КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 1-февралындагы № 63 токтому

2014-жылы айыл чарба талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө

Дыйкан, фермер чарбаларына жана башка чарба субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү, 2014-жылы айдап себүү жана оруп-жыйноо иштерин жүргүзүү үчүн аларга жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги сунуштаган, 2014-жылдагы жазгы себүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарын жайгаштырууну 1-тиркемеге ылайык камсыз кылышсын;

- райондор, айыл аймактары жана чарба субъекттери боюнча алганда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сунушталган айдоо аянттарынын түзүмүн жайгаштыруу багытында айылдык товар өндүрүүчүлөр менен кеңири түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн;

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жана анын ведомстволук түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн катышуусу менен:

- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, өзгөчө буудай менен арпанын тастыкталган үрөн өндүрүшүн көбөйтүү максатында алдыңкы үрөн чарбаларынын базасында “Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 25 пайызынын эсебинен сугат айдоо жерлерин аларга бөлүп берүү жолу менен ири үрөн  кооперативдерин түзүшсүн;

- пайдаланууга жарактуу кыртыш иштетүүчү, себүүчү, оруп-жыйноочу, транспорттук, таразалоочу, дан жана үрөн тазалоочу техниканы  ремонттоону жана тейлөөнү өз убагында жана сапаттуу өткөрүү үчүн зарыл болгон запастык бөлүктөр, түйүндөр жана агрегаттар менен комплекттөөдө агротехникалык сервис кызматтарына көмөк көрсөтүшсүн;

- өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн кабыл алууга жана кайра иштетүүгө кырмандарды, кампаларды жана башка айыл чарба өндүрүмдөрүнүн толук сакталышын камсыз кылган ыңгайлаштырылган жайларды өз убагында даярдашсын;

- дан оруп-жыйноочу комбайндарды жана транспорт каражаттарын зарыл болгон өрткө каршы жабдуулар жана шаймандар менен камсыз кылышсын; айдоолордо, кырмандарда, саманканаларда жана башка айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо жайларында өрткө каршы коопсуздук чараларын көрүшсүн;

- “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Жалал-Абадэлектр” жана “Ошэлектр” ачык акционердик коомдору менен бирдикте кырмандардын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын, насостук станциялардын жана сугат скважиналарынын, механикалык устаканалардын, тракторлорду, кыртыш иштетүүчү, себүүчү, оруп-жыйноочу, транспорттук, дан жана үрөн тазалоочу техникаларды ремонттоо боюнча техникалык жана агротехникалык сервистик кызматтардын иштөөсү үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү маселесин чечишсин;

- айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы жана күзгү себүүнүн жана аларды оруп-жыйноонун графиктерин айыл аймактары боюнча түзүшсүн жана кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн, алар кеч бышуучу зоналарда, өзгөчө Нарын жана Ысык-Көл облустарында оруп-жыйноону тездетүү үчүн Чүй облусунун чарба субъекттеринен дан жыйноочу комбайндарды ишке тартууну камсыз кылышсын;

- 2014-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө 2015-жылдын түшүмү үчүн күзгү себүүнүн түзүмүн иштеп чыгып, макулдашып жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө сунуштап, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине беришсин;

- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана түздөн-түз айылдык товар өндүрүүчүлөр менен жер-жерлерде сугат жерлеринде буудай себүүнү, өзгөчө күзгү себүүнү ата мекендик жана чет өлкөлүк селекциянын эң мыкты үрөн сортторун пайдалануу, жер иштетүүнүн кабыл алынган технологияларын милдеттүү сактоо менен жайгаштыруу зарылдыгы жөнүндө кеңири түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:

- кылкандуу дан өсүмдүктөрүн жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн заманбап технологияларын техникалык пайдалануу жана инвестициялар боюнча эл аралык донорлордун долбоорлорун ишке ашыруу менен чет элдик тажрыйбаны пайдаланып, жайылтуу ишин активдештирсин;

- үрөн максатында буудайдын, арпанын, пахтанын, беденин жана эспарцеттин мыкты товардык айдоолорун кошумча бөлүү боюнча конкреттүү иш жүргүзсүн, аларды тиешелүү актылар менен тариздесин жана аларды оруп-жыйноону, тазалоону жана себүү кондициясына жеткирүүнү өзгөчө контролго алсын, ошондой эле алардын сакталышын жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду менен бирге тастыкталган суперэлита, элита, күздүк жана жаздык буудайдын биринчи, экинчи репродукциясын, күздүк жана жаздык арпанын, беденин, эспарцеттин жана картошканын эгилүүчү үрөндөрүн, ошондой эле биринчи муундагы жүгөрүнүн үрөндөрүн Япониянын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 10 жылдын ичинде төлөө мөөнөтү менен берилген гранттарынан жана кайтарып берүү акчалай каражат менен гана жүргүзүлүүгө тийиш болгон кредиттерден тышкаркы мамлекеттик карыз каражаттары боюнча карызы бар республиканын үрөн чарбаларынын карыздарын жабуу эсебинен республикалык үрөн фондунда топтоо жана кийин белгиленген көлөмдө үрөн чарбаларына жана республиканын башка чарба субъекттерине 2014-жылдагы жазгы себүүгө жана 2015-жылдын түшүмү үчүн күзгү себүүгө кийинчерээк берүү чарасын көрсүн;

- айылдык товар өндүрүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чарба аралык сугат тармагын, гидротехникалык курулуштарды ремонттоо иштерин уюштурсун жана айыл чарба талаа өсүмдүктөрүнүн жана мөмө-жемиш дарактарынын бышып, жетилген мезгилинде вегетациялык, ошондой эле айдоо алдындагы жана ным сактоо сугатын  үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге 2013-жылда пайдаланылган электр энергиясы үчүн 2014-жылдагы вегетациялык мезгил башталганга чейин электр энергетика компанияларынын алдындагы карызын жабуу маселелерин иштеп чыксын жана чечсин;

- экинчи репродукциядагы буудай үрөнүн сатып алгандыгы үчүн айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик дотацияларды төлөө тутумун киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук акт долбоорун иштеп чыксын жана 2014-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- үрөн чарбаларына, алар 2014-жылдын жазгы себүүсүнө айылдык товар өндүрүүчүлөргө буудайдын экинчи репродукциядагы үрөнүн бергендиги үчүн аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилеген бааларга жараша алардын наркынын 30 пайызы өлчөмүндө мамлекеттик дотацияларды төлөөгө 43,0 млн. сом суммасындагы бюджеттик акча каражатын издеп тапсын;

- 2014-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик суу чарба объекттериндеги ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин каржылоонун 2014-жылдагы көлөмүнүн мамлекеттик бюджетте каралган 70 пайыз өлчөмүндө акча каражатын бөлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын күздүк жана жаздык буудайдын экинчи репродукциясынын тастыкталган үрөндөрүн өндүрүүнү жана сатууну ишке ашырган үрөн чарбаларына дотацияларды берүү жөнүндө жобонун сунушталган долбоору бекитилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду кредиттик-күрөө келишимдерин төмөнкүлөр менен өз убагында түзүүнү камсыздасын:

- республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жаздык буудайдын, жаздык арпанын, жүгөрүнүн жана картошканын үрөндөрүн алуучулар менен пайызсыз товардык кредитти 2014-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтү менен берүү шарттарында. Нарын облусунун, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын бийик тоолуу региондорунун айылдык товар өндүрүүчүлөрү үчүн жогоруда аталган пайызсыз кредит түрүндөгү жаздык буудай, жаздык арпа, жүгөрү жана картошка үрөндөрү 2015-жылдын 31-декабрына чейин бериле тургандыгы белгиленсин;

- республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон күздүк буудай жана күздүк арпа, беде жана эспарцет үрөндөрүн алуучулар менен 2015-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтү менен пайызсыз товардык кредит берүү шартында.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги төмөнкү сатып алуу бааларын белгилесин:

- бир жумалык мөөнөттө - 2014-жылдын жазгы себүүсүнө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө, алар тарабынан берилген дотацияланган мамлекеттик үрөн чарбаларынын жаздык буудайдын биринчи жана экинчи репродукциядагы тастыкталган үрөндөрүнө, ошондой эле товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык ведомстволор аралык жана райондук мамлекеттик комиссиялар кабыл алган чечимдердин негиздеринде үрөн чарбаларына жана башка чарба субъекттерине 2014-жылдын жазгы себүүсүнө республиканын үрөн чарбаларында топтолгон республикалык мамлекеттик фонддон берилген жаздык буудайдын биринчи жана экинчи репродукциядагы суперэлита, элита үрөндөрү, жаздык арпанын, картошканын, беденин жана эспарцеттин биринчи муундагы жүгөрү үрөндөрүнө;

- 2014-жылдын 1-августуна чейин - товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык ведомстволор аралык жана райондук мамлекеттик комиссиялар кабыл алган чечимдердин негиздеринде үрөн чарбаларына жана башка чарба субъекттерине 2015-жылдын түшүмү үчүн жазгы себүүгө республиканын үрөн чарбаларында топтолгон мамлекеттик үрөн фонддорунан үрөн чарбаларына берилген күздүк буудайдын жана күздүк арпанын биринчи жана экинчи репродукциядагы суперэлита, элита тастыкталган үрөндөрүнө.

8. Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясына айыл чарба талаа иштеринде иштеген тракторлордун, дан жыйноочу комбайндардын жана автотранспорттордун үзгүлтүксүз иштөөсү, жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн шарт түзүү максатында, айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо жана күзгү себүүнү 2-тиркемеге ылайык көлөмдөрдө уюштуруу үчүн республиканын облустарындагы жана райондорундагы нефтебазаларда жана май куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоону камсыз кылуу сунушталсын.

9. “Кыргызтамекиси” мамлекеттик акционердик корпорациясы 2014-жылдын 15-февралынан кечиктирилбеген мөөнөттө тамеки базарына инвесторлорду тартуу жана тамеки чийки затын өндүрүүгө жана сатууга  келишимдерди түзүү  боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

10. “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы:

- Чүй жана Талас облустарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрү өндүргөн жана кант кызылчасын кайра иштетүүчүлөр кабыл алган кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алуу пункттарынан ал кайра иштетилген жерге чейин ташуу үчүн “Кайыңды Кант” ачык акционердик коомунун билдирмелеринин негизинде вагондордун зарыл болгон санын бөлсүн;

- 2014-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алуу жана кайра иштетүү мезгилине жүктөө жана жүк түшүрүү үчүн вагондордун экономикалык негизделген ченемдерин “Кайыңды Кант” ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимдик мамилелердин негизинде белгилесин;

- кант кызылчасын (кант кызылчасы пункттарынан аны кайра иштетүүчү жерге – “Кайыңды Кант” ачык акционердик коомуна чейин), ошондой эле кызылчачылар менен эсептешүү үчүн арналган кумшекерлерди (кант заводунан кант кызылчасы пункттарына) жеткирсин.

11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 “2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы  № 389 “2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 478 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 “2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-сентябрдагы № 517 “2014-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө”  токтому.

12. Бул токтомдун 5-пункту ушул токтомдун 3-пунктунун жетинчи абзацына ылайык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө экинчи репродукциядагы буудай үрөнүн сатып алууга мамлекеттик дотацияларды төлөө системасын киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук акт кабыл алынгандан кийин колдонула тургандыгы белгиленсин.

13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр                                               Ж.Ж. Сатыбалдиев 

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу