“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
- Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр Т.А.Сариев
p>
Долбоор
Кыргыз республикасынын мыйзамы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө 1-берене Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети кирешелер боюнча 42885485,9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 42283013,9 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджетинин профицити 602472,0 миң сом суммасында белгиленсин. 2-берене Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-2018-жылдарга бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын. 3-берене Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн. 4-берене Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо каражаттары 4-тиркемеге ылайык белгиленсин. 5-берене Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2016-жылга бюджети 5-тиркемеге ылайык бекитилсин. 6-берене Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун республикалык бюджеттен каржыланышы 2016-жылга - 17046399,0 миң сом суммасында белгиленсин, анын ичинде: - 2016-жылга пенсиянын базалык бөлүгүнө - 8670818,7 миң сом; - 2016-жылга пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө - 1843828,2 миң сом; - “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча 2016-жылга чектелген пенсияларга - 2256778,1 миң сом; - аскер кызматкерлерин камсыздандыруу боюнча 2016-жылга бир жолку жөлөкпулга - 35000,0 миң сом; - пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдарга, “Кыргызстан аба жолдору” улуттук авиаташуучу ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине, № 2 тизме боюнча текстиль өндүрүшүндө, “РЕSАС” программасына кирген ишканаларда иштеген адамдарга), пенсияларга кошумча төлөөлөргө (майыптардын, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларынын, “Баатыр эне” же “Мать-героиня” ордендери менен сыйланган энелердин, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендердин), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясында жана башка жарандык жана аскердик багыттагы атомдук объекттерде болгон авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, “РЕSАС” программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү алган же кесиптик ооруга чалдыккан, багуучусунан айрылган адамдарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулгандыгына же жоюлгандыгына байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча) 2016-жылга - 4239974,0 миң сом. 7-берене 1. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2014-жылга 33217,8 миң сом суммасындагы карыздар Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиштиги белгиленсин. 2. 2016-жылы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2014-жылга 23478,9 миң сом суммасындагы карыздар Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиштиги белгиленсин. 8-берене 1. Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 2. Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга
бюджети
Позициянын № | 2016-жылга бюджет (миң сом) | |
Бардык кирешелер | 1 | 42885485,9 |
ИДПга карата % менен | 2 | 8,6 |
анын ичинде: | ||
Пенсиялык фонд, жыл башына калдыкты эске алуу менен | 3 | 39652450,9 |
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонду | 4 | 1229500,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 5 | 1786643,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 6 | 216892,0 |
Бардык чыгымдар | 7 | 42283013,9 |
ИДПга карата % менен | 8 | 8,4 |
анын ичинде: |
| |
Пенсиялык фонд | 9 | 38993282,2 |
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонду | 10 | 1229500,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 11 | 1819860,8 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 12 | 240370,9 |
Дефицит (-), профицит (+) | 13 | 602472,0 |
ИДП | 14 | 501582500,0 |
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
бюджетинин 2017-2018-жылдарга
болжолу
Позициянын № | 2017-жылга болжол (миң сом) | 2018-жылга болжол (миң сом) | |
Бардык кирешелер | 1 | 45529400,7 | 48754464,9 |
ИДПга карата % менен | 2 | 8,2 | 7,8 |
анын ичинде: | |||
Пенсиялык фонд, жыл башына калдыкты эске алуу менен | 3 | 42159866,7 | 45274496,9 |
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонду | 4 | 1272200,0 | 1302900,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 5 | 1872051,5 | 1943007,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 6 | 225282,5 | 234061,0 |
Бардык чыгымдар | 7 | 45178882,6 | 48672929,7 |
ИДПга карата % менен | 8 | 8,1 | 7,8 |
анын ичинде: | |||
Пенсиялык фонд | 9 | 41809348,6 | 45192961,7 |
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонду | 10 | 1272200,0 | 1302900,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 11 | 1872051,5 | 1943007,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 12 | 225282,5 | 234061,0 |
Дефицит (-), профицит (+) | 13 | 350518,1 | 81535,2 |
ИДП | 14 | 557755500,0 | 627323600,0 |
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
2016-жылга бюджетинин булактар боюнча
кирешелери
Позициянын № | 2016-жылга бюджет (миң сом) | |
Бардык кирешелер | 1 | 42885485,9 |
ИДПга карата % менен | 2 | 8,6 |
Жыл башына калдык | 3 | 900000,0 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 4 | 24828000,0 |
анын ичинде төлөөчүлөрдүн категориялары боюнча: | ||
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 5 | 13888700,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 6 | 8786900,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 7 | 33600,0 |
фермердик жана дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 8 | 204900,0 |
жеке иш жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 9 | 605100,0 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 10 | 8800,0 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 11 | 1300000,0 |
анын ичинде фонддор боюнча: |
| |
Пенсиялык фонд | 12 | 21533000,0 |
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонду | 13 | 1229500,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 14 | 1841900,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 15 | 223600,0 |
2. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү, анын ичинде: | 16 | 17046399,0 |
пенсиянын базалык бөлүгү | 17 | 8670818,7 |
электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөр | 18 | 1843828,2 |
аскер кызматкерлеринин пенсиялары | 19 | 2256778,1 |
аскер кызматкерлерин камсыздандыруу боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 20 | 35000,0 |
пенсиялар жана пенсияга үстөк акылар | 21 | 4239974,0 |
3. Башка кирешелер, анын ичинде: | 22 | 111086,9 |
ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан кирешелер, убактылуу бош акча каражаттарын МБК, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруудан кирешелер | 23 | 26000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана толук эмес которгондугу үчүн эсептелген туумдар жана айыптар | 24 | 30500,0 |
эсептердеги акча каражаттарынын калдыгына эсептелген пайыздар | 25 | 50000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге узартуу үчүн пайыздар | 26 | 86,9 |
пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштырылган суммалар | 27 | 500,0 |
регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар | 28 | 3000,0 |
башка түшүүлөр | 29 | 1000,0 |
ИДП | 30 | 501582500,0 |
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
2016-жылга бюджети жана
2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга камсыздандыруу фонддору боюнча бюджетинин
чыгымдары
Позициянын № | 2016-жылга бюджет (миң сом) | |
Бардык кирешелер | 1 | 42283013,9 |
ИДПга карата % менен | 2 | 8,4 |
Пенсиялык фонд боюнча, анын ичинде: | 3 | 38993282,2 |
электр энергиясына компенсацияларды эске алуу менен пенсиялар | 4 | 35152324,7 |
аскер кызматкерлеринин пенсиялары | 5 | 2256778,1 |
аскер кызматкерлерин камсыздандыруу боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 6 | 35000,0 |
сөөк коюуга жөлөкпул | 7 | 322500,0 |
пенсияларды жана жөлөкпулдарды чектөө жана жеткирүү боюнча чыгымдар | 8 | 354734,3 |
Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн чыгымдар | 9 | 11854,8 |
жеке эсепке алуу боюнча чыгымдар | 10 | 5000,0 |
административдик чыгымдар | 11 | 707955,0 |
резервдик фонд | 12 | 42500,0 |
өнүктүрүү фонду | 13 | 42000,0 |
мүчөлүк акыларды төлөө | 14 | 5738,6 |
ММК фондунун алдындагы карыздарды төлөө | 15 | 33217,8 |
ЭДЧ фондунун алдындагы карыздарды төлөө | 16 | 23478,9 |
башка чыгымдар | 17 | 200,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча, анын ичинде: | 18 | 1819860,8 |
медициналык кызмат көрсөтүүнү каржылоо | 19 | 1669860,8 |
административдик чыгымдар | 20 | 125000,0 |
маалыматтык камсыздоого чыгымдар | 21 | 10000,0 |
саламаттык сактоону өнүктүрүү фонду | 22 | 15000,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду боюнча, анын ичинде: | 23 | 240370,9 |
санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу | 24 | 156241,1 |
санаторияларда-профилакторияларда ден соолукту чыңдоо | 25 | 14422,3 |
балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда ден соолукту чыңдоо | 26 | 64900,1 |
административдик чыгымдар | 27 | 4807,4 |
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонду боюнча | 28 | 1229500,0 |
ИДП | 29 | 501582500,0 |
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
5-тиркеме
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2016-жылга
бюджети
Позициянын № | 2016-жылга бюджет (миң сом) | |
1. Жыл башына пенсиялык топтоо каражаттары | 1 | 8123515,7 |
2. Ушул жылда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 2 | 1229500,0 |
3. Ушул жылда инвестициялоого багытталуучу каражаттар | 3 | 2215025,9 |
4. Отчеттук мезгилде инвестициялоодон түшкөн кирешелер | 4 | 1118588,5 |
5. Бардык чыгымдар, анын ичинде: | 5 | 133062,6 |
пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөп берүүгө | 6 | 114620,1 |
МТПФ каражаттарын инвестициялоого жана администрациялоого байланышкан чыгымдар | 7 | 18442,5 |
6. Жыл аягына пенсиялык топтоолордун каражаттары (1+2+4-5) | 8 | 10338541,6 |
ИДП | 9 | 501582500,0 |