КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 501 токтому

1993-жылдын 19-майында Вашингтон шаарында кол коюлган  Көмөк көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча  кызматташууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну денонсациялоо тууралуу  

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 1993-жылдын 19-майында Вашингтон шаарында кол коюлган  Көмөк көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу 2015-жылдын 20-августунан баштап денонсациялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө Америка Кошмо Штатынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                           Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу