КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 токтому

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө

Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 - беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары менен эриш-аркак аракеттенип, бир айлык мөөнөттө:

- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунушталган чаралар жөнүндө калкка маалымдоону камсыз кылсын;

- бул токтомдон улам келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына муниципалдык кызматтардын базалык реестри белгиленген тартипте бекитилгенден кийин муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин иштеп чыгуу жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин бекитүүсүнө киргизүү сунушталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Дж. К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу