«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр Дж. К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын: «Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча, ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы.». 2. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «8-статья. Камсыздоочунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандыруучу төмөнкү укуктарга ээ:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын уюштурууга;
- жеке топтолмо пенсиялык камсыз кылуу системасын уюштурууга; - Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондду уюштурууга жана башкарууга;
- башкаруучу компанияларга ишеним башкарууга пенсиялык активдерди которууга; - камсыздандырылган жактардын камсыздандыруу эсебинин топтолмо бөлүгү боюнча инвестициялык кирешелерди бөлүштүрүүгө; - пенсияларды, жөлөкпулдарды төлөөнү жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөөнү жүзөгө ашырууга;
- юридикалык жана жеке жактардан пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоого жана төлөп берүүгө байланышкан документтерди тапшырууну талап кылууга;
- камсыздандырылуучулардан пенсияларды төлөө боюнча мыйзамдардын аныкталган бузулушун четтетүүнү талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик айыптарды салууга;
- ушул Мыйзамда белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялар, жөлөкпулдар жана компенсациялар менен камсыз кылуу бөлүгүндөгү мыйзам менен корголуучу укуктарын сактоого;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга;
- камсыздандырылган адамдарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды туура жана өз убагында эсептөөнү жана төлөп берүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча тиешелүү отчетту өз убагында жогору турган органдарга берүүгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражаттары боюнча тиешелүү отчетту өз убагында берүүгө;
- камсыздандырылган адамдын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башкаруучу компанияларга же жеке пенсиялык фонддорго же топтолмо пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен иштеген жана пенсиялык топтоолорду башкарууга укуктуу башка түзүмдөргө камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин башкаруу үчүн жиберүүгө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуучу чараларды жүзөгө ашырууга.».
3. Төмөнкү мазмундагы 81-статья менен толукталсын:
«81-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучуга карата финансылык санкцияларды колдонууга;
- камсыздандыруучулардын (иш режими өзгөчө болгон ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды, ички иштер, прокуратура жана коргоо органдарын, сотторду, банктарды кошкондо) камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө жана төлөөгө байланышкан эсептерин, акчалай жана бухгалтердик документтерин, кирешелер жөнүндө декларацияларын жана башка документтерин текшерүүгө, операциялар жана эсептеринде, кассаларында акчалай каражаттардын болушу жөнүндө жана текшерүүдө келип чыккан башка маселелер боюнча зарыл болгон маалымкаттарды жана маалыматтарды алууга;
- ишканалардын жана жарандардын пайда (киреше) алуу үчүн пайдаланылган, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн эсепке алынган кандай гана болбосун өндүрүштүк, кампалык, соода жана башка жайларын (күркөлөрдү, чатырларды, көчөлөрдөгү автоунаа токтоочу жайларды, соода түйүндөрүн кошкондо) тиешелүү эрежелерди сактоо менен иликтеп чыгууга;
- текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүгө башка уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан контролдоочу органдардын квалификациялуу адистерин тартууга;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аныкталган бузулушун четтетүүнү камсыздандырылуучулардан талап кылууга;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча аныкталган эреже бузууларды четтетүү жөнүндө талаптар аткарылбаган, текшерүүгө жол берилбеген же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жана төлөөлөрдү эсептөө жана төлөө менен байланышкан документтерди камсыздандыруучу кызмат адамдарына бербеген учурларда камсыздандырылуучунун мекемелердеги, банктардагы жана башка финансы-кредиттик уюмдардагы эсептери боюнча операцияларын токтото турууга;
- ушул Мыйзамда жана башка мыйзам актыларында каралган камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча милдеттүү төлөмдөрдүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммаларын камсыздандыруучунун бюджетине төлөтүп алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте камсыздандырылуучунун мүлкүнөн өндүрүп алууга;
- Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартууга;
- эгер мажбурлап өндүрүү камсыздандырылуучунун жоюлушуна же банкрот болушуна алып келиши мүмкүн болсо, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары бар жана оор финансылык абалына байланыштуу аны төлөө үчүн мүмкүнчүлүгү жок камсыздандырылуучуларга камсыздандыруу төгүмдөрү, туумдар, айыптар жана башка финансылык санкциялары боюнча карыздарын жоюу мөөнөтүн узартууга (кийинкиге жылдырууга);
- камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында же толук төлөбөгөн төлөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте туумдарды жана айыптарды эсептөөгө.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуучу чараларды жүзөгө ашырууга;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туура эсептелишин, өз убагында төлөнүшүн жана которулушун контролдоону жүзөгө ашырууга, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларында каралган финансылык жана башка санкцияларды колдонууга жана өз убагында өндүрүп алууга;
- камсыздандыруучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча отчетту өз убагында берүүгө.».
4. 23-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
5. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана социалдык камсыздандыруу каражаттарын чыгымдоого контролдук жүргүзүү
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө, төлөөгө жана камсыздандырылган жактардын маалыматтарынын аныктыгына контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
2. Социалдык камсыздандыруу каражаттарын чыгымдоого контролду камсыздандыруучу же Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңешинин чечими менен көз карандысыз аудитордук уюмдар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка органдар жүзөгө ашырат.».
2-берене «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 1998-жылдын 30-декабры, № 211-212) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. 1-статьянын 5-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 2-статьядагы «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери» деген сөздөр «мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдер» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3. 6-статьянын 5-бөлүгүндө түрдүү жөндөмөдөгү «ЖААК органы» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө «жарандык абалдын актыларын жазууну жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4. 7-статьянын 4-бөлүгү «адамдын өзүнө» деген сөздөн кийин «же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө» деген сөздөр менен толукталсын.
5. 8-статьяда:
- 1 жана 2-бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна» деген сөздөр алып салынсын, «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органына» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 9-статьяда:
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- жекече эсепке алуу үчүн жарандар алгачкы жолу катталганда иштеген ар бир адам жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө берилет;»;
- 3-бөлүктөгү «өзүнүн социалдык жактан коргоо күбөлүгү» деген сөздөр «жеке идентификациялык номердин болушун ырастоочу документ» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 10-статьяда:
- бүткүл тексти боюнча:
«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна» деген сөздөр алып салынсын; түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органы» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 2-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы «социалдык коргоо күбөлүгү барлар» деген сөздөр «жеке идентификациялык номердин болушун ырастоочу документ» деген сөздөр менен алмаштырылсын».
8. 11-статьянын 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«18-статья. Жекече эсепке алуу маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби Жекече эсепке алуу маселери боюнча талаш-тартыштар мыйзам менен белгиленген тартипте каралат.».
3-берене «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2004-жылдын 30-январы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьянын 3-пунктундагы «Социалдык фонддун органдары» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2. 12-статьянын биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна» деген сөздөр алып салынсын;
3. 141-статьянын экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду» деген сөздөр «Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2004-жылдын 10-августу, № 63) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьяда:
- 1-бөлүктүн төртүнчү абзацы «Социалдык фонддун» деген сөздөрдөн кийин «компетенциясынын чегинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктө: үчүнчү абзацтагы «жыйноону,» деген сөз алып салынсын; сегизинчи абзацтагы «камсыздандыруу төгүмдөрүнүн Социалдык фондго өз убагында жана толук келип түшүп турушун, ошондой эле» деген сөздөр алып салынсын;
2. 3-статьяда:
- 1-бөлүктө: төртүнчү абзацындагы «камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана» деген сөздөр алып салынсын; бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү эреже бузуулар үчүн административдик айыптарды салууга;»; тогузунчу абзацтагы «милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн четтеген жана» деген сөздөр алып салынсын; онунчу жана он сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-бөлүктө: үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебин алууга;»;
жетинчи абзацы «жана» деген сөздөн кийин «Социалдык фонддун компетенциясынын чегинде» деген сөздөр менен толукталсын»; сегизинчи абзацы «жана» деген сөздөн кийин «мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын компетенциясынын чегинде» деген сөздөр менен толукталсын; он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын; он бешинчи абзацындагы «камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелиниши жана келип түшүшү» деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандырылуучулардын даттанууларын кароого.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын: «Социалдык фонддун бюджетинин каражаттарын бөлүштүрүүчү Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду болуп саналат.».
3. 4-статьянын 1-бөлүгүндө:
төртүнчү абзацтагы «жана айып салуулардын» деген сөздөр «, пайыздардын жана санкциялардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка келип түшүүлөрдүн.».
5-берене 1. Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.