КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы №113 токтому

Айыл чарбасын каржылоо - 3" долбоорун бекитүү жөнүндө

2015-жылы жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, мал чарбачылыгын жана айыл чарбасынын кайра иштетүүчү секторун андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Айыл чарбасын каржылоо - 3" долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер менен Кызматташтык жөнүндө меморандумду жана пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;

- субсидиянын биринчи траншын 2015-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыласын;

- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда субсидиянын экинчи траншын төлөө үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 13-мартында N 20-21 жарыяланды

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Дж.Оторбаев


Тиркеме

"Айыл чарбаны каржылоо - 3" долбоору

1. Жалпы жоболор

"Айыл чарбаны каржылоо - 3" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айыл чарба иши жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген субъекттерди жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мал чарбасын жана агрардык кайра иштетүү секторун, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин андан ары өнүктүрүү болуп эсептелет.

Долбоордун иштөө мөөнөтү: 24 ай.

Долбоордун жалпы наркы республикалык бюджет үчүн: 2015-жылга 210,0 млн. сомду, 2016-жылга - 120,0 млн. сомдон көп эмес сумманы түзөт.

Каржылоо булактары: 2015-2016-жылдардын республикалык бюджети; коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредит мекемелеринин каражаттары.

Коммерциялык банктарды жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелерди каржылоонун жалпы көлөмү - 3,0 млрд. сомго чейин.

Долбоорду ишке ашыруунун башталышы: 2015-жылдын март айы.

Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелери.

Долбоордун баяндамасы.

Долбоордун алкагында өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбасын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн 2015-жылы коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредит мекемелеринин финансылык каражаттары айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-2016-жылдардын республикалык бюджетинин каражаттарынан жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыргандыгы үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин чыгымдарын субсидиялайт.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана агрардык кайра иштетүүчүлөргө төмөнкү негизги жалпы шарттарда кредит берүүгө милдеттүү:

Максаттуу тармак 

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери

Акыркы проценттик ставка 

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык секторлор үчүн жылына 10%;

айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери үчүн жылына 9%

Кредиттин мөөнөтү

Кредит берилген күндөн баштап 24 ай

Жеңилдетилген мезгил

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык секторлорун карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу;

айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, ошондой эле үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдерин карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн 9 айга чейин толук бошотуу

2. Мал чарбачылык тармагынын субъекттери үчүн кошумча шарттар

Мал чарба тармагынын субъекттеринин биринчи категориясы. Бул категорияга төмөнкүдөй субъекттер (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында катталган айыл чарба кооперативдери, фермер/дыйкан чарбалар, жеке ишкерлер жана башка жактар) кирет:

- канаттууларды өстүрүү менен;

- балык чарбачылыгы менен;

- мал чарбачылыгы - 100 (жүз) баштан кем эмес кой-эчкилери бар болсо;

- малды бордоп семиртүүчү мал чарбачылы, 20 баштан кем эмес ири мүйүздүү мал (топоз, бука) бар болсо;

- сүт багытындагы мал чарбачылыгы - 10 баштан кем сүт багытындагы ири мүйүздүү мал (уй) бар болсо;

- мал чарбачылыгы - 10 баштан кем жылкы (жынысына жана жашына карабастан) бар болсо.

Ушул Долбоордун алкагында кредит алуу үчүн биринчи категориядагы субъекттер коммерциялык банктарга же адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелерге мамлекеттик каттоо (Кыргыз Республикасынын юстиция органдары же Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде) жөнүндөгү күбөлүктү милдеттүү тартипте берүүлөрү керек.

Биринчи категориядагы субъекттер ушул Долбоордун алкагында бир заемчу үчүн көлөмү 3,0 (үч) млн. сомдон ашпаган кредитти ала алышат.

Мал чарба тармагынын субъекттеринин экинчи категориясы. Бул категорияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында катталган айыл чарба кооперативдери, фермер/дыйкан чарбалар, жеке ишкерлер сыяктуу субъекттер - биринчи категорияга кирбей калган мал чарбачылыгы менен иштеген каттоолору жок майда фермерлер жана башка жактар кирет.

Экинчи категориядагы субъекттер ушул Долбоордун алкагында бир заемчу үчүн 400,0 (төрт жүз) миң сомдон ашык эмес көлөмдөгү кредитти ала алышат.

Ушул Долбоор боюнча Экинчи категориядагы субъекттерди каржылоонун жалпы көлөмү каржылоонун жалпы суммасынан 25% ашык болбошу керек.

Биринчи жана Экинчи категориянын субъекттери айыл чарба малын кармоо жана көбөйтүү үчүн, тоют базасын жана кыш мезгилиндеги тоютунун бардыгы жана тоюттарды сактоо шарттарын камтыган бардык керектүү шарттардын болуусу зарыл.

Өз продукцияларын жеткирип берүү боюнча кайра иштетүүчү ишканалар менен келишимдери (контракттары) болгон Биринчи жана Экинчи категориянын субъекттери артыкчылыкка ээ болушат.

Ушул Долбоордун алкагында коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер зарылдыгына жараша субъекттер берген маалыматтардын аныктыгын актоо үчүн коңшуларды жана айылдаштарды сурамжылоо укугу бар.

Коммерциялык банктарга жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелерге башка банктардан же финансылык-кредиттик мекемелерден алган колдонуудагы кредиттери бар мал чарба субъекттерди каржылоого тыюу салынат, ошондой эле бул субъекттердин башка банктарда же финансылык-кредиттик мекемелерде болгон карыздарын кайра каржылоого да тыюу салынат.

3. Өсүмдүк өстүрүү тармагынын субъекттери үчүн кошумча шарттар

Ушул Долбоордун алкагында кредит алуу үч үн өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген субъекттердин сөзсүз түрдө өздөрүнүн же ижарага алган айыл чарба багытындагы жери болушу керек. Ошону менен бирге, алар мындай жерлеринин бардыгын тастыктаган документти (күбөлүк, ижара келишимдери, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.) берүүлөрү керек.

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагынын субъекттери үчүн кредиттин максималдуу көлөмү боюнча чектөөлөр жок.

Бул тармактагы артыкчылыктуу багыт болуп экспортко багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн, күнөскана чарбаларын жана тамчылатып сугаруу системасын каржылоо саналат.

Коммерциялык банктарга жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелерге башка банктарда же финансылык-кредиттик мекемелерде колдонулуудагы кредиттери бар өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен иштеген субъекттерди каржылоого, ошондой эле ушул субъекттердин башка банктардагы же финансылык-кредиттик мекемелердеги болгон карыздарын кайра каржылоого тыюу салынат.

4. Агрардык кайра иштетүү тармагынын субъекттери үнүн кошумча шарттар

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен иштеген биринчи категориядагы субъекттерге 20га чейинки жумуш оруну болгон ишканалар кирет.

Биринчи категориядагы субъекттер ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн 10,0 (он) млн. сомдон ашпаган өлчөмдө кредит ала алышат.

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен иштеген экинчи категориядагы субъекттерге 20дан ашык жумуш оруну бар ишканалар кирет.

Экинчи категориядагы субъекттер ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн 50,0 (элүү) млн. сомдон ашпаган өлчөмдө кредит ала алышат.

Ушул Долбоордун алкагында негизги каражаттарды сатып алууну кошкондо өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн.

Агрардык кайра иштетүү тармагынын субъекттери Кыргыз Республикасынын резиденти болууга жана тиешелүү түрдө салык кызматын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун кошкондо Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында катталууга тийиш.

Ушул Долбоордун алкагында кредит алуу үчүн милдеттүү шарт болуп салыктык жана башка милдеттүү чегерүүлөр боюнча төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу, ошондой эле агрокайра иштетүү субъекттеринде продукция чыгарууну кеңейтүүгө/көбөйтүүгө жана салыктар боюнча чегерүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу эсептелет.

Жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен айыл чарба продукцияларын (чийки заттарын) жеткирип берүүгө келишимдери (контракттары) бар агрардык кайра иштетүү субъекттери артыкчылыктуу болушат.

Коммерциялык банктарга жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелерге колдонулуудагы кредиттери бар агрардык кайра иштетүү субъекттерин каржылоого, ошондой эле ушул субъекттердин башка банктардагы же финансылык-кредиттик мекемелердеги болгон карыздарын кайра каржылоого уруксат берилет.

5. Долборду ишке ашыруунун жалпы схемасы


6. Субсидиянын эсеби

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жеңилдетилген кредиттерди берүүдө коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин чыгымдарын жабуу үчүн коммерциялык банктын же адистештирилген финансылык-кредиттик мекеменин кредит берүүсүнүн ар айлык көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй коэффициенттери кабыл алынат:

- өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык секторлорунун кредиттери үчүн - 10,34. Алардын ичинен бир бөлүгү 2015-жылы эсептик коэффициент - 6,97 жана бир бөлүгү 2016-жылы эсептик коэффициент - 3,37 боюнча чегерилет;

- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери секторлорунун кредиттери үчүн - 12,75. Алардын ичинен бир бөлүгү 2015-жылы эсептик коэффициент - 8,20 жана бир бөлүгү 2016-жылы эсептик коэффициент - 4,55 боюнча чегерилет.

7. Субсидияларды которуп берүү

Эсептик коэффициенттерге ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен коммерциялык банктарга эки транш менен которулат, анын ичинен:

- биринчи транш - субсидиялоого коммерциялык банктардын билдирмелерин алган учурдан тартып тийиштүү айга карата, бирок ар бир айдын 15инен кеч эмес;

- экинчи транш - биринчи транш берилгенден тартып 365 күн өткөндөн кийин бирок, ар бир айдын 15инен кеч эмес.

8. Долбоорду ишке ашыруунун баяндамасы

Долбоорго катышууга каалоосун билдирген коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кызматташуу тууралуу макулдашууну түзүшөт.

Долбоордун алкагында субсидиялоонун каражатын алуу үчүн коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер ай сайын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тийиштүү айга кредиттөөнүн суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого билдирме берет.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиянын суммасын эсептөөнү эсептешүү коэффициенттерине ылайык жүргүзөт жана субсидиянын траншын коммерциялык банктардын которуулары үчүн тиешелүү айга финансылык план даярдайт.

Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин алыш-бериш эсептерине тиешелүү айдын 15инен кеч эмес Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан которулат.

Субсидиялоонун суммасы которулгандан кийин коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер өз каражаттарынан комиссиялык же башка жыйымдарды албастан айыл чарба өндүрүүчүлөрдү төмөнкүдөй шарттарда кредиттешет:

- өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы үчүн пайыздык ставка - жылына - 10%, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери үчүн - жылына 9%;

- кредитти кайтаруу мөөнөтү: 24 ай;

- кредит боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө кредиттик макулдашууга ылайык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы үчүн 6 айга чейин жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, ошондой эле үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларын, асыл чарба кооперативдери үчүн 9 айга милдеттүү түрдө жеңилдетилген мезгил берүү менен жүргүзүлөт.

Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин ишине көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишке ашырат.

Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер тарабынан пайдаланылбай калган субсидиялардын суммасынын калдыгы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которулат.

9. Тобокелдер жана коркунучтар

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан каражаттарды башка максатта пайдалануу тобокели:

- айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан кредиттик каражаттарды башка максатта пайдалануу тобокелин азайтууну белгиленген тартипте коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер ишке ашырышат;

- кредиттик каражаттардын башка максатта пайдалануу фактысы аныкталган учурда коммерциялык банк же адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер кредиттик каражаттардын пайдаланыла элек калдыгын мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга жана кредитти алган күндөн баштап жылына 30 пайыз өлчөмдөгү пайыздык ставка менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу;

- бул учурда коммерциялык банк же адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер берилген кредиттин суммасынан эсептик коэффициенттерди эсепке алуу менен алынган субсидиянын каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет.

Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин субсидиянын каражаттарын башка максатта пайдалануу тобокели:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгиленген тартипте коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин субсидияны максатка ылайык пайдалануу иштерине көзөмөлдү ишке ашырат;

- коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер долбоорго ылайык жайгаштырылган кредиттердин көлөмү боюнча ар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчетторду берип турушат;

- субсидиянын каражаттарын коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин башка максатта пайдалангандыктары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптуу тартипте андан аркы субсидиялоону токтотууга жана субсидия боюнча траншты которгон күндөн баштап жылына 30 пайыз өлчөмүндө пайыздык ставка колдонуу жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Финансылык санкциялар субсидия боюнча которулуп берилген транш менен бирге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которулуп берилүүсү керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан милдеттенмелерди толук эмес аткаруу тобокели:

- Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен субсидия боюнча биринчи транштын суммаларын коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин алыш-бериш эсептерине ар айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен субсидиялоонун эсептик коэффициенттерине жана субсидияны которуу тартибине ылайык которот;

- субсидиянын экинчи траншын төлөп берүүгө каражаттар "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда караштырылат.

Кредиттик каражаттарды толук эмес алуу тобокели:

- Долбоорго финансылык-кредиттик мекемелерди максимум тартуу үчүн долбоорго катышуучулардын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык субсидиялоонун эсептик коэффициенттерин жана республикалык бюджеттин Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган каражаттарынын чегинде субсидияларды төлөө тартибин эске алуу менен 2015-жылы 210,0 млн. сом жана 2016-жылы 120,0 млн. сомдон ашык эмес өлчөмдөрдө кредиттөөнүн жалпы көлөмү гана чектелет;

- коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер фермердик, дыйкан чарбалардын жана кооперативдердин мүчөлөрүнө топтук кредиттөө механизмин колдонууга укуктуу.

Табигый катаклизмдер коркунучу:

- табигый катаклизмдер тобокели пайда болгондо коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер алардын жоюу боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча көрүшөт.

10. Максаттуу пайдаланууга мониторинг

Максаттуу пайдалануунун мониторингин коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер төмөнкүдөй түрдө ишке ашырышат:

- заемчулар кредит алган учурдан баштап кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланганы жөнүндө отчетторду кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдардын документтештирилген ырастамаларын (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар жана/же накладнойлор, төлөгөнү жөнүндө төлөм документтер жана башкалар) тиркөө менен 1 айдын ичинде берүүлөрү керек;

- карыз алуучудан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө отчет алгандан кийин коммерциялык банктын же адистештирилген финансылык-кредиттик мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкерлери кийинки 3 айдын ичинде иштеген ордуна баруу менен мониторинг жүргүзүшөт, анын жыйынтыгы текшерүүнүн ички отчету менен таризделет. Кредит башка максатка пайдаланылган учурда тийиштүү акты түзүлүшү керек жана ал кредит боюнча пайыздык ставка кредит берилген күндөн баштап жылдык 30%ке чейин көбөйтүлүүгө тийиш.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү банкка же адистештирилген финансылык-кредиттик мекемеге кредитти максаттуу пайдаланылганын ырастоочу төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:

- малды сатып алган-саткан контракттардын/келишимдердин көчүрмөсү же сатып алынган малдын катталгандыгы жөнүндө заемчунун каттоого турган/жашаган/катталган жери боюнча тиешелүү айыл округунун чарба китебинде сөзсүз белгилөө менен малдын сатып алынгандыгын тастыктаган справка;

- сатып алынган үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар жана айыл чарба техникасына запастык тетиктер, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөнгөнүн ырастаган контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-фактуралардын, накладнойлордун, төлөө документтеринин көчүрмөлөрү (каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө отчет менен кошо тапшырылууга тийиш).

Өзгөчө учурларда:

- кредит алуу менен агротехникалык иштерди жүргүзүүнүн оптималдуу мезгилдеринин мөөнөттөрүнүн ортосунда ажырым болгон учурда кредит берилген күнгө чейин эки айдан эрте эмес, мурда таризделген актоочу документтерди кабыл алууга жол берилет;

- үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана айыл чарба техникасынын запастык тетиктерин сатып алууга-сатууга, ошондой эле жеке жактын статусу бар жактар менен техниканын кызматын көрсөтүү жөнүндө бүтүм түзүлгөн учурда, айыл аймагы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, сатуучунун акча каражатын алганы тууралуу паспорттук маалыматтарын, сатылган үрөндүн же башка продукциянын/көрсөтүлгөн кызматтын санын, сортторун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен берген тил каты кошо тиркелген контракт/сатуу-сатып алуу келишими актоочу документ боло алат;

- алыскы айылдардын тургундары күйүүчү-майлоочу материалдарды биргелешип ыйгарым укуктуу жак аркылуу алышкан учурда - автомай куюучу станциялардын төлөм документтеринин көчүрмөлөрү мындай ар бир кредиттин каражатын пайдалангандык жөнүндө отчетко биргелешип алганын көрсөтүү менен тиркелет.

"Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоору боюнча кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында айыл өкмөтү райондук айыл чарба башкармалыктарынын жана райондук статистика башкармалыктарынын кызматкерлери менен бирге алынган кредиттерге малдын санынын көбөйгөндүгү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулагандыгы, малдын тукумунун жакшыргандыгы, элдин жашоо турмушунун жакшыргандыгы жагынан талдоо жүргүзсүн жана "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоорун ишке ашыруу аяктаганда жыйынтыгы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.

Тиркемелер

Басып чыгаруу