КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 743 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын  15-февралындагы № 20-б буйругу менен бекитилген «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картанын» 8-пунктунун 8.2-пунктчасын аткаруу үчүн, «Электрондук колтамга жөнүндө» жана «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамада:

1) 3-пунктунда:

- биринчи абзацындагы «автоматташтырылган маалыматтык технологиялардын» деген сөздөр «электрондук документ жүгүртүүнүн бирдиктүү системасынын (мындан ары – ЭДЖБС) деген сөздөр менен алмаштырылсын»;

- экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- үчүнчү абзацы «атайын нускамаларга» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына» деген сөздөр менен толукталсын;

2) 13-пунктундагы «санариптик» деген сөз алып салынсын;

3) 14-пунктунда:

-20-пунктчасынын төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Документтерге ошондой эле «Электрондук колтамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык электрондук колтамга коюлат.»;

- 21-пунктчасынын алтынчы абзацындагы «санариптик» деген сөз алып салынсын;

4) 81-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«81. Электрондук документтер ЭДЖБСда түзүлөт, иштелип чыгат жана сакталат. Эсепке алуу бирдиги болуп ЭДЖБСда катталган электрондук документ саналат.»;

5) 82-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;

6) 83-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 84-пунктунда:

- биринчи абзацындагы «санариптик» деген сөздөр алып салынсын;

- экинчи абзацында:

«электрондук документ жүгүртүү системасында» деген сөздөр «ЭДЖБСда» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

«санариптик» деген сөз алып салынсын;

8) 85-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«85. Аткарылган электрондук документтер ЭДЖБС иштеринин бирдиктүү типтүү номенклатурасына ылайык иштерге системалаштырылат. Иштердин номенклатурасын түзүүдө алар электрондук түрдө түзүлүп жаткандыгы белгиленет.

Электрондук документтер аткарылгандан кийин белгиленген тартипте кагаз түрүндөгү ушул сыяктуу документтер үчүн каралган мөөнөттүн ичинде сакталууга тийиш. Электрондук иштерди (электрондук документтерди) сактоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин аларды жок кылуу үчүн бөлүү жөнүндө мекеменин жетекчиси бекиткен актынын негизинде аталган электрондук иштер (электрондук документтер) башкаруу документтеринин сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн тизмесине ылайык автоматташтырылган режимде жок кылынат.»;

9) төмөнкүдөй мазмундагы 86-96-пункттар менен толукталсын:

«86. Электрондук колтамганы текшерүү (мындан ары – электрондук колтамганын аныктыгын текшерүүнүн оң натыйжасы) жол-жоболору өткөрүлгөндөн кийин электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен электрондук колтамганын тууралыгын ырастоо (аныктоо) алынган учурда электрондук документ автоматташтырылган режимде алгачкы иштеп чыгууга жатат.

87. ЭДЖБСда электрондук документти алгачкы иштеп чыгуу автоматташтырылган режимде ишке ашырылат жана электрондук документтин бардык реквизиттерин текшерүүнү камтыйт.

88. Электрондук документтин бардык реквизиттерин жана бүтүндүгүн автоматташтырылган режимде текшерүү аяктагандан кийин иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын кызматкери электрондук документти каттайт, андан кийин электрондук документке ЭДЖБСда автоматташтырылган режимде кириш каттоо номери ыйгарылат.

89. Электрондук документтерди системалаштыруу жана эсепке алуу үчүн кириш каттоо номерин ыйгарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген Башкаруу органдарынын мамлекеттик классификатору пайдаланылат.

90. Электрондук документке ЭДЖБСда кириш каттоо номери ыйгарылгандан кийин автоматташтырылган режимде электрондук документтин кириш каттоо номерин, каттоо датасын, чыгыш каттоо номерин көрсөтүү менен маалыматты жиберүүчү (аткаруучу/лар жана электрондук документке кол койгон адам) жөнүндө белги коюлат.

91. Эгерде ЭДЖБСде автоматташтырылган режимде ушул Типтүү нускаманын 90-пунктунда каралган маалыматтар көрсөтүлбѳсѳ электрондук документ алынбай калган болуп эсептелет.

92. Электрондук документти жөнөтүү алдында автоматташтырылган режимде анын туура таризделгендиги (электрондук документте милдеттүү реквизиттердин болуусу) текшерилет, анын ичинде электрондук колтамганы текшерүү жол-жоболору жүргүзүлөт.   

Эгерде автоматтык режимде текшерүү жол-жобосунун жүрүшүндө электрондук колтамганын дал келбестиги аныкталса, электрондук документ жиберилбейт.

93. ЭДЖБСда электрондук документтерди эсепке алууну жүргүзүү жана аткарууну контролдоо тийиштүү түстөгү маркалоосу менен аткаруучуларга эскертүү жиберүү аркылуу автоматташтырылган режимде жүзөгө ашырылат.  

94. ЭДЖБСда электрондук документтерди аткаруу мөөнөтү кагаз жүзүндөгү документтерди аткаруу мөөнөттөрүнө дал келет.

95. Убактылуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер алар түзүлгөн, жөнөтүлгөн же алынган форматта (салынган файлдарга тийиштүү), тиешелүү электрондук документтердеги бир убакта түзүлгөн электрондук колтамганы сактоону камсыз кылуу менен сакталат.   

Иштердин номенклатурасында 10 жылдан ашык сактоо мөөнөтү (анын ичинде туруктуу сактоо мөөнөтү) каралган электрондук документтерге кол коюу алдында мамлекеттик архив мекемелери электрондук документтин жалпы бөлүгүн (анын ичинде бардык тиркемелерди) Portable Document Format (PDF/А1 же PDF/A2) форматына өзгөртөт.

96.Электрондук документти аткаруу датасы болуп электрондук документке электрондук колтамга коюлган күн эсептелет.»;

10) Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын 3-тиркемесинде:

- 20-пунктундагы «цифралык» деген сөз алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу