Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо тартибин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 12-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары өз карамагындагы аймактын чегинен тышкары Өкмөттүн Аппаратынын тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн пикирин эске алуу менен, тейлеген вице-премьер-министрдин, ал жок учурда – Аппарат жетекчинин же Аппарат жетекчинин тейлеген орун басарынын уруксаты менен чыгышат.”;
- 20-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Премьер-министр жактырган жыйындын күн тартибинин жана тийиштүү материалдардын долбоорлору Өкмөт мүчөлөрүнө жана жыйындын калган катышуучуларына жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 2 күндөн кечиктирбестен электрондук документ жүгүртүү системасы, электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу жиберилет.”;
- 31-пункту “жиберилет” деген сөздөн мурун “электрондук документ жүгүртүү системасы, электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу” деген сөздөр менен толукталсын;
- 33-пунктунун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн кезексиз жыйынынын күн тартибинин долбоорун жана жыйындын катышуучулары үчүн материалдарды даярдайт жана жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен аларды жыйындын катышуучуларына электрондук документ жүгүртүү системасы, электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу жөнөтөт.”;
- 51-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика министрлиги же Тышкы иштер министрлиги (тышкы саясат жана эл аралык коомдук укук бөлүгүндө эл аралык кызматташуу маселелери боюнча) терс корутунду берсе, Өкмөттүн чечиминин долбоору Өкмөттүн жыйынына киргизилүүчү чечимдердин долбоорлорунан тышкары, Өкмөттүн Аппаратына киргизилбейт.
Иштеп чыгуучу орган менен ушул пункттун он үчүнчү абзацында аталган министрликтердин ортосунда консенсуска жетишилбеген учурда иштеп чыгуучу орган тейлеген вице-премьер-министрге же Премьер-министрге Өкмөттүн чечиминин долбоорун демилгелөөнү колдоо өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Мында коштоочу катта долбоорду кабыл алуу зарылдыгы жана мамлекеттик органдардын жүйөлөрү менен макул эместигинин себеби жөнүндө маалымат чагылдырылышы керек. Чечимдин долбооруна кайчы пикирлер матрицасынын көчүрмөсү да тиркелет.”;
-.55-пунктунун биринчи абзацы “актынын долбооруна” деген сөздөрдөн кийин “, ратификациялоо, кошулуу жөнүндө же кол коюлган эл аралык келишимдерди бекитүү тууралуу актынын долбооруна, ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан жактырылган актынын долбооруна” деген сөздөр менен толукталсын;
-.56-пунктунун экинчи абзацы “аны алмаштыруучу адам” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле юридикалык кызматтын жетекчиси” деген сөздөр менен толукталсын;
- 57-пунктунун үчүнчү абзацы “делегациялардын курамдарын түзүү” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынан чечимдеринен келип чыгуучу долбоорлордун” деген сөздөр менен толукталсын;
- 58-пункту “баракчасын” деген сөздөн кийин “электрондук документ жүгүртүү системасы,” деген сөздөр менен толукталсын;
- 59-пунктунда:
мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“- маселени ашыкча жөнгө салууну болтурбоо;”;
он алтынчы/-/он тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Чечимдин долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган иштеп чыгуучуга жооптун төмөнкүдөй варианттарынын бирин берүүгө тийиш:
1) чечимдин долбоору сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылды (макулдашуу барагындагы жетекчинин жана аны алмаштыруучу адамдын визасы);
2) чечимдин долбоору болгон сын пикирлер жана сунуштар менен макулдашылууда. Мында макулдашуучу мамлекеттик органдын коштоочу катында (корутундусунда) чечимдин долбооруна карата сын пикирлер жана сунуштар (сын пикирлер жана сунуштар менен макулдашуу барагы), ошондой эле аларды жоюу жана эске алуу боюнча сунуштар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
3) чечимдин долбоорун макулдашуудан баш тартылды. Макулдашуу барагына кол коюлбайт, ал эми макулдашуучу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын алмаштырган адам кол койгон коштоочу катта (корутундуда) актынын долбоорун макулдашуудан баш тартуунун себеби жүйөлөнүп көрсөтүлөт.”;
- 60 жана 61-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“60. Чечимдин долбоорун макулдашуунун жыйынтыгы боюнча иштеп чыгуучу орган тарабынан долбоорду макулдашуунун жүрүшүндө келип түшкөн бардык эске алынган жана алынбаган сын пикирлерди жана сунуштарды киргизүү жана аларды эске албоонун себебин негиздөө же долбоор сын пикирсиз макулдашылганын белгилөө менен топтомо таблица түзүлөт, ага иштеп чыгуучу органдын жетекчиси же аны алмаштыруучу адам кол коёт.
Мында топтомо таблицанын аныктыгы үчүн жоопкерчилик ага кол койгон адамга жүктөлөт. Эгерде тотптомо таблицада анык эмес маалымат көрсөтүлсө мамлекеттик органдын жетекчисине карата тартиптик таасир этүү чарасы көрүлөт.
61. Иштеп чыгуучу орган макул болбогон сын пикирлер боюнча аны менен макулдашуучу органдын ортосунда кайчы пикирлер матрицасын түзөт. Мында актынын долбоорун иштеп чыгуучу орган үч графадан турган таблица түрүндөгү кайчы пикирлер матрицасын даярдайт, анда иштеп чыгуучу орган менен макулдашуучу орган тарабынан сунушталган, долбоордун кайчы пикирлерди жараткан пункттарынын толук тексттери жана алардын негиздемелери камтылат. Иштеп чыгуучу органдын жетекчиси же аны алмаштыруучу адам кол койгон кайчы пикирлер матрицасы актынын долбоорунун акыркы варианты менен бирге макулдашуучу органга жиберилет жана анын жетекчиси же аны алмаштыруучу адам тарабынан 3 күндүк мөөнөттө кол коюлушу керек.”;
- 69-пунктунда:
жетинчи абзацы “корутунду” деген сөздөн кийин “(Өкмөттүн чечиминин долбоору Юстиция министрлиги тарабынан киргизилген учурлардан тышкары)” деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“бардык эске алынган же эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар, ошондой эле долбоор сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылганы көрсөтүлгөн топтомо таблица, анын ичинде электрондук версиясы;
- ушул Регламенттин 61-пунктунда каралган учурда кайчы пикирлер матрицасы;”;
жыйырма экинчи абзацы “расмий тилдерде” деген сөздөрдөн кийин “(мамлекеттик жана расмий тилдерде берилиши мүмкүн болгон топтомо таблицадан жана кайчы пикирлер матрицасынан тышкары)” деген сөздөр менен толукталсын;
-.103-пунктунун биринчи абзацы “аларды” деген сөздөн кийин “электрондук документ жүгүртүү системасы,” деген сөздөр менен толукталсын;
-.104-пунктунун биринчи абзацындагы “электрондук почта” деген сөздөр “электрондук документ жүгүртүү системасы, электрондук почта, факсимилдик байланыш” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-.105-пунктунун биринчи абзацындагы “электрондук почта аркылуу сканерленген электрондук көчүрмөсүн же факсимилдик байланыштарды” деген сөздөр “сканерленген электрондук көчүрмөсүн электрондук документ жүгүртүү системасы, электрондук почта же факсимилдик байланыш аркылуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-.108-пунктунун биринчи абзацындагы “сегиз” деген сөз “он төрт” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 147-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“147. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары кайрылууларды “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте, административдик жол-жоболорду ишке ашырууга байланышпаган жарандардын кайрылууларын кароого тиешелүү бөлүгүндө гана карашат. Калган бөлүгүндө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жарандардын кайрылууларын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте карашат.”;
-.148-пунктунун биринчи абзацы “аткаруу бийлигинин ушул органдарына” деген сөздөрдөн кийин “электрондук документ жүгүртүү системасы, электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу” деген сөздөр менен толукталсын;
- 155-пунктунда:
биринчи абзацы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына” деген сөздөрдөн кийин “, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына” деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жарандардан келип түшкөн, административдик жол-жоболорду ишке ашыруу менен байланышпаган кайрылуулар алар катталган күндөн тартып 14 иш күндүн ичинде министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан каралат. Жарандардын административдик жол-жоболорду ишке ашыруу менен байланышкан кайрылуулары административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жана мөөнөттө каралат.”.
2..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жободо:
-.4-пунктундагы “Өкмөттүн буйругу” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-.21-пунктундагы “Өкмөттүн буйругунун” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругунун” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3..Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев