Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө
Ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жарандардын алкоголдон мас абалын күбөлөндүрүү жана жарандарды алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 “Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 4-пунктунда:
экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- адам Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келүүчү укукка каршы жосундарды жасаганына же жасады деп шектелгенине байланыштуу;”;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“- адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен мас абалын аныктоого карата күбөлөндүрүүдөн баш тартканда же болбосо ал мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогондо.”;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүчү дарыгерге ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү зарылдыгын жараткан себептерди көрсөтүү менен түзүлгөн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протокол берилүүгө тийиш.”;
- 4-бөлүмүнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө актыны тариздөө жана корутундуну туюндурмалоо”;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүчү дарыгер мас абалды медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө актыны (мындан ары – акт) түзөт. Актыда клиникалык текшерүүнүн, химиялык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары толук жазылат жана тиешелүү корутунду чыгарылат.
Актынын формасын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет.”;
- 17 жана 22-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү “протокол” деген сөз тиешелүү жөндөмөдө “акт” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 18-пунктундагы “Кыргыз Республикасында Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктундагы “Медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколу”, “медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколу” деген сөздөр тиешелүү түрдө “Акт”, “акт” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пунктундагы “күбөлөндүрүүнүн протоколу” деген сөздөр “акт” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 25-пунктундагы “Протоколдун” деген сөз “Актынын” деген сөз менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 312 “Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө жарандарды жиберүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев