Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
Балдардын жана турмуштук оор кырдаалда калган жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 “Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө” токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
1. Балдар иштери боюнча комиссия (мындан ары-Комиссия) турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо системасынын коллегиялык органы болуп эсептелет жана ишин үзгүлтүксүз негизде жүргүзөт.
2. Комиссия турмуштук оор кырдаалда калган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында: - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында (шаардык мэрияларда) түзүлөт.
3. Комиссия өз ишинде балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Комиссия өз ишинде төмөнкү принциптерди жетекчиликке алат:
- баланын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын биринчи кезекте экендигин таануу;
- балдарга гумандуу мамиле жасоо;
- алынган маалыматтын купуялуулугун сактоо менен балдарга жекече мамиле жасоо;
- баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын, ата-энелердин же башка мыйзамдуу өкүлдөрдүн жоопкерчилигин камсыздоо;
- баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча баланын ата-энеси жана башка мыйзамдуу өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү;
- балдары бар, турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөрдү колдоо;
- ачык-айкындуулук.
5. Комиссиянын жобосу жана курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана шаар мэрияларынын чечими менен бекитилет.
6. Комиссиянын курамына:
1) ички иштер органынын өкүлү;
) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү;
3) саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү; 4) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
6) жаза аткаруунун аймактык мамлекеттик органынын өкүлү;
7) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаардык мэриянын өкүлү;
8) турмуштук оор кырдаалда калган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды жана башка кызматтарды көрсөткөн жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) кирет.
7. Балдар иштери боюнча комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысына же шаар мэрине отчет берет жана райондогу (шаардагы) балдардын абалы жөнүндө квартал сайын отчет берет.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары же шаардык мэриянын социалдык маселелерди тейлеген вице-мэри Комиссиянын төрагасы болуп саналат. 9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же шаардын мэри Комиссиянын иши жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга квартал сайын отчет берет.
2. Комиссиянын максаты жана милдеттери
10. Комиссиянын максаты турмуштук оор кырдаалда калган балдарга кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле кароосуздукту, көзөмөлсүздүктү, балдардын укук бузууларын алдын алуу, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин макулдашылган иш-аракеттерин камсыздоо болуп эсептелет.
11. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) аймактык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттик каттоодон өткөн, диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана турмуштук оор кырдаалда калган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо маселелери боюнча жарандардын өз ара кызматташтыгын камсыздоо;
2) балдарды жана балалуу үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча иш-чараларды өткөрүү;
3) баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүү;
4) балдардын, алардын ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн даттанууларын жана арыздарын кароо;
5) балдардын жана үй-бүлөлөрдүн турмуштук оор кырдаалга кабылуусунун себептерин табуу жана жоюу;
6) көзөмөлсүздүктү, кароосуздукту, укук бузууну жана жашы жете электердин коомго жат аракеттерин чечип алуу боюнча иштерди уюштуруу;
7) кылмыш жасоого жана коомго жат аракеттерди жасоого жашы жете электерди тартууга көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды табуу жана жоюу;
8) жашы жете электердин, алардын ата-энелеринин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн администрациялык тартип бузуулары тууралуу материалдарды (иштерди) өз компетенциясынын чегинде кароо;
9) мыйзам бузган жашы жете элек балдарды реабилитациялоо жана социалдык интеграциялоо боюнча чараларды камсыздоо;
10) жашы жете электерге ырайымсыз мамиле жасоо фактылары жөнүндө маалыматтарды алганда, өз убагында тийиштүү чара көрүү максатында ыкчамдуулукту жогорулатуу;
11) бузулган укуктарын калыбына келтирүү, үй-бүлө жана бала менен кийин реабилитациялык иш жүргүзүү максатында ырайымсыз мамилеге кабылган жашы жете электерди эсепке алуунун обьективдүү системасын түзүү; 12) ырайымсыз мамилеге кабылган жашы жете электерди, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдү жана адистерди жардам алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон кызматтар жана мекемелер жөнүндө жетиштүү маалымат менен камсыз кылуу.
3. Комиссиянын функциялары
12. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) ата-энеси өлгөн учурда, алар ата-эне укуктарынан ажыратылганда, алардын ата-энелик укуктары чектелгенде, ата-энелери аракетке жөндөмсүз деп таанылганда, ата-энелери ооруганда жана травма алганда, ата-энелери узак убакытка болбогондо, ата-энелери балдарын тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон качканда, анын ичинде тарбиялоочу, дарылоочу, калкты социалдык коргоо мекемелеринен жана башка ага окшогон мекемелерден өз балдарын алуудан баш тартканда, баланын ата-энеси белгисиз учурда, ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган башка учурларда баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын бала асырап алуучу ата-эне (ата-энелери) болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө балдарды коргоонун аймактык мамлекеттик органынын берген сунушунун материалдарын карайт;
3) баланы (балдарды) бала асырап алуучу үй-бүлөгө берүү жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен бала асырап алуучу ата-эненин (баланы үй-бүлөдө тарбиялоого алууну каалаган жубайлардын же өзүнчө жарандардын) ортосундагы макулдашылган келишимди ишке ашырат;
4) турмуштук оор кырдаалда калган баланы коргоо боюнча жеке пландын жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планынын долбоорлорун балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сунуштамасы боюнча карап чыгат;
5) турмуштук оор кырдаалда калган баланы коргоо боюнча жеке планга жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планына балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн сунуштамасы боюнча өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизет;
6) турмуштук оор кырдаалда калган баланы коргоо боюнча жеке пландын, үй-бүлө менен жеке иштөө планынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
7) Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык, жашы жете электер, алардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү жасаган администрациялык укук бузуулар тууралуу ички иштер органдары тарабынан берилген материалдарды (иштерди) карап чыгат;
8) жашы жете элек балдардын коомго коркунучтуу жосундарды жасаган, балдар суициди, балдарга карата ырайымсыз мамиле (зомбулук) фактылары жөнүндө далилденген материалдарды дароо карайт, аларды жасоого көмөк берген себептерди жана шарттарды белгилейт;
9) ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү жасоого, анын ичинде камкордукка алынган баланын мүлкүн алмашуу же белекке берүү, аны жалдоого (ижарага) берүү, кайтарымсыз пайдаланууга же күрөөгө берүү, анын мүлкүн бөлүштүрүү же андан үлүштөрдү бөлүп чыгаруу, ошондой эле камкордукка алынган баланын мүлкүнүн азайышына алып келген ар кандай башка бүтүмдөрдү жасоого карата балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн алдын ала долбоорлорун карайт жана жактырат;
10) баланы убактылуу жайгаштыруу чараларын көрөт;
11) балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча ата-эненин жоопкерчилигин калыптандыруу ишин жүргүзөт;
12) балдарга карата ырайымсыз мамиленин (зомбулукту) алдын алуу иштерин жүргүзөт.
4. Комиссиянын укуктары
13. Комиссия төмөнкү укуктарга ээ:
- Комиссиянын кароосуна киргизилген материалдарга (иштерге) карата адамдардын иштеген жерлери же жашаган жери боюнча көчмө жыйындарды өткөрөт;
- түшкөн арыздар, көрсөтмөлөр боюнча материалдарды (иштерди) текшерет;
- үй-бүлө менен жекече иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча планда көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарбаган учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- турмуштук оор кырдаалда калган балдардын укуктарын коргоо үчүн алардын үй-бүлөсүнө барат;
- аймактык мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан жана уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабастан уюмдардын өз укуктарын ишке ашыруу үчүн бекитилген тартипте керектүү маалымат алат
- өз компетенциясынын чегинде балдарды коргоо маселелери боюнча кеңеш берет.
5. Комиссия мүчөлөрүнүн функциялары
14. Комиссиянын төрагасынын функциялары:
- Комиссиянын ишине жетекчилик кылат;
- Комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат жана анын ишин уюштурат;
- Комиссиянын жыйынында добуш берүүдө чечүүчү добуш берүүчү укукка ээ;
- Комиссиянын жыйынынын күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын жыйынынын датасын дайындайт;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Комиссиянын төрагасынын орун басарына, Комиссиянын катчысына, Комиссиянын мүчөлөрүнө аткарууга тапшырма берет;
- Комиссиянын иш планынын аткарылышына контролдук кылат, Комиссиянын жыйынынын протоколдоруна кол коёт;
15. Комиссиянын төрагасынын орун басарынын функциялары:
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмасын аткарат;
- Комиссиянын төрагасы жок кезде анын милдеттерин аткарат;
- Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоону камсыздайт;
- Комиссиянын жыйынында каралуучу материалдарды өз убагында даярдоо үчүн контролду камсыздайт. 1
6. Комиссиянын катчысынын функциялары:
- Комиссиянын жыйынында каралуучу материалдарды даярдоону жүргүзөт;
- Комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү болот;
- Комиссиянын жыйынына катышкан адамдарга жана Комиссия мүчөлөрүнө жыйындын убактысы жана орду тууралуу маалымдайт, алардын келүүсүн текшерет, Комиссиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча материалдар менен тааныштырат;
- Комиссиянын жыйынынын протоколун түзөт жана тариздейт;
- жыйында тиешелүү маселени карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча Комиссиянын протоколуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же мэриянын чечимдеринин долбоорлорун даярдоону жана тариздөөнү жүзөгө ашырат;
- аткаруучуларга баланы коргоо боюнча жеке пландын жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планын тиркөө менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же мэриянын чечиминин көчүрмөсүн жиберет.
17. Комиссиянын мүчөлөрүнүн функциялары:
- Комиссиянын жыйынына жана аларды даярдоого катышышат;
- Комиссиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча материалдар менен алдын ала таанышышат;
- маселени (ишти) кароону кийинкиге калтыруу тууралуу жана ал боюнча кошумча материалдарды суроо тууралуу сунуш киргизишет;
- турмуштук оор кырдаалда калган балдарды жана үй-бүлөлөрдү эрте табуу боюнча иштерди өркүндөтүү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча сунуш киргизишет;
- каралып жаткан маселелер (иштер) боюнча комиссия кабыл алган чечимдерди талкуулоого катышышат жана аларды кабыл алууда добуш беришет;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмасын аткарышат.
6. Иштерди кароо тартиби
18. Комиссиянын ишин жергиликтүү мамлекеттик администрацияда же шаардык мэрияда туруктуу иштеген секретарь уюштурат. Комиссиянын жыйыны иш планга ылайык, ошондой эле зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Эгерде мүчөлөрдүн жарымы катышса Комиссиянын жыйыны укук ченемдүү болуп саналат. Комиссия мүчөлөрү жыйынга алмашуу укугусуз катышышат. Комиссиянын жыйынын төрага, ал эми ал жок учурда анын орун басары алып барат.
19. Комиссия түшкөн материалдарды келген күндөн баштап 10 күндөн кечиктирбестен карайт. Комиссиянын кворуму же иши карала турган адамдар жок учурда, Комиссиянын төрагасы белгиленген мөөнөттү 5 тен ашпаган күнгө чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарат.
20. Түшкөн материалдарды Комиссия караган датага чейин кеминде 1 күн мурда Комиссия мүчөлөрү (Комиссиянын төрагасы) алдын ала изилдөөгө тийиш.
21. Жашы жете элек балдар, алардын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү Комиссиянын жыйыны өткөрүлүп жатканда Комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн материалдар (иштер) менен таанышууга укуктуу.
22. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын жыйынынын протоколуна төрагалык кылган адам кол коёт, ал эми ал жок учурда төраганын орун басары жана Комиссиянын катчысы кол коёт. Протокол жыйындын датасын жана өткөрүлгөн ордун, иштин маанисине жараша каралгандыгын, ишти кароого катышкан адамдардын келиши тууралуу маалыматтарды көрсөтүү жана ишке тиешелүү болгон башка маалыматтардын, алардын түшүндүрмөлөрүнүн кыскача жазууларын, ошондой эле кабыл алынган чечимди жарыялоо жөнүндө маалыматтар жана ага даттануу тартибин жана мөөнөттөрүн түшүндүрүү менен түзүлөт.
23. Баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоору, үй-бүлө менен жеке иштөө планынын долбоору жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же мэриянын чечими менен бекитилет. Баланы коргоо боюнча бекитилген жеке пландын долбоору жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планынын долбоору мамлекеттик жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү аймактык мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, уюмдарга жиберилет.