КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 741 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускамада:

- 18-пунктунда:

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:  

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөткөн учурда электрондук форматтагы сурамга карата талаптар берилет (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө электрондук сурам жиберүү үчүн толтуруу зарыл болгон документтерди камтыган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына шилтеме).»; 

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү - бешинчи абзацтар менен толукталсын:  

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн   стандартында электрондук документтин форматын баяндоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитилүүчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине шилтеме берүү менен электрондук колтамга болуунун зарылдыгы жөнүндө көрсөтүү сунушталат.   

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн  стандартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун электрондук формадагы мамлекеттик кызматты көрсөтүү жөнүндө сурамды аткаруу статусун текшерүү ыкмасын баяндоосу сунушталат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн  стандартында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу же болбосо кызмат көрсөтүү жарым-жартылай автоматташтырылган болсо, жеке баруусу аркылуу кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын жеткирүү ыкмасын көрсөтүү сунушталат.»;

төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:   

«- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди берүүгө.»;

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«21. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн   стандартында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар кандай түрдө көрсөтүлө тургандыгын, анын ичинде аны электрондук форматта толук көлөмдө же жарым-жартылай көрсөтүлүүсүн белгилөө сунушталат. 

Эгерде кызмат электрондук форматта көрсөтүлсө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн формасы жөнүндө маалымат берилет: толук автоматташтырылган, жарым-жартылай автоматташтырылган (электрондук кызмат көрсөтүүнүн даярдык баскычы).  

Электрондук кызмат көрсөтүүнүн даярдык баскычын аныктоодо Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүү жол-жоболорун оптималдаштыруу жана аларды мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү пайдалануу керек. 

Эгерде жыйынтыгы физикалык ишке ашырууну талап кылса, анда кызмат көрсөтүү арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана жыйынтыгынын даярдыгы тууралуу билдирүү баскычында электрондук форматта көрсөтүлөт.

Тиешелүү кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдардын веб-сайты аркылуу электрондук форматта жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына келип түшкөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга берилген арыздар боюнча чечимдер административдик регламентте белгиленген тартипте кабыл алынышы жана келип түшкөн күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде арыз берүүчүгө жеткирилиши керек. Билдирүү арыз берүүчүгө арыз кандай кабыл алынган болсо ошол эле ыкма менен кайра жиберилет жана кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө алуу үчүн мындан аркы керек болгон иш-аракеттердин арыз боюнча чечими жөнүндө маалыматты камтышы керек, ал эми баш тарткан учурда чечим кабыл алган мамлекеттик органдын иш-аракетине даттануу тартиби жөнүндө маалымат берилиши керек. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, алардын стандарттары жөнүндө маалымат акысыз берилет жана кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдардын сайтына, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына шилтеме) жарыяланат. Стандартта электрондук сайттын аталышы (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына шилтеме), зарыл болгон документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси жана ушул Нускаманын 18 жана 19-пункттарына ылайык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы милдеттүү түрдө чагылдырылат.». 

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жайгаштырылган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына аларды электрондук форматта берүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү камсыз кылынсын. 

4. Ушул токтом 2020-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирүүчү   1-пунктунун онунчу абзацынан тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып жети иш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу