Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилерин тартипке келтирүү жана категорияларга бөлүү максатында, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жана “Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын тиркелген Стратегиялык объектилеринин тизмеги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бир айлык мөөнөттө тиешелүү объектилерге алар Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизилгендиги жөнүндө билдирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 532 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 532 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637 токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев