Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 18-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эксплуатациялоого киргизилүүчү электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына маалыматтык системаларды, маалыматты иштеп чыгуу борборлорун жана башка элементтерди киргизүүнү.».
3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), алардын ведомстволук бөлүмдөрү, мекемелер, ишканалар жана уюмдар бир айлык мөөнөттүн ичинде «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого берилген электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементтеринин тизмесин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети алты айлык мөөнөттүн ичинде:
- «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого берилген электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына маалыматтык системаларды, маалыматты иштеп чыгуу борборлорун жана башка элементтерди киргизүү каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын долбоорун белгиленген тартипте даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин калыптандырууну жана иштетүүнү камсыз кылсын;
- электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестринин операторун аныктасын;
- ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев