КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 26 январындагы № 25 токтому

“Айыл чарбаны каржылоо - 4” долбоорун бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. “Айыл чарбаны каржылоо - 4” долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте: 

- “Айыл чарбаны каржылоо - 4” долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер менен пайыздык коюмдарды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;

 - субсидиянын биринчи траншын Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин каражаттарынан каржыласын;

 - “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда субсидиянын экинчи жана үчүнчү траншын төлөө үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырсын. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Т.А.Сариев Тиркеме “Айыл чарбаны каржылоо - 4” долбоору 

1.Жалпы жоболор “Айыл чарбаны каржылоо - 4” долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу республиканын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 36 ай. Каржылоонун булактары: 

Кыргыз Республикасынын 2016-2017-жылдарга республикалык бюджети жана коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринин каражаттары. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2016-жылдын январы. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелери (чакан кредиттик компаниялар, чакан каржылоо компаниялары ж.б.). Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында 2016-жылдын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринин финансы каражаттары республиканын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык коюмдар менен берилет. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-2018-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан жеңилдетилген пайыздык коюмдар боюнча кредиттерди жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринин чыгымдарын субсидиялайт. Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер мурда алынган кредиттик каражаттардын максаттуу тармагы “Айыл чарбаны каржылоо - 4” долбоорунун максаттарына туура келген учурда заемчулардын карызын, анын ичинде башка банктарда жана/же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринде болгон карыздарын кайра каржылоого укуктуу, мында кайра каржылоого багытталган суммасы каржылоонун жалпы суммасынан 10 пайыздан ашпашы керек. Ушул Долбоордун алкагында кредит алуунун милдеттүү түрдө аткарылуучу шарты болуп заемчулардын банктардан жана/же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринен алган кредиттери боюнча терс кредиттик таржымалы жана төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу, салыктар жана башка милдеттүү чегерүүлөр боюнча төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу, ошондой эле продукция чыгарууну кеңейтүү/көбөйтүү жана салыктар боюнча чегерүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдүн болушу саналат. Долбоорго катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, заемчуларга төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда кредит берүүгө милдеттүү: 

Максаттуу тармакӨсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүү Аяккы пайыздык коюмжылына 10 пайыз Кредиттин мөөнөтү36 айдан ашык эмес Жеңилдетилген мезгил6 айга чейин карыздын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн толук бошотуу Жеке кредиттер боюнча 100 (жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар айылдын Аксакалдар кеңешинин жазуу жүзүндөгү сунуштамасы болгон учурда 12 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Ушуну менен бирге бул максаттарга багытталуучу жалпы сумма кредиттөөнүн жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпашы керек. 

2.Мал чарба тармагынын субъекттери үчүн кошумча шарттар Бул тармакка төмөнкүлөр менен алектенген субъекттер кирет: -ири мүйүздүү мал, анын ичинде топоз кармоо; 

-кой, эчки, жылкы, коён кармоо; 

-канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) кармоо; 

-бал аарыларын кармоо, анын ичинде аары балын жана аары момун өндүрүү; 

-балык өстүрүү жана балык питомниктеринин жана балык фермаларынын иши; -чочко кармоо. Бул тармактын субъекттери ушул Долбоордун алкагында бир заемчу үчүн 3 (үч) млн сомдон ашпаган өлчөмдө кредит ала алышат. Бул тармактын субъекттеринде айыл чарба жаныбарларын кармоо жана өстүрүү үчүн бардык тийиштүү шарттардын, анын ичинде тоют базасынын жана кыш мезгилинде тоюттарды сактоо үчүн шарттардын болуусу зарыл. Өз продукцияларын жеткирип берүүгө кайра иштетүүчү ишканалар менен келишимдерди (контракттары) түзгөн субъекттер артыкчылыктуу болушат. Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер ушул Долбоордун алкагында зарылдыгына жараша субъекттер берген маалыматтардын тактыгы тууралуу кошуналарды жана айылдаштарды сурамжылоого укуктуу. 

3.Өсүмдүк өстүрүү тармагынын субъекттери үчүн кошумча шарттар Өсүмдүк өстүрүү тармагына төмөнкүлөр кирет:

 -дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;

 -техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү; 

-жашылча, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү, бак өстүрүүчүлүк; -күнөскана чарбачылыгы; -жемиштерди жана жер жемиш өстүрүү; 

-тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген субъекттердин ушул Долбоордун алкагында кредит алуу үчүн сөзсүз түрдө өздөрүнүн же ижарага алган айыл чарба багытындагы жери, мындай жерге күбөлөндүрүүчү документтери менен (күбөлүк, ижара келишимдери, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.) болуусу керек. Өсүмдүк өстүрүү тармагынын субъекттери үчүн кредиттин максималдуу көлөмү боюнча чектөөлөр жок. Өсүмдүк өстүрүү тармагынын субъекттери тармак өзгөчөлүгүнө жана сезондуулугуна байланыштуу кредиттерди кезексиз ала алышат. Бул тармактагы артыкчылыктуу багыт болуп экспорттук айыл чарба өсүмдүктөрдү өстүрүүнү каржылоо, ошондой эле күнөсканалар чарбачылыгын жүргүзүүгө жана тамчылатып сугаруу системасын киргизүү боюнча долбоорлорду каржылоо саналат.

 4.Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагынын субъекттери жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча шарттар Бул тармакка төмөнкүлөр кирет: 

-айыл чарба азыктарын (дан, чанактуу эгиндер, айыл чарба жаныбарларынын (ири мүйүздүү малдын, кой-эчкинин, жылкынын, канаттуулардын ж.б. эти жана терилери), сүттү (ири мүйүздүү малдын, кой-эчкинин ж.б.) иштетүү жана кайра иштетүү; -балыкты жана балык азыктарын кайра иштетүү жана консервалоо; 

-жемиштерди, жашылчаларды жана жер жемиштерди кайра иштетүү жана консервалоо; 

-өсүмдүк жана жаныбар майларын өндүрүү;

 -айыл чарба жаныбары үчүн тоюттарды өндүрүү;

 -минералдуу сууларды өндүрүүдөн тышкары, айыл чарба азыктарынан тамак-аш азыктарын өндүрүү (анын ичинде айыл чарба азыктарынын кайра пайдаланылуучу чийки заттары); 

-айыл чарба үчүн жер семирткичтерди жана азот кошулмаларын өндүрүү; 

-айыл чарба азыктарын таңгактоо, жыйыштыруу жана сактоо, анын ичинде жашылча кампасы;

 -айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларын союучу цехтер; -айыл чарба азыктарын сатып алууну, сактоону, ташуу жана сатып өткөрүүнү уюштуруу боюнча логистикалык борборлор. Биринчи категориядагы субъекттерге 20дан ашык жумушчу оруну болгон ишканалар кирет, алар ушул Долбоордун алкагында бир заемчу үчүн 50 (элүү) млн сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат. Экинчи категориядагы субъекттерге өзүндө 20га чейинки жумушчу оруну болгон ишканалар кирет, алар ушул Долбоордун алкагында бир заемчу үчүн 10 (он) млн сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат. Ушул Долбоордун алкагында өндүрүштүк циклдин бардык этаптары, анын ичинде негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу, ошондой эле эмгек акы фонду каржыланышы мүмкүн. Бул тармактын субъекттери Кыргыз Республикасынын резиденттери жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде салык кызматында жана социалдык фондунда талаптагыдай катталган болушу керек. Бул тармактын артыкчылыгы төмөнкү субъекттер болуп эсептелет: 

- айыл чарба азыктарын (чийки затты) жеткирип берүү боюнча жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен келишимдерди (контракттарды) түзүшкөндөр; - жумуш орундарынын санынын өсүшүн, айыл чарба азыктарынын өндүрүшүн кеңейтүүнүн/көбөйтүүнүн жана салыктар боюнча чегерүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүнүн оң динамикасы болгондор.

 5. Субсидияны эсептөө Жеңилдетилген кредиттерди берүүдө коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин ар айлык кредиттөө көлөмүнүн субсидиялоонун коэффициенти 19,71 пайыз өлчөмдө кабыл алынат. Алардын ичинен бир бөлүгү 2016-жылы 9,78 пайызга барабар болгон эсептик коэффициент боюнча жана экинчи бөлүгү, 2017-жылы 7,55 пайызга барабар болгон эсептик коэффициент боюнча жана үчүнчү бөлүгү 2018-жылы 2,38 пайызга барабар болгон эсептик коэффициент боюнча которуп берилет.

 6. Субсидияларды которуп берүү Эсептик коэффициенттерге ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктарга жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелерге эки транш менен которот, анын ичинен:

 - биринчи транш - тийиштүү айга субсидиялоого коммерциялык банктардын өтүнмөлөрүн алган учурдан тартып, ар бир айдын 30/31ине чейин; 

- экинчи транш - биринчи траншты берген күндөн 365 күн өткөндөн кийин.

 - үчүнчү транш - экинчи траншты берген күндөн 365 күн өткөндөн кийин. 

7. Долборду ишке ашыруу схемасы 8. Долбоорду ишке ашыруунун баяндамасы Долбоорго катышууга каалоосун билдирген коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кызматташуу тууралуу макулдашуу түзүшөт. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер айдын 10уна чейин ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тийиштүү айда кредит берүүнүн суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө берет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиянын суммасын эсептөөнү эсептик коэффициенттерине ылайык жүргүзөт жана субсидиянын траншын коммерциялык банктарга жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелерге которуу үчүн тиешелүү айга финансылык план даярдайт. Субсидиянын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан, коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин алыш-бериш эсептерине, тиешелүү айдын 30/31ине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казынасы тарабынан которулат. Субсидия которулгандан кийин, коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер өз каражаттарынан комиссиялык же башка жыйымдарды албастан, айыл чарбадагы өндүрүүчүлөргө төмөнкүдөй шарттарда кредиттерди беришет: 

- пайыздык коюм - жылына 10 пайыз; 

- кредитти кайтаруу мөөнөтү - 36 айдан ашык эмес; 

- кредит боюнча негизги сумманы жана пайыздарын төлөө кредиттик макулдашууга ылайык негизги сумма боюнча 6 айга чейин жеңилдетилген мезгил берүү менен жүргүзүлөт. Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин ишине көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы ишке ашырат. Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер тарабынан пайдаланылбай калган субсидиялардын суммасынын калдыгы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которулат. 

9. Тобокелдер жана коркунучтар Жеңилдетилген кредиттерди алуучулар каражаттарды башка максатка пайдалануу тобокелдиги: 

- жеңилдетилген кредиттерди алуучулардын кредиттик каражаттарды башка максатта пайдалануу тобокелин азайтууну коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер белгиленген тартипте ишке ашырышат;

 - кредиттик каражаттар максаттуу пайдаланылбаган факты аныкталган учурда коммерциялык банктар же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер кредиттик каражаттардын пайдаланыла элек калдыгын мөөнөтүнөн мурда жоюуну талап кылууга жана кредитти алган күндөн баштап жылына 30 пайыз өлчөмдө пайыздык коюмду белгилөөгө укуктуу; 

- мындай учурда, коммерциялык банк же адистештирилген финансы-кредиттик мекеме берилген кредиттин суммаларынан эсептик коэффициенттерди эсепке алуу менен алынган субсидиянын каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет. Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин субсидия каражаттарын башка максатка пайдалануу тобокелдигин азайтуу максатында: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы белгиленген тартипте коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин субсидияны максатка ылайык пайдалануу иштерине көзөмөл жүргүзөт; - коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер Долбоорго ылайык жайгаштырылган кредиттердин көлөмү боюнча ар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчётторду берип турушат;

 - субсидиянын каражаттарын коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер тарабынан максаттуу пайдаланылбаган факты аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптан андан аркы субсидиялоону токтотууга жана субсидия боюнча траншты (которгон күндөн баштап), жылына 30 пайыз өлчөмүндө коюмду белгилөө жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Финансылык санкциялар субсидия боюнча которулуп берилген транш менен бирге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которулуп берилүүсү керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан милдеттенмелерди толук эмес аткаруу тобокели: 

- Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен субсидия боюнча биринчи транштын суммасын коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин алыш-бериш эсептерине ар айдын 30/31ине чейин субсидиялоонун эсептик коэффициенттерине жана субсидияны которуу тартибине ылайык которот. 

- субсидиянын экинчи жана үчүнчү траншын төлөп берүүгө каражаттар “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда каралат. Кредиттик каражаттарды толук эмес ылгап алуу тобокели:

 - Долбоорго болушунча көп финансы-кредиттик мекемелерди тартуу үчүн долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык субсидиялоонун эсептик коэффициенттерин жана субсидияларды төлөө тартибин эске алуу менен долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жалпы көлөмү гана чектелет.

 - коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер фермердик, дыйкан чарбалардын жана кооперативдердин мүчөлөрүнө топтук кредит берүү механизмин колдонууга укуктуу. Табигый катаклизмдер коркунучу: 

- табигый катаклизмдерден улам заемчулар тарабынан кредиттердин кайтарылбай калуу тобокели пайда болгондо, коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер аларды минималдаштыруу боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча көрүшөт

. 10. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдалануусуна мониторинг жүргүзүү Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдалануусуна мониторинг жүргүзүүнү коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер төмөнкүдөй түрдө ишке ашырышат: 

- заемчулар кредит алган учурдан баштап кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланганы жөнүндө отчётторду, кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдардын документтүү ырастоолорун (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар, жана/же коштомо кагаздар, төлөгөнү жөнүндө төлөмдүк документтер жана башкаларды) тиркөө менен 1 айдын ичинде берүүлөрү керек;

 - заемчудан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө отчётту алгандан кийин 3 айдын ичинде коммерциялык банктын же адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкерлери жерине барып мониторинг жүргүзүшөт, ал текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө ички отчёту менен таризделет. Кредит башка максатка пайдаланылган учурда, тийиштүү акт түзүлүшү керек жана ал кредит боюнча пайыздык коюм жылына 30 пайызга чейин кредит берилген күндөн баштап көбөйтүлүүгө тийиш. Заемчулар банкка же адистештирилген финансы-кредиттик мекемеге кредиттин максаттуу пайдалануусун ырастаган, төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:

 - мал сатып алган-саткан контракттардын/келишимдердин көчүрмөсүн же сатып алынган малдын катталгандыгы жөнүндө заемчунун катталган/жашаган/катталган жери боюнча тиешелүү айыл өкмөтүнүн чарба китебиндеги, малды сатып алынгандыгын тастыктаган айыл өкмөтүнүн сөзсүз белгилөөсү менен маалымкатты; 

- сатып алынган үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар жана айыл чарба техникасына запастык тетиктер, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөрдү ырастаган контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын, төлөмдүк документтеринин көчүрмөлөрүн (каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчёт менен кошо тапшырылууга тийиш). Өзгөчө учурларда: - кредит алуу менен агротехникалык иштерди жүргүзүүнүн оптималдуу мезгилинин мөөнөттөрүнүн ортосунда ажырым болгон учурда, кредит берилген күнгө чейин эки айдан эрте эмес тариздөө күнү менен актоочу документтерди кабыл алууга жол берилет; - үрөндү, минералдык жер семирткичти, күйүүчү-майлоочу материалды жана айыл чарба техникасынын запастык тетиктерин сатып алууга-сатууга, ошондой эле жеке жактын статусу бар адамдардын ортосунда техниканын кызматын көрсөтүү жөнүндө бүтүмдөр түзүлгөн учурда, айыл өкмөтүнүн башчысы күбөлөндүргөн, сатуучунун акча каражатты алганы тууралуу паспорттук маалыматтарын, сатылган үрөндүн сортторун же башка продукциянын/көрсөтүлгөн кызматтын санын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен берген тил каты кошо тиркелген контракт/сатуу-сатып алуу келишими актоочу документ боло алат; - алыскы айылдардын тургундары күйүүчү-майлоочу материалдарды биргелешип ыйгарым укуктуу адам аркылуу алышкан учурда - май куюучу станциялардын бардык төлөм документтеринин көчүрмөлөрү тиркелип, күйүүчү май бирге сатып алынганы - ушундай ар бир кредиттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчётто көрсөтүлөт. “Айыл чарбаны каржылоо - 4” долбоору боюнча кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну баалоо максатында айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин райондук мамлекеттик статистика бөлүмдөрүнүн (макулдашуу боюнча) кызматкерлери менен бирге алынган кредиттерди мал башынын көбөйгөндүгү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулагандыгы, малдын тукумунун жакшыргандыгы, элдин жашоо турмушунун жакшыргандыгы боюнча талдоо жүргүзөт жана “Айыл чарбаны каржылоо - 4” долбоорунун ишке ашырылышын аяктоонун жыйынтыгы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берет. ______

Тиркемелер

Басып чыгаруу