Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө
Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализдин бир сеансына акы төлөө ченеми Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилүүчү бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча стандарттардын негизинде эсептелет жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун тиешелүү жылга бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтары үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат.
- мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализдин бир сеансына акы төлөө ченеми 2020-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- берилген арыздардын жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарды кезектүүлүк тартибинде электрондук каттоону камсыз кылсын;
- көрсөтүлүүчү гемодиализ кызматтарынын сапатын камсыз кылсын;
- гемодиализ кызматтарын алуунун кезектигинин сакталышына туруктуу негизде контроль жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн жыл сайын, билдирилген керектөөгө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна финансы каражатын карасын жана өз убагында багыттоону камсыз кылсын;
- 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өткөрүп берүү үчүн бюджеттик негизде гемодиализ кызматтарын сатып алуу боюнча борбордоштурулган иш-чараларга 2019-жылга республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине каралган 83 000 000 (сексен үч миллион) сом өлчөмүндөгү бюджеттик ассигнование азайтылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары менен бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүүнү;
- көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтары үчүн өз убагында акы төлөөнү;
- көрсөтүлүүчү гемодиализ кызматтарынын сапатын контролдоону;
- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын гемодиализ сеанстарын алуучу жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарын тандоосуна онлайын режиминде байкоо жүргүзүүнү.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карашсын;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев