Баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу маселеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Квалификациялуу инвесторлор жана квалификациялуу инвесторлордун гана сатып алышы үчүн арналган баалуу кагаздар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин квалификацияларын милдеттүү жогорулатуудан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүнүн жана макулдукту чакыртып алуунун тартиби жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 250 "Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисинин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисинин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби тууралуу жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 251 "Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун үчүнчү абзацы "ишенимдүү башкаруу боюнча келишим түзүлгөндө" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо башкаруу мөөнөтүнүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунда:
алтынчы абзацы "башкаруучу компанияга берилген" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде талап коюу укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча берилген" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- башка баалуу кагаздар (ата мекендик же чет өлкөлүк эмитенттердики) жана финансылык куралдар, анын ичинде туунду баалуу кагаздар жана мөөнөттүү бүтүмдөр - эгерде квалификациялуу инвестор болуп саналган жак пайда табуучу болуп саналса.";
- 11-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"которуучу жана жөнөкөй векселдер, квалификациялуу инвестор анын пайда табуучусу болуп саналган башкаруудан башкалары";
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул пункттун жоболору квалификациялуу инвестор анын пайда табуучусу болуп саналган ишенимдүү башкарууга карата колдонулбайт.";
- 15-пункту "Акча каражаттарын" деген сөздөрдөн мурда "Накталай" деген сөз менен толукталсын;
- 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул пункттун жоболору квалификациялуу инвестор анын пайда табуучусу болуп саналган ишенимдүү башкарууга карата колдонулбайт.";
- 43-пунктунун "д" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"д) квалификациялуу инвестор анын пайда табуучусу болуп саналган башкаруудан башкасы - башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын банкроттук (кудуретсиздик) чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жоюлуу, банкрот болуу жана атайын башкаруунун башка процесстери жүрүп жаткан уюмдар чыгарган (эмиссиялаган) баалуу кагаздарды сатып алууга;".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 265 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;
- баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген шарттары (баалуу кагаздар эмиссияланганда);
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген проспект;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастоочу документтин көчүрмөсү (эгер эмитент бул документтерди мурда бере элек болсо);
- юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү, уставга киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен (эгер эмитент бул документти мурда бере элек болсо);
- эмитенттин акцияларды коомго сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алганын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- баалуу кагаздарды жана проспектти коомго сунуш кылуунун шарттарын мамлекеттик каттагандык үчүн комиссиялык акы төлөнгөнүн ырастоочу документ;
- эгерде эмитент өз ишин үч жылдан азыраак жүргүзсө, акыркы бүткөн үч финансылык жылдагы же ар бир жылдагы иши үчүн эмитенттин бухгалтердик жылдык отчетторунун көчүрмөлөрү;
- берилген бухгалтердик отчетко карата аудитордун корутундусу (аудиторлордун квалификациясына жана кесиптик компетенциясына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат);
- проспекти түзгөн учурга карата акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөлөрү;
- корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү.";
- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.";
- 91-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Белгиленген мөөнөттүн ичинде жайгаштырылбаган баалуу кагаздар жокко чыгарылат жана ал жөнүндө тиешелүү жазуулар Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 275 "Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"облигацияларды жабуу - эмитенттин сый-акыларды жана облигациялардын нак наркын төлөө (кийин сатуу максатысыз) же чыгарылган облигациялардын проспектинде белгиленген тартипте ошол эле эмитенттин акциясына (акцияларына) алмаштыруу жолу менен жайгаштырылган облигацияларды жүгүртүүдөн алуу боюнча аракеттери;";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Облигациялар эркин жүгүртүлүүчү же жүгүртүү чөйрөсү чектелген энчилүү гана, анын ичинде квалификациялуу инвесторлор үчүн гана чыгарылган болушу мүмкүн.";
- 11-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- пайыздык ставканы же аны аныктоонун тартибин;";
- 17-пунктундагы "эмитенттин" деген сөз алып салынсын;
- 37-пунктунда:
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде эмитент өз ишин үч жылдан азыраак жүргүзсө, акыркы бүткөн үч финансылык жылдагы же ар бир жылдагы иши үчүн эмитенттин бухгалтердик жылдык отчетторунун көчүрмөлөрү;";
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- камсыздалган облигациялар чыгарылган учурда эмитенттин милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылганын ырастаган документтер;
- облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартибинин көчүрмөсү;";
- 38-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Облигацияларды чыгарууну камсыз кылуу үчүн берилген мүлктүн нарктары боюнча чектөөлөр квалификациялуу инвесторлор үчүн гана чыгарылган облигацияларга колдонулбайт.";
- 46-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 85-1-пункт менен толукталсын:
"85-1. Облигацияларды чыгарууну камсыз кылуу үчүн берилген мүлктүн нарктары боюнча чектөөлөр квалификациялуу инвесторлор үчүн гана чыгарылган облигацияларга колдонулбайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 88-1-пункт менен толукталсын:
"88-1. Камсыз кылынбаган облигацияларды жүгүртүүдө негизги фонддорду кайра баалоонун эсебинен кошумча облигацияларды чыгарууга тыюу салынат.";
- 96-пунктундагы "эмитенттин" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"Баалуу кагаздарды төлөөнүн жана баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алуунун ыкмалары, баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн мөөнөтү жана жабуунун тартиби.
Баалуу кагаздарды алмаштыруунун тартиби (алмаштырылышы мүмкүн болгон баалуу кагаздар чыгарылган учурда).";
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Финансылык отчет жана башка маалыматтар
"Эгерде эмитент өз ишин үч жылдан азыраак жүргүзсө, акыркы бүткөн үч финансылык жылдагы же ар бир жылдагы иши үчүн эмитенттин бухгалтердик жылдык отчетторунун көчүрмөлөрү, ошол бухгалтердик отчетко карата аудитордун корутундусу.
Проспектти түзгөн учурга карата акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчету.
Эмитенттин учурдагы карыздары жана кредиттери жөнүндө маалыматтар (милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүнө жараша эмитенттин кредитордук, дебитордук карыздарынын структурасы ачылат. Мөөнөтү кечиктирилген кредитордук карызы бар болсо анын негизги шарттары (проценттик ставка, айыптык санкциялар, үстөктөр) жана болжолдонгон төлөө мөөнөттөрү көрсөтүлөт).
Эгер эмитент өз ишин үч жылдан азыраак жүргүзсө, акыркы бүткөн үч финансылык жылдагы же ар бир бүткөн финансылык жылдагы болгон орчундуу фактылар жөнүндө маалыматтар.
Баалуу кагаздарды пландалып жаткан жайгаштыруунун натыйжасында алынуучу каражаттарды пайдалануунун тартиби жана багыты.
Көз каранды эмес аудитор жөнүндө маалымат.
Эмитент өндүрүүчү же керектөөчү товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы наркынын 5 жана андан ашуун пайызын керектөөчүлөр жана аларды (жумуштарды, кызматтарды) аткаруучулар жөнүндө.
Активдердин жалпы көлөмүнүн 10 пайызынан аз эмести түзгөн эмитенттин активдеринин көлөмү жана баяндамасы, анын ичинде: эмитенттин ишенимдүү башкарууга берилген активдери жөнүндө, ошондой эле эмитенттин милдеттенмелерин камсыздандыруучу болуп саналган активдери жөнүндө, бааланган суммасын, баалоочунун аталышын, ар бир активди баалаган күндү жана тиешелүү келишимдердин колдонулушу бүткөн датаны көрсөтүү менен; эмитенттин активдеринин баланстык наркынын 5 жана андан ашык пайызын түзгөн дебитордук карызы, аларды жоюу мөөнөтү жөнүндө, дебиторлордун тизмесин көрсөтүү менен.
Эмитенттин милдеттенмелеринин баланстык наркынын 5 жана андан ашуун пайызын түзгөн кредитордук карыздары, аларды жабуунун мөөнөттөрү жөнүндө, кредиторлордун тизмесин, анын ичинде эмитент чыгарган баалуу кагаздар боюнча кирешелерди төлөөдөгү карыздардын суммасын көрсөтүү менен.
Эмитенттин аффилирленген жактары жөнүндө, кызмат адамдарынан жана акционерлерден башкасын.
Облигациялык зайымдын максаты жөнүндө. Мында проспектиде жүгүртүлүүчү каражаттарды толтурууну арналган максаты катары көрсөтүүгө жол берилбейт.
Камсыздандырылган облигациялар чыгарылган учурда ушул чыгарылыштагы облигациялардын камсыз кылынышы жөнүндө.
Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө.
Салык төлөөчүнүн толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, почталык дареги, идентификациялык номери, телефону/факсы, лицензиясы жөнүндө маалыматтар (лицензиянын номери, берилген күнү, берген орган, жарактуулук мөөнөтү) көрсөтүлөт. Акыркы аудитордук текшерүү болгон дата.
Облигацияларды жүгүртүүдөгү чектөөлөр.
Жайгаштырылуучу облигацияларды жүгүртүүдөгү баардык чектөөлөр көрсөтүлөт.
Облигацияларды чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары.
Облигациялар сатылуучу негизги орун (орундар).
Жетекчи: | _______________________________________ | ___________________ |
(кызматы, аты-жөнү) | (колу) |
Дата: 201__-жылдын "__" _______________
М.О.
Башкы бухгалтер: | _______________________________________ | ___________________ |
(кызматы, аты-жөнү) | (колу)". |
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 588 "Башка мамлекеттердин эмитенттери чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башка мамлекеттердин эмитенттери чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасында квалификациялуу инвесторлор үчүн гана ачык сунуш кылууга уруксат берилсе, ошол баалуу кагаздарды квалификациялуу инвесторлор гана сатып ала алат. Башка жактардын ошол баалуу кагаздарды сатып алышына ушул Жободо белгиленген учурларда гана жол берилет.";
- 6-пунктунда:
мамлекеттик тилдеги текстинин экинчи абзацы "статуска ээ болсо" деген сөздөрдөн кийин ("акциялары ачык сунушталган учурда") деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасында эмитенттин ачык сунушталган баалуу кагаздарынын ээлеринин укуктарынын эсебин алуу үчүн эмитент баалуу кагаздар рыногунун депозиттик ишти жүргүзгөн кесипкөй катышуучусу менен келишим түзсө.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуштоого уруксат берилген эмитентке жана анын баалуу кагаздарына карата да Кыргыз Республикасынын эмитенттери жана алардын баалуу кагаздары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар коюлат, мында ошол баалуу кагаздар адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө ачык сунушталаары же квалификациялуу инвесторлорго гана сунушталаары эске алынат.";
- 9-пунктунун он сегизинчи - жыйырманчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- эмитенттин кредиттик рейтингди алганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн, эгер бар болсо;
- өлкөнүн чегинен тышкаркы биржанын биринде эмитенттин листингден өткөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн, эгер бар болсо;
- акыркы үч жылдагы финансылык отчетту жана ошол жылдардагы финансылык отчеттор боюнча аудитордук бүтүмдөрдү, эгер эмитенттин иштеген мөөнөтү үч жылдан аз болсо - анда анын ишинин баардык жылдары үчүн.".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы брокерлердин жана дилерлердин кесиптик иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы брокерлердин жана дилерлердин кесиптик иши жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "л" пунктча менен толукталсын:
"л) кардарды квалификациялуу инвестор деп таануунун тартиби бекитилсин.".
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 7-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Сатып алуу-сатуу келишимин түзүү жолу менен (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фондулук биржалардын соода аянтчаларында жүгүртүлбөшү мүмкүн болгон баалуу кагаздар үчүн).
Жазуу жүзүндөгү форма өзүнө биржанын эрежесинде белгиленген тартипте электрондук-цифралык колду, же болбосо өз колунун башкача аналогун пайдаланууну камтыйт.";
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун жалпы шарттарын белгилеген келишимдердин негизинде кардарлардын эсебинен жана мындай жалпы шарттар жана тапшырма ушул пунктта саналган баардык милдеттүү маалыматтардын жыйындылары камтылган шартта, өзүнчө бүтүмдөрдү жасоо үчүн кардарлар жиберген бир жолку тапшырма боюнча баалуу кагаздар менен операцияларды жасай алышат.";
- 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы тооруктарды уюштуруучулардын биринин да котировкалык тизмесине кирбеген баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдө;".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 498 "Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 14-16-пункттар менен толукталсын:
"14) Берилген бухгалтердик отчётко аудитордун корутундусу (аудиторлордун квалификациясына жана кесиптик компетенциясына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат);
15) проспекти түзгөн учурга карата акыркы аяктаган отчёттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчётунун көчүрмөлөрү;
16) корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү.".
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 224 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине коюлуучу минималдуу талаптарда:
- 3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Делистингдин эрежеси фондулук биржа тарабынан белгиленет.".
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 "Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Облигациялардын мурдагы чыгарылышынын жыйынтыгы ишке ашты же ишке ашкан жок деп таанылганга чейин облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону ишке ашыруу мүмкүн эмес.";
- 22-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышына камсыздоо бар экендигин ырастаган документтер;";
- 30-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.";
- 67-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Жекече сунуш кылуунун шарттарын максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес".
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 16-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ачык компания болуп саналган эмитенттин жылдык отчетунун, анын ичинде финансылык отчетунун жана аудитордук корутундунун кыскача баяндамасы акционерлердин жылдык чогулушу өткөндөн кийин ушул Жобонун 2-1-тиркемесине ылайык эки айдын ичинде, бирок отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттарына же баалуу кагаздардын тооругунун лицензиясы бар уюштуруучунун (фондулук биржанын) расмий сайтында жарыяланууга тийиш.";
төмөнкүдөй мазмундагы 3-глава менен толукталсын:
"3-глава. Баалуу кагаздар рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин иштери жөнүндө маалыматтарды жарыялоо үчүн пайдаланылуучу жалпыга маалымдоо каражаттарына коюлуучу талаптар.
36. Газета:
- мезгилдүү басылманын жылдык тиражы 20000 нускадан кем болбоого тийиш;
- басылма мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгарылууга тийиш;
- басылма Кыргыз Республикасынын аймагында таркатылууга тийиш;
- мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин тиражы ар жума сайын чыгарылууга тийиш;
- туруктуу аты болууга тийиш.
37. Журнал:
- мезгилдүү басылманын жылдык тиражы 10000 нускадан кем болбоого тийиш;
- басылма мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгарылууга тийиш;
- басылма Кыргыз Республикасынын аймагында таркатылууга тийиш;
- мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин тиражы ар ай сайын чыгарылууга тийиш;
- туруктуу аты болууга тийиш.
38. Бюллетень:
- мезгилдүү басылманын жылдык тиражы 10000 нускадан кем болбоого тийиш;
- басылма мамлекеттик жана расмий Тилдерде чыгарылууга тийиш;
- басылма Кыргыз Республикасынын аймагында таркатылууга тийиш;
- мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин тиражы жарым жыл сайын чыгарылууга тийиш;
- туруктуу аты болууга тийиш.";
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. Кыймылсыз мүлктөрдүн объектилери жөнүндө маалыматтар
Аталышы | Турган жери, почталык дареги | Негизги арналышы | Аянты (м2) | Чектөөлөрү барбы же жокпу |
";
жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Кыймылсыз мүлктүн аянтына карабастан аны сатып алуу, алуу же бир жылдан ашык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө келишимди түзүү фактысы же башка документтер жана/же мындай келишимди мамлекеттик каттоо фактысы.
Билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- келишимдин тарабынын фамилиясы, аты-жөнү же толук аталышы, турган жери жана почталык дареги же башка документи;
- келишим түзүлгөн күн;
- кыймылсыз мүлктөрдүн баяндамасы;
- келишимдин баяндамасы.".
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
13. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М.Абылгазиев |