө кабыл алуу жана эсепке алуу үчүн Мамкаттоонун ички автоматташтырылган системасын өркүндөтүү/модернизациялоо | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо | 1.14. | Кыргыз Республикасынын региондору боюнча бюджеттик уюмдардын ички кассаларын калкка көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдар менен жабдуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | ССМ, ММТМ, Бишкек жана Ош шарларынын мэриялары, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2. Бюджеттен накталай эмес формадагы чыгашалар | 2.1. | Эмгек акыларды, ошондой эле стипендияларды, жөлөк пулдарды жана башка чегерүүлөрдү бюджеттик уюмдардын эсептеринен акчаларды эмгек акыларды, стипендияларды, жөлөк пулдарды жана мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен чегерүүлөрдү алышкан адамдардын банктык эсебине которуу аркылуу төлөө | 2016-2017-жылдар | Министрликтер жана ведомстволор, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «Кыргызпочтасы» МИ | 2.2. | Соцфонддун, ЭСӨМнин, ПТФнун эсептеринен пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү алуучулардын банктардагы жеке эсептерине төлөө | 2016-2017-жылдар | Соцфонд, ЭСӨМ, ПТФ (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча) | 2.3. | ЭСӨМ менен башка инвестициялык фонддордун жана алардын банктарынын ортосунда жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү берүү жөнүндө төлөмдүк маалыматтарды электрондук түрдө алмашуу жана берилүүчү маалыматтардын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ЭСӨМнин, ПТФнун бөлүмдөрүндө орнотуу | 2016-2017-жылдар | ЭСӨМ, ПТФ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), «Кыргыз почтасы» МИ | 3. Калктын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин накталай эмес формадагы төлөмдөрү | 3.1. | Региондор боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрүнө накталай эмес формада төлөө (жол жүрүүчү билеттерди накталай эмес формада сатууну кошкондо) боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), Байланыш операторлорунун ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 3.2. | Региондор боюнча мектепте балдарды тамактандырууну накталай эмес формада төлөө боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Мектепте балдарды тамактандырууну накталай эмес формада төлөөгө этап-этабы менен өтүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), Байланыш операторлорунун ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 3.3. | Милдеттүү медициналык камсыздандырууну накталай эмес формада төлөө боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну накталай эмес формада төлөөгө этап-этабы менен өтүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | ММКФ, ССМ, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ (макулдашуу боюнча) | 4. Накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасын өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү | 4.1 | Ишкердик иш боюнча төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүнү регламенттөөчү мыйзамдарды өркүндөтүү | 2016-2017-жылдар | ЭМ, Улуттук банк, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 4.2 | Накталай эмес формада төлөөнүн (мобилдик төлөмдөр, электрондук акча ж.б.) инновациялык ыкмаларын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, ЭМ | 5. Накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн төлөм системасынын инфратүзүмүн кеңейтүү | 5.1. | Жеке адамдарды тейлөө жана алардын жеке эсептерин жүргүзүү максатында банктардын ички системаларын модернизациялоо | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ (макулдашуу боюнча) | 5.2. | Өз ара аракеттенүүнүн жана банктык эсепти башкаруунун электрондук каражаттарын (интернет-банкингди, мобилдик банкингди, төлөм карталарын кошкондо) колдонуу менен кардарларды тейлөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, КБ, «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), Байланыш операторлорунун ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | 5.3. | Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы долбоорлорун, социалдык жана пенсиялык долбоорлорду, калктын аз камсыз болгон катмарын тейлөөдө коммерциялык банктар менен ыңгайлуу тариф саясатын макулдашуу жана ишке ашыруу, (эсептерди акысыз ачуу, төлөм карталарын акысыз берүү, интернет-банкингге кошуу ж.б.). | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), ЭМ | 5.4. | Соода жана сервис ишканаларында, бюджеттик уюмдарда терминалдарды, банкоматтарды жана калктан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча башка каражаттарды орнотууну кошкондо, региондордо төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу боюнча маркетингдик пландарды иштеп чыгуу жана коммерциялык банктар тарабынан ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, КБ, «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), ТКМ | 5.5. | Төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу/жүргүзүү боюнча кардарларды тейлөө боюнча инфраструктураны өнүктүрүү | 2016-2017-жылдар | ТКМ, «Кыргызпочтасы» МИ, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча) | 5.6. | «Кыргызпочтасы» МИнин ички системасын модернизациялоо, бөлүмдөрүн техникалык жабдуу жана төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу/жүргүзүү боюнча кардарларды тейлөө боюнча инфратүзүмүн өнүктүрүү. Почта байланыш түйүнүн техникалык жабдуу | 2016-2017-жылдар | ТКМ, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы, КБ (макулдашуу боюнча) | 5.7. | «Кыргызпочтасы» МИнин бөлүмдөрүндө калктан төлөмдөрдү накталай эмес формада жыйноо каражаттарын жана системаларын орнотуу боюнча (банкоматтар, терминалдар, «банк-кардар», интернет-банкинг системалар ж.б.) коммерциялык банктар менен келишимдерди түзүү | 2016-2017-жылдар | ТКМ, «Кыргыз почтасы» МИ, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча) |
».
Кыскартылган аталыштардын тизмеси:
КРӨ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ЭМ Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
ЮМ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
ФМ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ТКМ Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
ССМ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ЭСӨМ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
ММТМ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
АЧММ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
МБК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
МСК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
Мамкаттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
Соцфонд Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
«БПБ» ЖАК «Банктар аралык процессинг борбору»
ЖАК КБ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары
ПТФ Пенсиялык топтоо фонддору
ЖӨБО Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ЮЖБ Юридикалык жактардын бирикмеси