2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013- жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана республиканын азык-түлүк рыногунун стабилдүүлүгүнүн ички жана тышкы коркунучтарына оперативдүү чара көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык
- Программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планы (мындан ары- Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык
2. Иш-чаралар планын аткаруу үчүн жооптуу министрликтер менен административдик ведомстволор анын аткарылышын камсыз кылышсын жана квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей тийиштүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте аталган токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн;
- ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.