«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралып чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 153-берене төмөнкү мазмундагы 37 жана 38-пункттар менен толукталсын:
“37) Чакан ишкердик субъекти - жылдык кирешеси КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаган КНСтин салык төлөөчүлөрү болуп эсептелбеген уюм же жеке ишкер.
38) Орто ишкердик субъекти - жылдык кирешеси 4000000 сомдон 30000000 сомго чейинки көлөмдү түзгөн уюм же жеке ишкер.».
2. 177-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы киреше төлөө айынан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш.”;
- төмөнкү мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
“11. Чакан ишкердик субъекти же коммерциялык эмес уюм болуп эсептелген салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш.”.
3. 178-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы боюнча отчеттуулук ушул Кодекстин 177-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык киреше салыгын төлөөнүн жери боюнча салык органдарына киреше төлөө айынан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен берилет.”;
- берене төмөнкү мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
“11. Чакан, орто ишкердик субъекти же коммерциялык эмес уюм болуп эсептелген салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы боюнча отчеттуулук отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен берилет.”.
4. 313-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“313-берене. Роялти төлөөнүн жана салыктык отчеттуулукту берүүнүн мөөнөттөрү
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык төлөөчү роялтини эсептик каттоо жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен ай сайын төлөйт.
2. Роялтинин салык төлөөчүсү болуп эсептелген чакан ишкердик субъекти тарабынан роялтини эсептик каттоо жери боюнча төлөө отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, роялтинин салык төлөөчүсү тарабынан салыктык отчеттуулук эсептик каттоо жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен ай сайын берилет.
4. Роялтинин салык төлөөчүсү болуп эсептелген чакан же орто ишкердик субъектинин салыктык отчеттуулугу эсептик каттоо жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен квартал сайын берилет.
5. Өзүнө таандык же өзүнүн пайдалануусундагы жер участокто ишкердик ишин жүргүзүү менен байланышпаган кумду, чопону жана кум-шагыл аралашмасын казып алган жер участоктун менчик ээси же жер пайдалануучу салыктык отчеттуулукту бербейт.”.
5. 322-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“322-берене. Салык төлөө жана салыктык отчеттуулук берүү мөөнөттөрү
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, сатуудан салык салык төлөөчү тарабынан эсептик каттоо жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен ай сайын төлөнөт.
2. Сатуудан салык салык төлөөчүлөр болуп эсептелген чакан ишкердик субъектилери тарабынан эсептик каттоо жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен квартал сайын төлөнөт.
3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салыктык отчеттуулук салык төлөөчү тарабынан эсептик каттоо жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен ай сайын берилет.
4. Салыктык отчеттуулук салык төлөөчү болуп эсептелген чакан же орто ишкердик субъекти тарабынан эсептик каттоо жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен квартал сайын берилет.
5. Эсептик каттоо жок болгон учурда сатуудан салык салыктык каттоо жери боюнча төлөнөт.”.
6. 359-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий булакка жарыяланууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти