Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына 1-тиркемеге ылайык өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтер жана ведомстволор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарынын алкагында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобону милдеттүү түрдө сактоону камсыздашсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 19-сентябрында № 73 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Дж.Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын
ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары төмөнкү мамлекеттик органдарга (башка мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарына таасирин тийгизбеген жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбаган бөлүгүндө) өткөрүлүп берилсин:
1. Кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарга ылайык форма кийимдерин (аскер, атайын (укук коргоо органдары) кийүүгө укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына форма кийимдеринин сүрөттөлүшүн, ошондой эле аны кийүү эрежелерин бекитүү чөйрөсүндө.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана административдик ведомстволоруна, анын ичинде кызыкдар мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүү чөйрөсүндө, буга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр жана анын орун басарлары жетектегендер кирбейт.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине төмөнкү чөйрөдө:
- кооптуу, ири көлөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;
- Ички иштер органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмегин жана Аларды пайдалануу эрежелерин бекитүү бөлүгүндө коомдук тартипти коргоо;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин бекитүү.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине төмөнкү чөйрөдө:
Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин бекитүү, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу практикасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу үчүн аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу жоболорду, нускамаларды, жол-жоболорду, программаларды, колдонмолорду жана башка мыйзам алдындагы актыларды бекитүү, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин инспекторлорунун маалымдамаларын бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттары, жогорку жана орто кесиптик билим берүү адистиктери боюнча, мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарындагы предметтер боюнча (жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттеринен, жогорку жана орто кесиптик билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмегинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынан тышкары) мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкү чөйрөдө:
- жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдарды стажировкадан өткөрүү тартибин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустарынын иш кагаздарын жүргүзүүсү боюнча эрежелерди бекитүү;
- жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону бекитүү;
- мамлекеттик нотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү;
- нотариустар жок калктуу конуштарда консулдук мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын (айыл өкмөтү) кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартибин бекитүү;
- нотариалдык иш-аракеттерди, нотариалдык күбөлүктөрдү, бүтүмдөрдөгү жана күбөлөндүрүлүүчү документтердеги ырастоочу жазууларды каттоо реестрлеринин формаларын бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы адвокаттык иш маселелери боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону бекитүү.
7. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине аба кыймылын тейлөө жана Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө окуялар жана кырдаалдар жаралганда аба мейкиндигин пайдалануу тартибин аныктоо чөйрөсүндө.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкү чөйрөдө:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү талаптарын аныктоо;
- бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча стандарттарды жана методологиялык документтерди бекитүү.
9. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине төмөнкү чөйрөдө:
- Жумуштардын жана жумушчулардын кесиптеринин бирдиктүү тарифтик-квалификациялык маалымдамаларын бекитүү;
- Жетекчилердин, адистердин жана кызматкерлердин кызмат орундарынын бирдиктүү квалификациялык маалымдамасын бекитүү;
- бюджеттик чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын ишинин убактысынын жана өлчөмүнүн ченемдерин бекитүү;
- эмгек келишиминин үлгү формаларын бекитүү;
- уюмдардын эмгек тартиби боюнча типтүү жоболорду бекитүү.
10. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Өкмөттүн чечими менен тийиштүү жылга бекитилген юбилейлик иш-чаралардын тизмегине ылайык көрүнүктүү инсандардын юбилейлерин майрамдоо боюнча уюштуруучу комитеттердин курамдарын бекитүү чөйрөсүндө.
11. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине төмөнкү чөйрөдө:
- Мамлекеттик курулмаларды, имараттарды, анын ичинде административдик курулмаларды жана имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускамаларды бекитүү;
- экономикалык болжолдоо боюнча методологиялык документтерди бекитүү;
- республиканы, региондорду жана райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу параметрлерин эсептөө үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөрдүн формаларын жана тизмектерин бекитүү;
- ар кандай деңгээлдеги стратегиялык документтерди иштеп чыгууга стратегиялык пландоону жана бир түрдүү ыкманы ишке киргизүү боюнча методологияны бекитүү;
- берилген жана кабыл алынган шайкештик сертификатынын реестринин формаларын бекитүү.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына режимдик талаптар белгиленген түзөтүү мекемелеринин аймагында жана ага жанаша аймактарда болгон адамдарга, алардын буюмдарына, транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү тартибин бекитүү чөйрөсүндө.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго төмөнкү чөйрөдө:
- мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдор үчүн бюджеттерди түзүү жана аткаруу, коомдордун финансылык-чарбалык ишин талдоо жана коомдордун кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин күчөтүү боюнча методикалык документтерди бекитүү;
- мамлекеттин менчигиндеги объекттерге инвентаризация жүргүзүү боюнча нускамаларды бекитүү.