КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 28 декабрындагы № 888 токтому

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык; 

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

 2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин укуктук мураскери экендиги белгиленсин 

3. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн: 

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментине; 

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна; - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборуна;

 - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине. - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесине.

 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 “Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталышындагы жана 7-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин атайын каражаттары жөнүндө жобонун аталышындагы, преамбуласындагы жана 1-пунктундагы “Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- аталышындагы жана 1-пунктундагы “Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 - преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө жободо: аталышындагы жана 1-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү “Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пунктунда: 

- бешинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттердин алтынчы абзацындагы “Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Министерстве труда и социального развития” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин 6-пункту “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги,” деген сөздөр менен толукталсын.

 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталышындагы жана 1-пунктундагы “Социалдык өнүгүү министрлигине деген сөздөр “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин уставында:

 аталышындагы жана 1-пунктундагы “Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр “Эмгек жна социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

3-пунктунда: 

- экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттердин үчүнчү абзацындагы “Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Министерства труда и социального развития” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 - аталышындагы жана 1-пунктундагы “Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”;

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө жободо: 

- аталышындагы жана 1-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 4-пунктунда: 

- экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- үчүнчү абзацтын мамлекеттик жана расмий тексттериндеги “Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Министерстве труда и социального развития” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 - аталышындагы жана 2-пунктундагы “Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 1, 3 жана 4- пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жободо: аталышындагы жана 1-пунктундагы “Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 5- пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 6-пунктунда:

 - үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттердин төртүнчү абзацындагы “Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Министерстве труда и социального развития” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- в) пунктчасынын жетинчи, сегизинчи жана он үчүнчү абзацтарындагы 13 жана 14, 11-пунктарындагы “Социалдык” деген сөз “Эмгек жана социалдык” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 406 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө”; 

- 2-пунктундагы “Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 5- пункт күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

аталышындагы жана 1-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү “Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пунктунда: 

- бешинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттердин алтынчы абзацындагы “Социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Министерстве труда и социального развития” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 1, 3 жана 4-пункттары; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментин кайра уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомунун 1, 2, 3 жана 5- пункттары;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 9- пункту. 12. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги: - ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн; 

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

 13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 14. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.     

  Премьер-министр                                                     Т.А.Сариев

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө жобо 

1. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (мындан ары - Министрлик) калкты социалдык коргоо, анын ичинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды колдоо маселелерин, ошондой эле үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү жаатындагы маселелерди кошкондо эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана эмгекти коргоо чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат. 

2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 

3. Министрлик өз ишин башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен эриш-аркак жүзөгө ашырат. 

4. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү болот.  

2. Министрликтин максаты жана милдеттери 

5. Министрликтин максаты эмгек, эмгекти коргоо маселелерин кошкондо, иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, социалдык өнүгүү жана натыйжалуу социалдык коргоону камсыз кылуу, ошондой эле жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү болуп саналат. 

6. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат

: - эмгек, эмгекти коргоо маселелерин кошкондо, иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, социалдык өнүгүү, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жана улуттук жана мамлекеттик программаларды турмушка ашырууну камсыз кылуу; 

- экономика чөйрөсүндө эмгектик мамилелерди жана эмгекке төлөө системасын өнүктүрүү; 

- калктын иш менен камсыз болуусуна көмөк көрсөтүү; - жумушсуз жарандарды социалдык колдоо ченемдерин өркүндөтүү; 

- мамлекеттик колдоо, анын ичинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, ошондой эле эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон учурда иштеп жаткан жарандарга, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, сөөк коюуга мамлекеттик жөлөкпулдар жана компенсациялык төлөмдөр түрүндө колдоо системасын өнүктүрүү жана уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гендердик теңчиликти камсыз кылуу; 

- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына натыйжалуу социалдык кызмат көрсөтүү жана аны өнүктүрүү. 

3. Министрликтин функциялары 

7. Министрлик төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат: 

а) тармактык саясат функциялары: - жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, улгайган жарандарды социалдык коргоо системасын өркүндөтүүнү караган социалдык өнүгүү, эмгек, эмгекти коргоо маселелерин кошкондо, иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат; 

- эмгек ресурстарына керектөөлөрдү божомолдоону иштеп чыгат; 

- эмгектик мамилелер чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

 - кызматкерлердин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте сунуштарды даярдайт;

 - мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, эмгекке убактылуу жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, сөөк коюуга жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө маселелерин өркүндөтүү жана реформалоо боюнча сунуштарды киргизет жана багыттарды турмушка ашырат; 

- өз компетенциясынын чектеринде социалдык ченемдерди жана кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат; 

- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөткөн уюмдарды аккредитациялоо системасын иштеп чыгат жана киргизет;

 - улуттук гендердик саясаттын артыкчылыктарын аныктоо жана милдеттерин түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат; 

- гендердик чөйрөдөгү кырдаалга талдоо жана мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;

 - жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторунун негизинде жакыр үй-бүлөлөрдү аныктоо, эсепке алуу жана аларга социалдык колдоо көрсөтүү маселелерин өркүндөтүү жана реформалоо боюнча сунуштарды киргизет, багыттарды координациялоону жүзөгө ашырат;

 - улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууну координациялайт, мониторинг жүргүзөт; - адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

 - кызыкдар мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте социалдык өнүгүү, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча иштерди координациялайт; 

б) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:

 - мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча, сөөк коюуга жөлөкпулдарды чектейт жана төлөйт; 

- калктын аялуу катмарын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт; 

- социалдык тейлөө мекемелеринде мамлекеттик стандарттарга ылайык социалдык тейлөөнү уюштурат; - санаториялык-курорттук дарыланууга жеңилдетилген жолдомолорду берет; 

- медициналык-социалдык реабилитациялоону жүргүзөт; 

- протездөө жүргүзөт; 

- кыймылдын атайын каражаттары менен камсыз кылат; - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды, адамдарды күбөлөндүрүүнү жүргүзөт;

 - социалдык долбоорлорду конкурстук тандоону, каржылоону министрликтин компетенциясынын чектеринде алардын турмушка ашырылышына мониторингди жана контролду жүзөгө ашырат; 

- балдарды коргоо, анын ичинде жетим балдарды жана ата-энесинен кароосуз калган балдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу, улуттук жана эл аралык асыроо, бала асыраган үй-бүлөлөр институтун киргизүү, аларга социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу жагынан чара көрөт; 

- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берген социалдык кызматтардын тармагын түзүүнү уюштурат жана өнүктүрөт; 

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды камсыз кылуу үчүн реабилитациялоонун техникалык каражаттарын жана шаймандарын өндүрүү жана ишке киргизүү чөйрөсүн кеңейтет, протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоо технологиясын өркүндөтөт;

 - гендердик саясат жана иш менен камсыз кылуу, эмгек маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт; 

- балдар үчүн “ишеним телефону” аркылуу консультациялык жардам көрсөтөт; -адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жана реабилитациялык кызмат көрсөтүлөт;

 - жумушсуздарды кесиптик окутууну жана кайра окутууну, жумушсуздарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартууну, жумушсуздарга микрокредит берүүнү уюштурат; в) жөнгө салуу функциялары: 

- эл аралык бала асыроо жаатында аккредитацияны жүргүзөт; - балдарга кызмат көрсөтүү жаатында иштеген субъекттерди аккредитациялоону жүргүзөт;

 - жумушсуз жарандарды жана жумуш издегендерди эсепке алууну жана каттоону камсыз кылат; 

г) координациялоо, контролдоо жана мониторинг функциялары:

 - өз компетенциясынын чектеринде социалдык ченемдердин жана кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттардын сакталышына мониторинг жүргүзөт; 

- жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөткөн уюмдардын жана мекемелердин ишине менчигинин түрүнө карабастан мониторинг жүргүзөт; 

- гуманитардык жардамды кабыл алуу, эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибин координациялайт жана мониторинг жүргүзөт; 

- кызыкдар министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен гендер жана эмгек, иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү маселелерин чечүүдө эриш-аркак иштейт;

 д) колдоо функциялары: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөнү каржылоону жүзөгө ашырат; - ишке орноштуруу жана улуттук эмгек рынокто суроо-талап кылынган кесиптерге кесиптик окутууга көмөк көрсөтөт;

 - орто мөөнөттүү жана программалык бюджетти болжолдоону жүзөгө ашырат, Министрлик системасын каржылоону, бюджетти аткарууну жана чыгымдарын талдоону уюштурат;

 - кызыкдар тараптар менен бирдикте оор турмуштук кырдаалда турган балдарды коргоо, жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, эмгек, иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү маселелери боюнча программаларды ишке ашырат; 

- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде турмуштук оор абалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик, социалдык кызматтарды көрсөтүү жана мамлекеттик жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт;

 - жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде турмуштук оор абалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн документтердин формаларын, анын ичинде Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасында пайдаланылуучу документтердин формаларын бекитет; 

- өзүнүн компетенциясынын чектеринде донор өлкөлөр жана эл аралык финансылык институттар тарабынан гуманитардык жардамды жана гранттык колдоону тартуу боюнча ишти жүзөгө ашырат; 

- Министрликтин системасында кадрларды тандоону, жайгаштырууну, кызматка көтөрүүнү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;

 - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Министрликтин системасынын ички аудитин жүзөгө ашырат; 

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте кайрылууларды карайт, жарандарды кабыл алат; 

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө таламдаш министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак аракеттенет.  

4. Министрликтин укуктары 

8. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу: 

- бардык ведомстволук, аймактык бөлүмдөр жана мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон приказдарды жана буйруктарды белгиленген тартипте кабыл алууга; 

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик, кеңешүүчү жана башка органдарды түзүүгө; 

- Министрликтин маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды республиканын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканаларынан, уюмдарынан жана мекемелеринен белгиленген тартипте сурап алууга;

 - Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары менен мыйзамдарда белгиленген тартипте эриш-аркак аракеттенүүгө; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга; - изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий жактан негизделген сунуштарды иштеп чыгуу, минималдуу социалдык стандарттарды киргизүү процессин жүргүзүү, социалдык, реабилитациялоо кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү боюнча келишимдерди түзүүгө; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууга; 

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө, рекламалык-басма ишин жүргүзүүгө; 

- мыйзамдарда белгиленген тартипте Министрликтин ведомстволук сыйлыктарын уюштурууга; 

- атайын эсеп ачууга;

 - Министрликтин ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка укуктарга. 

5. Министрликтин ишин уюштуруу 

9. Министрликти министр жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат.

 10. Министрликте статс-катчынын жана орун басарлардын кызматы каралат. Статс-катчыны дайындоо, кызматтан бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аныкталат. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. 

11. Министр: - Министрликтин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт;

 - өз компетенциясынын чектеринде приказдарга, буйруктарга жана башка документтерге кол коёт; - ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн жана мекемелердин чыгымдарынын сметасын бекитет; 

- Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин түзүмүн Министрликтин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу гана бекитет. Министрди кызматка дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт; 

- Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин штаттык ырааттамасын бекитет;

 - Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү жана мекемелери жөнүндө жоболорду бекитет;

 - статс-катчыны кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга макулдук берет; 

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасына кирген ведомстволук уюмдардын жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет; 

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга Министрликтин компетенциясына кирген айрым милдеттерди аткарууну жүктөйт;

 - министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт; 

- белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын, аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

 - Министрликтин кызматкерлерине сыйлоо чараларын жана тартип жазасын колдонот; 

- Министрликтин системасындагы кызматкерлер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат; - Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт; 

- белгиленген тартипте Министрликтин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшыруусу боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коёт; 

- Министрликтин кызматкерлерин сыйлоону жүзөгө ашырат;

 - Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн Министрлик системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, аларга ардак наамдарды берүүгө жана пенсия белгилөөгө белгиленген тартипте сунуш берет; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ. 

- Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат. 

12. Статс-катчы Министрликтин номенклатурасына кирген администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды дайындоого, ордун которууга, ротациялоого жана кызматтан бошотууга сунуш даярдайт. 

13. Министрликте курамы тогуз адамдан турган коллегия түзүлөт, ага министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы жана министрдин орун басарлары кызматы боюнча, ошондой эле Министрликтин системасындагы башка жетекчи кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет. Коллегия мүчөлөрүнүн курамын министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. 

14. Министрликтин коллегиясынын, борбордук аппаратынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин жана Министрликтин ишинин башка маселелерин уюштуруу жана пландоо министр бекитүүчү тиешелүү документтер менен жөнгө салынат. 

15. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт. 

16. Ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилери өздөрү жүзөгө ашырып жаткан ыйгарым укуктар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

17. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жана ведомстволук мекемелерин күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

__________________________________________________

Тиркемелер

Басып чыгаруу