КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтому

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө

Салык саясатын ырааттуу жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында контролдук-кассалык машиналарды колдонууну пландуу өркүндөтүүнү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109 жана 110-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

2) Ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептөөлөрдү жүргүзө алышкан субъекттердин тизмеси (мындан ары – Тизме), 2-тиркемеге ылайык;

3) Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптар жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар, 3-тиркемеге ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү эрежелери, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 “Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

2)жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата убактылуу техникалык талаптар жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарда:

- 3-пунктунун 1-таблицасында:

а) 16-пунктунун “параметрлердин аталышы” графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Машинаны тосмолоо:

- фискалдык эстутум жана/же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш толуп кеткен же бузук болгон учурда;

- ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен узактыгы 72 (жетимиш эки) сааттан ашык байланыш болбогон учурда;

- фискалдык режимде ККМ менен иштөөдө фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнө жана фискалдык эстутумга санкцияланбаган кирүү аракети жасалганда.”;

б) 32-пунктунунун “параметрлердин аталышы” графасынын төртүнчү сабы “каналын кармоо” деген сөздөрдөн кийин “(GSM, UMTS, LTE, Ethernet, LAN, WLAN)” аббревиатуралары менен толукталсын;

в) 32-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи сап менен толукталсын:


- фискалдык маалыматтар түзүлгөндөн жана алар ыйгарым укуктуу салык органынын серверине алынгандан кийин маалыматтарды берүү-кабыл алуу убактысы 10 (он) секунддан ашык эмес

+

+

+

+


”;

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. ККМдин фискалдык эстутумуна карата талаптар:

1) фискалдык эстутумдун конструкциясы ККМдин иштөөсүндө, ошондой эле штаттык приборлорду, жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды колдонуу менен техникалык тейлөөдө жана оңдоодо механикалык, электр магниттик таасир этүүлөрдөн жана башка түрлөрүнөн коргоону караштырууга тийиш;

2) фискалдык эстутумда фискалдык эстутумдун бир же бир нече топтогучтары болууга тийиш. Эксплуатациялоо процессинде (фискалдык режимде) бир жолу маалымат жазылган фискалдык эстутумдун топтогуч зонасы ошондой эле эч бир   шартта да кайталап жазуу жана/же селективдик өчүрүү үчүн жеткиликтүү болбошу керек;

3) фискалдык эстутумдун топтогучу блок конструкциясында же ККМдин курамында ККМдин жалпы каптоосу менен жайгаштырылышы керек. Фискалдык эстутумдун топтогучун башкача жайгаштырууга жол берилбейт.”;

- 25-пунктунда:

а) жетинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- фискалдык эстутум жана/же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш толуп, бузулуп же өчүп калгандыгы аныкталганда ККМдин каттоочу функцияларына бөгөт коюу аны пайда кылган себептер четтетилгенден кийин алынууга тийиш.”;

б) төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:

“- фискалдык режимде ККМ иштеп жаткан учурда фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүштөрүнө санкцияланбаган кирүү аракети жасалганда;

- ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен узактыгы 72 (жетимиш эки) сааттан ашык байланыш болбогон учурда;

- программалык камсыздоого жана ККМдеги кассалык операциялар жөнүндө маалыматты модификациялоо жана санкцияланбаган кирүү аракети жасалганда.”;

- 34-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

“- фискалдык маалыматтар түзүлгөндөн жана алар ыйгарым укуктуу салык органынын серверине алынгандан кийин маалыматтарды берүү-кабыл алуу убактысы 10 (он) секунддан ашпоого тийиш.”;

- 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“35. Техникалык тейлөө борборлорунда (мындан ары – ТТБ) төмөнкүлөр болушу керек:

- ККМди даярдоочу завод же анын расмий өкүлү менен ККМди жеткирүү, техникалык жана кепилдик колдоо жана аларды оңдоо үчүн комплекттөөлөр жөнүндө, ККМдин моделин (аталыштарын), санын жана жеткирүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен келишим. Эгерде ТТБ ККМди даярдоочу завод болуп саналса, анда ТТБда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ККМди өндүргөн даярдоочу заводдун ККМге автордук укугун ырастоочу документтер болушу тийиш;

- ТТБ тарабынан бекитилген чекене баалардын өлчөмүн көрсөтүү менен ККМ тейлеген моделдеринин жана оңдоо үчүн аларды комплекттөөлөрдүн тизмеги;

- ТТБ тарабынан бекитилген ККМди техникалык тейлөө үчүн тарифтер;

- провайдер (байланыш оператору) менен тарифтерди көрсөтүү, корголгон байланыш каналдарын берүү аркылуу маалымат алмашуу боюнча үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү тууралуу келишим;

- ККМди даярдоочу завод же анын расмий өкүлү тарабынан берилген ККМди орнотуу, эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча алардын кесиптик көндүмдөрүн ырастоочу колдонуудагы сертификаты бар кызматкерлер;

- ККМди күнү-түнү техникалык жактан колдоо жана сервистик тейлөө үчүн материалдык-техникалык база.”;

- 36-пунктунда:

а) биринчи абзацындагы “Техникалык тейлөө борбору” деген сөздөр “ТТБ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

б) экинчи абзацындагы “ККМди сервистик тейлөөгө” деген сөздөр “суткасына 24 (жыйырма төрт) саат, жумасына 7 (жети) күн режиминде ККМди техникалык, кепилдик жана сервистик тейлөөгө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) үчүнчү абзацындагы “меморандумдун” деген сөз “макулдашуунун” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 37 жана 38-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“37. ТТБ төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрине (мындан ары – ККМдин мамлекеттик реестри) киргизилген ККМдин моделдери боюнча гана сатууну, техникалык, кепилдик жана сервистик тейлөөнү ишке ашырууга;

- субъекттин кайрылуусунда ККМди ижарага берүүгө, ККМди лизинг келишими боюнча берүүгө же акы төлөө мөөнөтүн узартуу менен ККМди сатууга;

- техникалык жактан бузулуп калган учурда мындай бузулуулар аныкталган учурдан тартып 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде сервистик кызматтарды көрсөтүү үчүн кызматкерлердин тийиштүү санынын болушуна;

- ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү боюнча ККМдин ишине күнү-түнү мониторинг жүргүзүүгө жана мындай берүү жок экендиги аныкталган учурда 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде ККМдин бузулууларын четтетүүгө;

- субъекттердин жана салык кызматынын органдарынын кайрылуусунда ККМдин бузулуусун 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде четтетүүгө;

- ар бир келип түшкөн кайрылуулардын күнүн жана убактысын көрсөтүү менен оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар белгилене турган субъекттердин ККМдин бузулуусун четтетүү боюнча кайрылуулары каттала турган журнал жүргүзүүгө;

- белгиленген мөөнөттүн ичинде ККМдын бузулушун четтетүү мүмкүн болбогон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында каттоого жана оңдоо мезгилинде субъектке жараксыз ККМдин ордуна башка так ошондой, техникалык мүнөздөмөлөрү окшош, иштеген ККМди акысыз негизде берүүгө;

- провайдерлердин (байланыш операторлорунун) ар бир ККМ боюнча корголгон байланыш каналдарын берүү менен маалыматтарды алмашуу боюнча үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүсү үчүн чыгымдарын, ошондой эле фискалдык маалыматтарды берүүгө байланыштуу башка чыгымдарды өз убагында төлөөнү камсыз кылууга;

- өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурда, мурда түзүлгөн келишимге ылайык, субъект үчүн шарттарды өзгөртүүсүз ККМ техникалык тейлөө боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын жана милдеттерин башка ТТБга өткөрүп берүүгө;

- өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурда, субъекттерге жана ыйгарым укуктуу салык органына жазуу жүзүндө өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурга чейин 90 (токсон) календарлык күн мурда билдирүүгө;

- ККМге, анын ичинде фискалдык эстутумга жана электрондук контролдук тасмага санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздукту камсыздоого;

- субъект келишимдин шарттарын аткарбаган учурда, ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу келишим бузулганга чейин 10 (он) жумуш күн мурда ККМди тейлөөгө келишимдин бузулушу жөнүндө салык органына билдирүүгө.

38. ТТБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй жоопкерчилик тартат:

- ККМдеги фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды санкциясыз өзгөрткөндүгү, ошондой эле ККМдин мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин аны программалык камсыз кылууну санкциясыз модификациялагандыгы үчүн;

- ушул Талаптардын 37-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди жана ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну аткарбагандыгы үчүн;

- ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү боюнча субъекттер колдонгон ККМдин оңдугу үчүн, анын ичинде провайдерлердин (байланыш операторлорунун) корголгон байланыш каналдарын берүү менен маалыматтарды алмашуу боюнча үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү жана фискалдык маалыматтарды берүүгө байланыштуу башка сарптоолор үчүн чыгымдардын өз убагында төлөнүшү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекетке же субъектке зыян алып келген аракеттер/аракетсиздик үчүн.

ТТБ жоопкерчилиги ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен берилүүчү отчеттордун, салык кызматынын органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ТТБ ишин жана субъекттерди контролдоого ыйгарым укуктуу башка мамлекеттик органдардын контролдук иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча аныкталат.”;

-  төмөнкүдөй мазмундагы 39-пункт менен толукталсын:

“39. ТТБ төмөнкүлөргө укуктуу:

- ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамынан макулдашууну тийиштүү түрдө аткарууну талап кылууга;

- өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдарына белгилүү болгон салыктык, коммерциялык жана башка сырды сактоону талап кылууга;

- салык органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ТТБ жана субъекттердин ишин контролдоого ыйгарым укуктуу башка органдардын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздиктерине даттанууга; 

- ККМдин ишин каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасына кирүү мүмкүндүгүн алууга;

- өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен иштөөгө өзүнүн кызматкерлерин тийиштүү окутууга;

- субъект келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбаган учурда ККМди тейлөө келишимин бузууга.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пунктунун экинчи абзацындагы “январынан” деген сөз “апрелинен” деген сөз менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 161 “Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктундагы “январына” деген сөз “апрелине” деген сөз менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 426 “Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктундагы “2019-жылдын 31-декабрына” деген сөздөр “2020-жылдын 31-мартына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын  17-сентябрындагы № 482 “Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Мунай заттарды ташып киргизүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу менен алектенген ишкер субъекттер төмөнкүлөрдү колдоноору белгиленсин:

- 2020-жылдын 1-апрелинен тартып – мунай заттарга электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды;

- 2020-жылдын 1-июлунан тартып – автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылуучу отун майы тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекке басып чыгаруу жана ыйгарым укуктуу салык органына маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды.”;

2) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 8-пункту “токтом” деген сөздөн кийин “2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 1, 4 жана 5-пункттарынан тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби жөнүндө жободо:

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасы” деген сөздөр “АБС” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 2-пунктунда: 

а) 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4) автомай куюучу станцияны автоматташтырылган башкаруу системасы (мындан ары –АБС) – бул комплексинде станциялардын функцияларын башкарууну камсыз кылган чакан системаларды жана тийиштүү жабдууларды пайдалануучу, автотранспорт каражаттарына мунай заттарды куюу боюнча станцияларды автоматташтыруу, анын ичинде фискалдык чек чыгарылгандан кийин гана мунай заттарды берүү бөлүгүндө отун-таратуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машиналардын ишин синхрондоштуруу милдеттерин чечүү;”;

б) 6-пунктчасындагы “АМС” аббревиатурасы тиешелүү жөндөмөдө “автотранспорт каражаттарына мунай заттарды куюу боюнча станциялар” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

в) 22-пунктчасындагы “АМСтеги” деген сөз алып салынсын;

- 4-пунктунда:

а) 1-пунктчасындагы “ЕЭС ТЭИ ТНге киргизилген” деген сөздөр “ушул Жобонун 1-таблицасына киргизилген жана” деген сөздөр менен, “акциздик” деген сөз “мунай жана” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“2) Чекене сатуу АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияларда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларда гана алар контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана АБС менен камсыз кылынган шартта ишке ашырылат. АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияларда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларда ушул Жобонун 1-таблицасынын 2, 4, 6 жана 7-саптарында аталган мунайзаттар, ошондой эле колдонулуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МС) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык аталышы жана маркасы идентификациялоодон өткөн башка акциздик мунай заттар гана сатылууга тийиш.”;

- 8-пунктунда:

а) биринчи абзацы “коштомо кагаздарды” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө” деген сөздөр менен толукталсын;

б) экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10-пунктундагы “2020-жылдын 1-январынан тартып” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“15. Ушул Жобонун 10-пунктунун аткарылышы камсыз кылынбаган учурда же АБС менен контролдук-кассалык машинанын өз ара аракеттенүү талаптарына функциялык жактан шайкеш келбеген учурда ишкер субъектке АМСтен, автомобилдик газ куюучу станциялардан жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардан мунай заттарды чекене сатууга тыюу салынат.”;

- 5-главанын аталышы “станцияда” деген сөздөн кийин “жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларда” деген сөздөр менен толукталсын;

- 5-главадагы “АГКС” аббревиатурасы тийиштүү жөндөмөдө “автомобилдик газ куюучу станция” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 27-пункту “2-пунктчасын” деген сөздөрдөн кийин “жана 8-пунктун” деген сөздөр менен толукталсын;

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына коюлуучу техникалык талаптарда:

- 2-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“1) автомай куюучу станцияны автоматташтырылган башкаруу системасы – бул комплексинде станциялардын функцияларын башкарууну камсыз кылган чакан системаларды жана тийиштүү жабдууларды пайдалануучу, автотранспорт каражаттарына мунай заттарын куюу боюнча станцияларды автоматташтыруу, анын ичинде фискалдык чек чыгарылгандан кийин гана мунай заттарды берүү бөлүгүндө отун-таратуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машиналардын ишин синхрондоштуруу милдеттерин чечүү;”;

- 3-пункту “станцияны” деген сөздөн кийин “(мындан ары – АМС)” деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-пунктунун 6-пунктчасынын экинчи абзацындагы “бергенде жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына реалдуу убакыт режиминде маалыматтар берилгенден” деген сөздөр “бергенден” деген сөз менен алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы төмөнкү чараларды көрсүн:

 - өз ара аракеттенүү жөнүндө мурда түзүлгөн меморандумдарга ылайык иш жүргүзгөн контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды кайра түзүү боюнча;

- контролдук-кассалык машиналардан каттоо жана маалыматтарды алуу үчүн колдонулуучу автоматташтырылган маалыматтык системаны жеткире иштеп чыгуу боюнча.

8. Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө ушул токтомго ылайык, алар тейлеген жана субъекттер тарабынан колдонулган контролдук-кассалык машиналарды жеткире иштеп чыгуу (модернизациялоо) сунуш кылынсын.

9. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 токтому менен бекитилген Субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу графигинин 1 жана 2-этаптарына киргизилбеген жана салык органдарында катталган контролдук-кассалык машиналардын эски үлгүлөрүн колдонгон субъекттер 2020-жылдын 1-июлуна чейин аларды оңдолгон шартта гана колдонууга укуктуу экендиктери;

- 2020-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында ушул токтом менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарга техникалык талаптарга жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарга ылайык келбеген контролдук-кассалык машиналарды каттоого болбостугу;

- ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуучу субъекттер ушул токтомго ылайык аларды толуктап иштеп чыгуу (модернизациялоо) шартында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мөөнөткө чейин аларды колдонууга укуктуу экендиги;

- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тизмеге киргизилген субъекттер 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алышары. 

10.  2020-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 “Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылды 17-апрелиндеги № 203 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 “Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун бешинчи абзацы;

11.  Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган ушул токтомдун 1-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев