КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтому

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

      1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 «Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:

2-главасында:

-      4-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:

«151. Каттоочу кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоого чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.».

- 6-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 271-пункт менен толукталсын:

«271 Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, каттоочу кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоону дароо жана бул адамга алдын ала кабарлоосуз тоңдурууга милдеттүү.

Мында жергиликтүү каттоо органы тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.

Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоо белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылган учурда жүзөгө ашырылат.»;

     2,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 251 «Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш жөнүндө жободо:

- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«34. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары инвестициялык активдерди башкарууну жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоого милдеттүү.».

     3.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2011-жылдын 7-сентябрындагы № 536 «Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:

- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«22. Көз карандысыз реестр кармоочу баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоого милдеттүү.»;

- 47-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына;».

     4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 «Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:

- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«18. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары баалуу кагаздар жана инвестициялык активдер менен болгон бүтүмдөрдү жасоо учурунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоого милдеттүү.».

     5. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 712 «Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жободо:

- 4-пунктунун 1-пунктчасындагы «терроризмди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү» деген сөздөр «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     6. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2012-жылдын 20-февралындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун бешинчи абзацындагы «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө» деген сөздөр «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пунктунун онунчу жана жыйырма тогузунчу абзацтарындагы «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы иш-аракеттенүү чөйрөсүндө» деген сөздөр «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

   7. Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- тиркемесинин 24-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

  8.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун 1-пунктчасынын он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларынын иш-аракетине текшерүү жүргүзөт;».

   9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 «Ломбард ишинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жободо:

- 3-пунктундагы «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» деген сөздөр «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  10.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери:

- төмөнкүдөй мазмундагы 311-пункт менен толукталсын:

«311. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери каттоо ишине чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.

Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз транспорт каражатын каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүнү тоңдурууга милдеттүү.

Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.

Транспорт каражатын каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.»;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам жетүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмеси:

- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызмат адамдары.».

  11. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 «Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласындагы «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» деген сөздөр «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:

13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«13. Финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттери финансылык чалгындоо органына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты берүүгө милдеттүү.».

12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу