КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Аккредитациялоо жол-жобосун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, «Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна тɵмɵнкүдөй ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун тартибинде:

 - 2-пунктундагы «Аккредитациялык агенттик (мындан ары – Агенттик)» деген сөздөр «Аккредитациялык агенттик катары таанылган уюм (мындан ары - Агенттик)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктунда:

3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3) Агенттик тарабынан даярдалган жана билим берүү уюмдарына жана программаларына экспертиза жүргүзүүгө тартылуучу билим берүүнүн сапатын сырттан баалоо боюнча сертификаты бар эксперттердин (анын ичинде чет өлкөлүк эксперттердин) маалымат базасы;

тɵмɵнкүдөй мазмундагы 10-13-пунктчалар менен толукталсын:

«10) аккредитациялоо чөйрөсүндө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар: башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн 10дон ашык окуу программаларына жүргүзүлгөн сынамык аккредитациялоо, эксперттерди окутуу жана сертификациялоо, аккредитациялоо маселелери боюнча семинарларды өткөрүү;

11) аккредитациялоо боюнча эксперттерди даярдаган эл аралык тренерлерди көрсөтүү, эксперттерди даярдоо боюнча таанылган эл аралык аккредитациялык агенттиктер менен келишимдер;

12) маалымат базасында эл аралык аккредитациялык агенттиктердин сертификатына ээ болгон 2ден кем эмес эксперт; 

13) эксперттерди даярдоо жана сертификациялоо боюнча билим берүү ишине берилген лицензиялар.»;

- 9-пунктунда:

«4-пунктунун» деген сөздөр «4 жана 5-пункттарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

тɵмɵнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

«Уюмду аккредитациялык агенттик катары таануу мөөнөтү 5 жылды түзөт. 

 Кайрадан таануу жол-жобосун өткөрүүдө ушул Тартиптин 4 жана 5-пункттарына шайкештигин ырастаган документтерден тышкары Агенттик сапатты камсыздоонун эл аралык тармактарында толук же ассоциацияланган мүчөлүгүн күбөлөндүргөн документти, кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерди жана сапатты камсыздоонун эл аралык тармактары сунуштаган көз карандысыз чет өлкөлүк аккредитациялоо боюнча эксперттин Агенттиктин иши тууралуу корутундусун милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш.»;

  • 14-пункту тɵмɵнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

«- сапатты камсыздоонун эл аралык тармактарына киргендиги тууралуу далилдердин жоктугу.»;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде: 

  • 1-пунктунда:

биринчи абзацы «аккредитациялоонун» деген сөздөн кийин «(институттук жана программалык аккредитациялоо)» деген сөздөр менен толукталсын;

тɵмɵнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

«Билим берүү уюмунун институттук аккредитациялоодон өтүшү аны программалык аккредитациялоодон өтүүдөн же тескерисинче программалык аккредитациялоодон өтүшү – институттук аккредитациялоодон өтүүдөн бошотпойт. Мында аккредитациялоонун эки түрү тең бир эле мезгилде өтүшү мүмкүн.

Бир эле мезгилде институттук жана программалык аккредитациялоодон өтүү тартибин билим берүү жаатындагы мамлекеттик орган иштеп чыгат жана бекитет.

Жаңыдан түзүлгөн билим берүү уюмдары алгач институттук аккредитациялоодон өтүшөт. Бүтүрүүчү курсу бар болсо – программалык аккредитациялоодон өтүшөт.»;

- 5-пунктундагы «Аккредитациялык агенттик (мындан ары - Агенттик)» деген сөздөр «Аккредитациялык агенттик катары таанылган уюм (мындан ары - Агенттик)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  • 19-пунктунда:

биринчи абзацындагы «5» деген цифра «25» деген цифра менен алмаштырылсын;

тɵмɵнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Өткөрүлгөн аккредитациялоонун жыйынтыктары боюнча Агенттиктин отчёттору чечим кабыл алынгандан кийин 5 иш күндүн ичинде толугу менен Агенттиктин сайтына жарыяланууга тийиш. Билим берүү уюмдары да арызды жана маанисин кароо үчүн документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө Агенттиктен билдирүү алгандан кийин 5 иш күндүн ичинде өзүн-өзү баалоо боюнча отчётторун өздөрүнүн сайтына жарыялоого тийиш.»;

  • 20-пунктунда:

үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «1 аккредитациялык стандарт боюнча талаптарга жооп бербеген учурда 3 жылдык мөөнөткө жана 2 аккредитациялык стандарт боюнча талаптарга жооп бербеген учурда кемчиликтерди четтетүү талабы менен 1 жылдык мөөнөткө сын пикирлер менен (шарттуу) аккредитациялоо.»;

тɵмɵнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«3 же 1 жылдык мөөнөткө сын пикирлер менен (шарттуу) аккредитациялоодо, аккредитациялоодон өтүүгө баш тартылганда билим берүү уюму бир жылдан эрте эмес мөөнөттө сын пикирлер менен (шарттуу) аккредитациялоо, аккредитациялоодон баш тартуу чечимин чыгарган Агенттикте кайрадан аккредитациялоодон өтүшү керек. Сын пикирлер менен (шарттуу) аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу лицензиялык текшерүүнү жүргүзүүнү талап кылат.»;

24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«24.  Билим берүү уюму комиссия тарабынан ага сырткы баалоо жүргүзүлгөнгө чейин аккредитация өткөрүү жөнүндө арызын кайтарып алууга укуктуу, мында аккредитациялоо үчүн төлөнгөн сумма кайтарылып берилбейт.»;

- 38-пунктунда  «алфавиттик» деген сɵз «хронологиялык» деген сɵз менен алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарда:

- тɵмɵнкүдөй мазмундагы 9-глава жана 25, 26-пункттар менен толукталсын:

«9. Институттук аккредитациялоодо билим берүү уюмунун финансылык каражаттарын пландоого жана башкарууга карата минималдуу талаптар

25. Билим берүү уюмунун миссиясына жана максатына жетишүү максатында билим берүү уюму финансылык каражаттарды башкарууну уюштурат. Билим берүү уюмундагы билим берүүнүн сапатын үзгүлтүксүз камсыздоо максатында финансылык чакырыктарга жана күтүлбөгөн жагдайларга өз убагында чара көрүү механизмдери бар. 

26. Башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында финансылык каражаттарды пландоо жана башкаруу критерийлери:

1) билим берүү уюмунун сапатын камсыздоо жана жетишкен деңгээлин кармап туруу үчүн билим берүү уюмунун финансылык каражаттары жетиштүү. Билим берүүнүн сапатын төмөндөтүүнүн эсебинен финансылык туруктуулукка жетишүүгө болбойт; 

2) окуучулар (студенттер), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга финансылык жардам ачык белгиленген максаттарга, милдеттерге ылайык ишке ашырылат. Окуучуларга (студенттерге), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга окуучулар (студенттер), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курам менен билим берүү уюмунун ортосундагы өз ара мамиле менен байланышкан бардык финансылык маселелер боюнча өз учурунда жана толук маалымат берилет;

3) билим берүү уюму жылдык жана стратегиялык финансылык пландоодо окуучуларга (студенттерге), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга финансылык жардам көрсөтүүнү эске алат;

4) билим берүү уюму финансылык каражаттарды пландоонун, башкаруунун натыйжалуулугун кепилдөөчү технологияларды колдонот. Билим берүү уюмунун бюджетин бөлүштүрүү болгон материалдык ресурстарды, учурдагы жана пландалуучу керектөөлөрдү баалоонун жана талдоонун негизинде жүргүзүлөт;

5) билим берүү уюму, анын уюштуруу түзүмүндө функциялык милдеттери так аныкталган квалификациялуу финансылык кызматкерлердин штатына ээ;

6) билим берүү уюму финансыны башкаруудагы ачыктыкты жана айкындуулукту, сарамжалдуу финансылык башкарууну, бюджетти негиздүү түзүүнү, тобокелдиктерди баалоонун жана контролдоонун ички механизмдерин кепилдейт; 

7) билим берүү уюмунун финансылык каражаттарынын олуттуу бөлүгү билим берүү, изилдөө ишин колдоого жана билим берүү уюмунун инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Билим берүү уюму өнүгүү үчүн зарыл болгон өз бюджетин пландуу түрдө көбөйтөт;

8) билим берүү уюму өзүнүн финансылык абалын сырттан жана ичтен баалоо механизмине ээ. Билим берүү уюму үзгүлтүксүз негизде финансылык аудиттен өтөт;

9) билим берүү уюмунун финансылык ресурстары билим берүү уюмун туруктуу өнүктүрүүгө түрткү берет (эмгек акы, коммуналдык, коммуникациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө, окутуучулардын жана персоналдын квалификацияларын жогорулатууга чыгымдар, билим берүү уюмун өнүктүрүүгө чыгымдар).».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                     М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу